Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Иса пайгамбардын окуулары коомго кандай таасир этет?

Иса пайгамбардын окуулары коомго кандай таасир этет?

Иса пайгамбардын окуулары коомго кандай таасир этет?

БУГА чейинки макалалардан билгенибиздей, Иса пайгамбардын чыныгы жолдоочулары саясатка аралашпайт. Ошондой болсо да алар адамдардын жыргалчылыгына кайдыгер карашпайт. Муну алар кантип көрсөтүшөт? Мунун бир жолу — Иса пайгамбардын буйругуна ылайык иш кылуу. Ал мындай деген: «Баргыла да, бардык элдерден шакирт даярдагыла. Аларды Атанын, Уулдун жана ыйык рухтун атынан чөмүлдүргүлө, ошондой эле аларга силерге буйруганымдын баарын аткарууну үйрөткүлө» (Матай 28:19, 20).

Иса пайгамбардын «шакирт даярдоо» жөнүндө айткандары менен «силер жердин тузусуңар», «дүйнөнүн жарыгысыңар» деген сөздөрүнүн ортосунда байланыш бар (Матай 5:13, 14). Кандай байланыш бар? Иса пайгамбардын жолдоочулары жүргүзүп жаткан иш адамдарга кандай таасир этет?

Иса пайгамбардын окуулары коргойт жана жарык чачат

Туздун тамак-ашты, мисалы, этти бузулуудан сактай турган касиети бар. Ошол сыяктуу эле, Иса пайгамбар өзүнүн жолдоочуларына бардык улуттагы адамдарга таратууну буйруган жакшы кабар да адамдарды көп нерседен коргойт. Иса пайгамбардын окууларын кабыл алып, ошого жараша иш-аракет кылгандар өздөрүн азыркы заманда кадимки эле көрүнүш болуп калган адеп-ахлаксыздыктан коргой алышат. Кандайча? Алар ден соолукка зыян келтирген нерселерди, алсак, тамекини таштай алышат. Ошондой эле сүйүү, тынчтык, чыдамкайлык, боорукердик сыяктуу сапаттарды өрчүткөнгө, башкаларга жакшылык кылганга үйрөнүшөт (Галатиялыктар 5:22, 23). Ушунун аркасында алар коомго пайдасын тийгизишет. Чынында эле, Иса пайгамбардын жолдоочулары жакшы кабарды таратуу менен элдин жыргалчылыгын көздөй тургандыгын көрсөтүп жатышат.

Ал эми Иса пайгамбардын жарык жөнүндө айткандары эмнени билдирет? Ай күндүн жарыгын чагылдыргандай эле, Иса пайгамбардын жолдоочулары Жахаба Кудайдан келген «жарыкты» чагылдырышат. Алар жакшы кабарды таратуу жана жакшы иштерди кылуу менен «дүйнөнүн жарыгы» болушат (1 Петир 2:12).

Иса пайгамбар дүйнөнүн жарыгы болуу менен анын шакирти болуунун ортосунда кандай байланыш бар экенин көрсөтүп, мындай деген: «Адамдар чыракты күйгүзүп, үстүнө өлчөгүч идишти көмкөрүп коюшпайт, аны чыракпаяга коюшат. Ошондо жарык үйдүн ичиндегилердин баарына тиет... Силердин да жарыгыңар алардын [адамдардын] алдында жаркырап турсун». Ооба, чыракты бөлмөнүн ичиндегилердин баарына жарык болгудай жерге коёт. Анын сыңарындай, Иса пайгамбардын жолдоочулары айтып жаткан жакшы кабар жана алардын жакшы иштери баарына байкалгыдай болушу керек. Эмне үчүн? Иса пайгамбар айткандай, башкалар алардын жакшы иштерин көрүп, аларды эмес, Кудайды даңкташат (Матай 5:14—16).

Баары жооптуу

Иса пайгамбар «силер дүйнөнүн жарыгысыңар» жана «силердин... жарыгыңар... жаркырап турсун» дегенде бардык жолдоочулары жөнүндө айткан. Анын бул сөздөрү кайсы бир динди туткан айрым адамдарга эле тиешелүү эмес. Анын жолдоочуларынын баары «жарык» болуп эсептелет. 235 өлкөдө жашаган 7 000 000дон ашуун Жахабанын Күбөсү Иса пайгамбардын кабар айтуу жөнүндөгү тапшырмасын аткарууга баары жооптуу экенин жакшы түшүнүшөт.

Алар эмне жөнүндө кабар айтышат? Иса пайгамбар өзүнүн жолдоочуларына кабар айтуу жөнүндө тапшырма бергенде алардын коомдук же саясий өзгөрүүлөр жөнүндө кабар айтышын, мамлекет менен кызматташышын же кайсы бир идеологияны жакташын айткысы келген эмес. Ал: «Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат»,— деген (Матай 24:14). Мына ошондуктан анын чыныгы жолдоочулары бүгүнкү күндө Кудайдын Падышалыгы жөнүндө — Шайтан башкарып жаткан дүйнөнү жок кылып, адилдик өкүм сүргөн жаңы дүйнөнү орното турган жалгыз өкмөт жөнүндө — кабар айтып жатышат.

Инжилден Иса пайгамбардын жолдоочуларына тиешелүү эки нерсе жөнүндө окуй алабыз. Алар кийинки макалада талкууланат.

[8-беттеги сүрөт]

Жакшы кабарды эмне үчүн тузга салыштырсак болот?

[9-беттеги сүрөт]

Жакшы кабарды эмне үчүн чыракка салыштырсак болот?