Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Иса пайгамбар саясатка кандай караган?

Иса пайгамбар саясатка кандай караган?

Иса пайгамбар саясатка кандай караган?

ИНЖИЛДЕГИ билдирүүлөрдөн Иса пайгамбардын саясатка кандай караганын билүүгө болот. Мисалы, ал отуз жаштарында чөмүлтүлгөндөн кийин, Шайтан ага дүйнөнүн башкаруучусу болууну сунуштаган. Кийинчерээк эл аны падыша кылгысы келген. Андан көп өтпөй дагы башкалар аны саясий иштерге аралаштырууга аракет кылышкан. Ошондо Иса пайгамбар эмне кылды эле? Келгиле, ал окуяларды карап чыгалы.

Дүйнөнүн башкаруучусу болууну сунуштаганда... Инжилде Шайтандын Иса пайгамбарга «дүйнөдөгү бардык падышалыктарды» сунуштаганы жазылган. Ойлонуп көрсөңөр, эгер ал дүйнөнүн башкаруучусу боло турган болсо, азап-кайгыдан арыла албай жаткан адам баласы үчүн кандай сонун нерселерди жасап бермек! Элдин камын ойлоп, алардын көйгөйлөрүн чечип бергиси келген киши мындай сунушту четке какмак эмес болуш керек. Бирок Иса пайгамбар четке каккан (Матай 4:8—11).

Падыша кылгысы келгенде... Иса пайгамбардын убагындагы адамдар экономикалык, саясий көйгөйлөрдү чечип бере турган падышанын болушун эңсеп келишкен. Ошондуктан анын кылган иштерин көргөн эл аны падыша кылгысы келген. Иса пайгамбар эмне кылган? Инжилде жазылгандай, ал алардын «аны падыша кылыш үчүн кармаганы жатышканын билгенде кайрадан өзү жалгыз тоого кетип калган» (Жакан 6:10—15). Ооба, Иса пайгамбар падыша болгусу келген эмес.

Саясий иштерге аралаштыргысы келгенде... Иса пайгамбар өлүмгө кыйылар алдында кандай окуя болгонун карап көрөлү. Рим империясынан көз карандысыз болгусу келген фарисейлердин шакирттери менен Ироддун жактоочулары, тагыраак айтканда, Рим бийлигин жактаган саясий партиянын мүчөлөрү Иса пайгамбарга келип, анын кайсы тарапты ээлээрин билиш үчүн, ага суроо беришкен. Алар андан: «Падышага киши башына төлөнчү салыкты төлөө туурабы же туура эмеспи?» — деп сурашкан.

Иса пайгамбардын аларга эмне деп жооп бергенине көңүл бурсаңар. Ал: «Мени эмнеге сынап жатасыңар? Мага динар алып келип көрсөткүлөчү»,— деген. Ага бир динар алып келип беришкенде, ал: «Бул жерде кимдин сүрөтү тартылып, кимдин аты жазылган?» — деп сураган. Алар: «Падышанын»,— дешкенде, Иса пайгамбар аларга: «Анда падышага тиешелүүнү падышага, Кудайга тиешелүүнү Кудайга бергиле»,— деген (Марк 12:13—17). Иса пайгамбардын эмне үчүн ошентип жооп бергени жөнүндө бир китепте мындай делет: «Ал саясатка аралашкысы келген эмес жана падышага тиешелүү нерсе менен Кудайга тиешелүү нерсенин ортосундагы чекти айкын көрсөткөн» («Church and State—The Story of Two Kingdoms»).

Иса пайгамбардын саясатка аралашпаганы адамдардын жакырчылыкта жашап жатканына, адилетсиздикке жана мыйзамсыздыкка кайдыгер караганын билдирген эмес. Ыйык Китептен анын кыйналып жаткан адамдарды көргөндө боору ачыганын биле алабыз (Марк 6:33, 34). Бирок ал адилетсиздикти жок кылыш үчүн кандайдыр бир иш-аракеттерди кылган эмес жана ар кандай талаш маселелерге кийлигишкен эмес.

Жогорудан билгенибиздей, Иса пайгамбар саясатка эч аралашкан эмес. Ал эми бүгүнкү күндөгү анын жолдоочулары жөнүндө эмне десе болот? Алар саясатка аралашышы керекпи?