Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жер астын-үстүн болобу?

Жер астын-үстүн болобу?

Окурмандардын суроолору

Жер астын-үстүн болобу?

▪ Айрымдар 2011-жылдын 21-октябрында жер астын-үстүн болуп жок болот деп ишенишкен. Бирок андай болгон жок. Ошентип, Америкада радиодо диктор болуп иштеген Харолд Кэмпиңдин айткандары ордунан чыкпай калды. Ал 2011-жылдын 21-майында Кудайдын сот күнү башталат деген. Анын айтканы боюнча, бүт дүйнө жүзүндө катуу жер титирөө болуп, беш ай өткөндөн кийин, 21-октябрда, жер астын-үстүн болуп жок болмок.

Бирок жер эч качан жок болбойт. Жерди жараткан Кудай буга жол бербейт. Ыйык Китепте: «Сен жерди бекем орнотконсуң, ошондуктан ал ордунда турат»,— деп жазылган (Забур 119:90).

Ыйык Китепти окуган айрым кишилер жогорудагы сөздөргө кошулбайт. Алар элчи Петирдин сөздөрүнөн улам жер күйүп жок болот деп ырасташат. Элчи Петир мындай деп жазган: «Азыркы асман менен жер ошол эле сөз боюнча отко, ыймансыз адамдар жок боло турган сот күнүнө сакталып турат... Жахабанын күнү ууру сыяктуу келет. Ал күнү асман шуулдаган үн менен жок болот. Асман менен жерди түзгөн нерселер катуу кызып, кыйратылат, ал эми жер жана андагы иштер ашкереленет» (2 Петир 3:7, 10). Бул сөздөрдү түзмө-түз түшүнүшүбүз керекпи?

Жок. Эмне үчүн? Бул сөздөрдү туура түшүнүү үчүн элчи Петирдин ушул сөздөрдү айтканга чейин жана кийин эмне дегенине көңүл бурушубуз керек. Анын сөздөрүн түзмө-түз түшүнө турган болсок, эбегейсиз чоң ааламдагы миллиарддап саналган жылдыздар жана башка нерселердин баары кичинекей эле Жер планетасында жашаган ыймансыз адамдардын айынан жок болуп кетмек. Мисалы, силер кумдун кичинекей эле бир бүртүгү жакпай калганы үчүн көлдүн жээгиндеги кумдун баарын жок кылып салат белеңер? Мындай кылуу акылсыздык болуп калмак. Ошол сыяктуу эле, Жахаба Кудай да ага баш ийбеген ыймансыз адамдар үчүн эле өзү жараткан кең ааламды жок кылып салбайт.

Андан сырткары, жер жок болот деген ырастоо Иса пайгамбардын: «Мүнөзү жумшактар бактылуу, анткени алар жерди мурасташат»,— деген сөздөрүнө каршы келет (Матай 5:5; Забур 37:29). Камкор, мээримдүү ата балдарына эң сонун үй куруп берип, кийин аны өрттөп салат беле? (Забур 115:16). Албетте, жок! Мындай кылуу эч кимдин оюна келмек эмес. Ырас, баарын жараткан Жахаба Кудайды мээримдүү атага салыштырууга болот (Забур 103:13; 1 Жакан 4:8).

Элчи Петир «жер» деген сөздү каймана мааниде колдонгон. Жогорудагы аятта бул сөз адамзат коомуна — ыймансыз адамдарга — карата колдонулган. Ал Нух пайгамбардын күндөрүндө болгон Топон суу жөнүндө да айтып өткөн (2 Петир 3:5, 6). Топон суу болгондо жер жок болгон эмес, ыймансыз адамдар гана жок болгон. Ошондой эле Нух пайгамбар үй-бүлөсү менен аман калган. Элчи Петир «асман» деген сөздү да каймана мааниде колдонгон. Аятта бул сөз Кудайга ишенбеген адамдардын үстүнөн бийлик жүргүзгөн өкмөттөрдү билдирет. Демек, элчи Петирдин сөздөрүнө ылайык, оңолгусу келбеген жаман адамдардын баары жана адилетсиздик менен бийлик жүргүзгөн өкмөттөр жок болот. Жер үстүнөн бир гана Кудайдын Падышалыгы бийлик жүргүзөт (Даниел 2:44).

Жер астын-үстүн болуп жок болобу? Жок. Каймана маанидеги жер, тактап айтканда, ыймансыз адамдар жок болот. Ал эми Жер планетасы түбөлүккө турат жана Кудайга баш ийген адамзат коому түбөлүк жашайт (Накыл сөздөр 2:21, 22).