Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

МУРУН тамеки өстүргөн кишиге ошол ишин таштаганга жана кан-жанына сиңип калган диний көз карашын өзгөрткөнгө эмне жардам берген? Ичкиликке берилип кеткен аялга ичкиликти таштап, жашоосун өзгөрткөнгө эмне түрткү берген? Келгиле, алардын айткандарына көңүл буралы.

«Чоң үй-бүлөгө кошулганыма кубанам» ДИНО АЛИ

ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1949

ӨЛКӨСҮ: АВСТРАЛИЯ

МУРУН: ТАМЕКИ ӨСТҮРЧҮ

МУРУНКУ ЖАШООМ. Ата-энем 1939-жылы Албаниядан Австралиянын Квинсленд штатындагы Мариба деген кичинекей шаарга көчүп келиптир. Ал жакта өздөрүнүн үрп-адатына, маданиятына карманган көптөгөн италиялыктар, сербиялыктар, босниялыктар, гректер жана башка өлкөлөрдөн келгендер отурукташып калган. Марибада тамеки өстүрүшчү; көп өтпөй ата-энем да тамеки өстүрө баштаптыр.

Марибага көчүп келгенден кийин улуу эжем, эки байкем, анан мен төрөлүптүрмүн. Тилекке каршы, бир жашымда атам жүрөгү кармап калып, каза болуптур. Кийин апам башка кишиге турмушка чыгып, андан дагы 4 балалуу болду. Ошентип, баарыбыз өгөй атамдын тамеки фермасында чоңойдук.

Өспүрүм куракка келгенде үйдөн кетип, өзүнчө жашай баштадым. 20 жашымда Сайми деген кызга үйлөндүм. Экөөбүз тең мусулман болгондуктан никебизди мечиттен кыйдырдык. Туугандарыбыздын баары ислам динин тутушчу. Мен Куранды жана Мухаммед пайгамбардын өмүр баяны жазылган китепти окучумун. Ошол эле учурда Ыйык Китепти да окуп жүрдүм. Куранда Ыйык Китепте айтылган пайгамбарлар жөнүндө жазылган. Ыйык Китепти окуганда ошол пайгамбарлардын кайсы убакта жашаганын түшүндүм.

Бир жолу үйүбүзгө Жахабанын Күбөлөрү келди. Алар дайыма журналдарды, китептерди алып келип берип турушчу. Сайми экөөбүз тең алардын адабияттарын окуганды жакшы көрчүбүз. Жахабанын Күбөлөрү менен динге байланыштуу ар кандай темада маектешип турчумун. Алар суроолорума дайыма Ыйык Китептин негизинде жооп беришчү. Ошонусуна аябай баа берчүмүн.

Жахабанын Күбөлөрү мага Ыйык Китепти изилдөөгө жардам бере аларын айтып, жыйналыш жолугушууларына да чакырып жүрүштү, бирок мен макул болчу эмесмин. Мен бала-чакам көп болсо, өзүмдүн тамеки фермам болсо дечүмүн. Ушул нерселер жашоомдо биринчи орунда турчу. Канча аракет кылсам да, көксөп келген фермага жеткен жокмун, бирок беш баланын атасы болдум.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ. Жахабанын Күбөлөрүнүн үйүмө келип жүргөнүнө 9 жылдай болуп калган, бирок мен өз диниме бекем карманып жүрдүм. Ошентсе да алардын адабияттарын баса калып окучумун. Жекшемби күндөрү Сайми экөөбүз алар алып келген адабияттарды окуганга атайын убакыт бөлчүбүз. Ошончо жылдан бери алган китеп-журналдардын баарын жыйнай берчүбүз. Башкалар мага кысым көрсөтүп, «буларды окуба, Жахабанын Күбөлөрүнө ишенбе» дешкенде, ошол адабияттардан окугандарым көз карашыма бекем карманганга жардам берди.

Мисалы, бир жолу евангелист менен сүйлөшүп калдым. Анын мага Иса пайгамбарды өзүңдүн Куткаруучуң катары кабыл алышың керек деп, өз оюн таңуулаганы эсимде. Ал кайним менен инимди көндүрүп, өз динине тартып кетти. Ошондон көп өтпөй башка динди туткан тааныштарым да мени өздөрүнүн динин кабыл алууга үндөй башташты. Алардын айрымдары атүгүл Жахабанын Күбөлөрүн жамандаган адабияттарды да беришти. Алардан өздөрү таратып жүргөн окуулар Ыйык Китепке негизделгенин Ыйык Китептин өзүнөн окуп беришин сурансам, суроомо жооп бере алышкан жок.

Ушунун баары мага Жахабанын Күбөлөрүнөн алган адабияттарды колдонуп, Ыйык Китепти мурункудан да тереңирээк изилдегенге түрткү берди. Акыры, бир чечимге келип, иш-аракет кылышым керектигин түшүндүм.

Ошентип, Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштарына бара баштадым, бирок Ыйык Китепти алар менен изилдей элек болчумун. Жыйналыштарга жаңы бара баштаганда аябай уялып, тынчсыздана берчүмүн, бирок ал жактагылар мага аябай жакшы мамиле кылышчу, жолугушууларда айтылгандар да абдан жакчу. Убакыттын өтүшү менен 1981-жылы Жахабанын Күбөсү болуш үчүн өмүрүмдү Кудайга арнап чөмүлтүлдүм.

Жубайым чечимиме каршы болбосо да: «Алданып калган жоксуңбу?» — деп шек санап жүрдү. Ошентсе да ал, чөмүлтүлгөнүмдү көрүш үчүн, жыйынга келди. Мен ага Ыйык Китептен окуп-билгендеримди айта берчүмүн. Ошондон бир жылдай өткөндөн кийин экөөбүз өргүүдөн келе жатканда, ал мага Жахабанын Күбөсү болгусу келерин айтты. Ошондогу сүйүнгөнүмдү айтпа! Ал 1982-жылы Жахабанын Күбөсү болду.

Жашоомду өзгөртүү оңой болгон жок. Тамеки өстүрүү Ыйык Китептеги мыйзамдарга каршы келгендиктен, өстүрбөй калдым (2 Корунттуктар 7:1; Жакып 2:8). Үй-бүлөмдү багыш үчүн ылайыктуу жумуш тапканга бир топ убакыт кетти. Ошондой эле айрым туугандарыбыз биз менен катышпай калышты. Ошого карабай аларга, Ыйык Китептен билгендерибизге ылайык, жакшы мамиле кылганга аракет кыла бердик. Акыры, алар жумшарып, биз менен кайрадан катыша башташты.

КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ? Башыман көп нерсе өттү. Уялчаактыгым менен дагы деле күрөшүп келем. Акча жагынан кыйналган, туугандарымдын каршылыгына туруштук бергенге туура келген учурлар болду. Бирок ошондой учурларда Жахаба Кудайдын мага жардам берип жатканын түшүндүм. Азыр жыйналышта аксакал болуп кызмат кылам. Сахнага чыгып сүйлөгөндүктөн, катуу тынчсызданганда кекечтене баштайм, ошон үчүн эл алдына чыгып сүйлөгөндөн кыйналам. Жахаба Кудайдан жардам сурап дайыма тиленгендин аркасында жыйналыштагы сыймыктуу жоопкерчилигимди ийгиликтүү аткарып келе жатам.

Жубайым экөөбүз мурункудан да ынак болуп калдык. Жахабанын Күбөсү болгонго чейин балдарыбызды туура эмес тарбиялап келиптирбиз, бирок Ыйык Китептен окуп-билгендерибизди балдарыбызга айтып, аларды Кудайдын жолунда тарбиялоого колубуздан келишинче аракет кылдык (Мыйзам 6:6—9). Учурда тун уулум жубайы менен башка өлкөдө миссионер болуп кызмат кылат.

Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышына үй-бүлөм менен жаңыдан бара баштаган маалда болгон бир окуя эсимде. Машинени токтотуп, жыйналыш өткөн жайдагы кишилерди карап, үй-бүлөмө: «Карагылачы!» — деп, ошол жердегилерге суктандым. Залда маданияты, тек жайы, тили ар башка болгон Австралиянын жергиликтүү тургундары, албаниялыктар, австралиялыктар, хорваттар — баары аралашып, бири-бири менен жакын достордой болуп, пикир алышып жатышыптыр. Мен Австралияда эле эмес, бүт дүйнө жүзүндө жашаган чоң үй-бүлөгө кошулганыма кубанам! (1 Петир 5:9).

«Эжем мага кол шилтеп койгон жок» ЕЛЕНА ВЛАДИМИРОВНА СЁМИНА

ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1952

ӨЛКӨСҮ: ОРУСИЯ

МУРУН: ИЧКИЛИККЕ БЕРИЛИП, ӨМҮРҮН КЫЮУГА АРАКЕТ КЫЛГАН

МУРУНКУ ЖАШООМ. Мен Москвадан анча алыс эмес жерде жайгашкан Красногорск деген тынч шаарда төрөлгөм. Ата-энем мугалим болчу. Мектепте жакшы окучумун, музыкалык да билим алгам. Келечегим кеңдей эле көрүнчү.

Турмушка чыккандан кийин, жолдошум менен башка жакка көчүп бардык. Ал жерде жашаган адамдар үчүн сөгүнүү, ичкиликти ченемсиз ичүү, тамеки тартуу кадимки эле нерсеге айланып калыптыр. Тегерегимдегилердин мага терс таасир тийгизиши мүмкүн экенине башында көп деле маани бербептирмин. Жаңы барганда кечелерге жөн эле ырдаганы, гитара черткени барчумун. Бир жолу ошондой кечелердин биринде элдин кысымына алдырып, тамеки тартып, арак ичип көрдүм. Ошентип отуруп, аракка берилип кеттим.

Ичкилик акырындык менен турмушумду талкалай баштады. Көп өтпөй бөтөлкөнүн түбүнө түшүп кеттим, ушунчалык катуу ичип кеткендиктен тамак да иче албай калдым. Жашоого тоюп, өлгүм келди. Атүгүл бир жолу өмүрүмдү кыйганга аракет кылдым. Ошондо өлбөй калганыма Кудайга ыраазычылык билдирем.

Ошол учурларда эжем үйгө бат-баттан келип турду. Ал Жахабанын Күбөсү болгондуктан, Ыйык Китептеги кеңештердин мага жардам берерин айта берер эле. Бирок анын айткандарын уккум келчү эмес, ошон үчүн анын үйүмө келишин каалачу эмесмин. Ошого карабай эжем мага кол шилтеп койгон жок. Анын чыдамкайлыгынын, боорукердигинин аркасында, акыры, Ыйык Китепти изилдегенге макул болдум.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ. Ыйык Китепти изилдей баштаганда өзүмө ичкиликти таштайм деп убада бердим. Бир жолу кошунам мас болуп алып, мени катуу сабап таштагандыктан, оор абалда ооруканага жатып калдым. Төрт кабыргам сынып, бир көзүмө доо кетиптир. Бирок ооруканада жатып дарыланганым ичкиликти таштагандан кийин боло турган жан кыйнаган катуу оору менен күрөшүүгө жардам берди.

Ошол маалда Кудайга зар какшап тынбай тиленип жаттым. Мага Ыйык Китептеги: «Терең ордон ысмыңды чакырдым, оо, Жахаба. Сен үнүмдү угасың. Жеңилдик беришиңди өтүнгөнүмдө, жардамга чакырганымда, кулагыңды жаап алба»,— деген сөздөр кадимкидей күч берди (Жеремиянын ыйы 3:55, 56).

Жахаба Кудайдын ошондогу тиленүүмө жооп бергенине кымындай да шектенбейм. Ал мага кайра ичип кетпегенге жардам берди. Анткен менен арак ичкенге азгырылган күндөр болбой койгон жок. Бирок аракты таштагандан кийин бир да жолу оозума алган жокмун.

Ыйык Китепти изилдей баштаганда күйөөмдү үй-бүлө башчысы катары сыйлап, аны колдошум керектигин түшүндүм (1 Петир 3:1, 2). Бирок бул мен үчүн оңойго турган жок, анткени аны башкарып көнүп алгам. Ошондой учурларда да Жахаба Кудайга жардам сурап кайрылчумун. Албетте, бир эле күндө башка киши боло калган жокмун, бирок акырындык менен оңолуп, күйөөмдү урматтаганды үйрөндүм.

Менин ушунчалык өзгөргөнүмдү көрүп, күйөөм аябай таң калып жүрдү. Буга чейин ал Ыйык Китепке көп деле кызыкчу эмес. Бара-бара тамекини таштоону да чечтим, ошондо ал мага: «Сен тамекини таштаган күнү Ыйык Китепти изилдей баштайм»,— деп айтты. Экөөбүз тең тамекини бир күндө таштадык.

КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ? Күйөөм сөзүнө туруп, Ыйык Китепти изилдей баштады. Азыр экөөбүз Ыйык Китепти күнүгө чогуу окуйбуз, билгендерибизди жашообузда колдонгонго аракет кылабыз.

Күйөөм экөөбүздүн мамилебиз канчалык жакшырганын сөз менен айтып жеткире албайм, өзүмдүн оңолгонумду айтпай эле коёюн. Мен Жахаба Кудайга өзүн таанып-билгенге мүмкүнчүлүк бергенине чексиз ыраазымын (Жакан 6:44). Ошондой эле эжеме менден үмүтүн үзүп, бул оңолбойт деп кол шилтеп койбогону үчүн терең ыраазымын. Ыйык Китептин адамдардын жашоосун өзгөртө аларына өз тажрыйбамдан ынанып турам.

[11-беттеги сүрөт]

Бир чечимге келип, иш-аракет кылышым керектигин түшүндүм

[13-беттеги сүрөт]

Эжемдин чыдамкайлыгынын, боорукердигинин аркасында, акыры, Ыйык Китепти изилдегенге макул болдум