Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайга ишенген, ошол эле учурда өкмөткө баш ийген жарандардан болууга эмне жардам берет?

Кудайга ишенген, ошол эле учурда өкмөткө баш ийген жарандардан болууга эмне жардам берет?

Кудайга ишенген, ошол эле учурда өкмөткө баш ийген жарандардан болууга эмне жардам берет?

ИСА ПАЙГАМБАРДЫН жерде жүргөндө кылган иштеринен кайсы эки нерсени көрүүгө болот? Биринчиден, анын саясий түзүлүштү эмес, адамдардын ой жүгүртүүсүн өзгөрткөнгө умтулганын биле алабыз. Мисалга анын бир жолу көп элдин алдында айткан насаатында эмнени баса белгилегенине токтолуп көрөлү. Ал өзүнүн жолдоочуларын жарыкка жана тузга салыштырса болору жөнүндө сөз кылгандан кийин «рухий муктаждыктарын сезгендердин» чындап бактылуу болорун айткан. Ошондой эле: «Мүнөзү жумшактар... жүрөгү тазалар... тынчтыкка умтулгандар бактылуу»,— деген (Матай 5:1—11). Ал өзүнүн жолдоочуларына ой жүгүртүүсүн жана көз карашын Кудайдын мыйзамдарына ылайык өзгөртүү жана Кудайга чын жүрөктөн кызмат кылуу маанилүү экенин түшүнгөнгө жардам берген.

Экинчиден, Иса пайгамбардын азап чегип, кыйналып жаткан адамдарды көргөндө жаны кейип, аларга кыйынчылыктарынан убактылуу болсо да арылганга жардам бергенин биле алабыз. Бирок ал азап-кайгыны түп-тамыры менен жок кылууга аракеттенген эмес (Матай 20:30—34). Иса пайгамбар оорулууларды айыктырган, бирок оору биротоло жок болуп кеткен эмес (Лука 6:17—19). Адилетсиздикке кабылган адамдарга жардам берген, бирок адилетсиздик өкүм сүрө берген. Ачкаларды тойгузган, бирок адамзат жакырчылыкта жашай берген (Марк 6:41—44).

Ой жүгүртүүсүн өзгөртүү жана иш жүзүндө жардам берүү

Чынында эле, Иса пайгамбар адамдарга ой жүгүртүүсүн өзгөрткөнгө жана кайгы-кападан убактылуу болсо да арылганга жардам берген, бирок саясий түзүлүштү өзгөртүп же азап-кайгыны биротоло жок кылууга умтулган эмес. Эмне үчүн? Себеби Кудай өзүнүн Падышалыгы аркылуу жакында бардык өкмөттөрдү жок кылып, адамзатты азап-кайгыдан биротоло арылтарын жакшы билген (Лука 4:43; 8:1). Ошондуктан бир жолу анын шакирттери ага убактысынын көбүн оорулууларды айыктырганга жумшашын айтышканда, ал аларга: «Башка жактарга, жакын жердеги шаарчаларга да баралы. Мен ошол жерлерде да кабар айтышым керек, анткени ошон үчүн келгем»,— деген (Марк 1:32—38). Ооба, ал ар кандай оорунун айынан азап тарткан адамдарды сакайткан, бирок биринчи кезекте Кудайдын кабарын айтып, адамдарды окутканга умтулган.

Жахабанын Күбөлөрү да Иса пайгамбардан үлгү алышат. Алар жардамга муктаж адамдарга иш жүзүндө жардам берип, кандайдыр бир деңгээлде кайгысынан арылганга жардам беришет. Бирок дүйнөдө болуп жаткан адилетсиздикти жок кылууга аракет кылышпайт. Анткени адамзат туш болуп жаткан көйгөйлөрдүн баарын Кудайдын Падышалыгы гана түп-тамыры менен жок кыларына ишенишет (Матай 6:10). Алар да, Иса пайгамбардай болуп, саясий түзүлүштү өзгөрткөнгө аракет кылышпайт. Алар адамдарга ой жүгүртүүсүн өзгөрткөнгө жардам беришет. Себеби адамзаттын көйгөйүнүн тамыры саясатта эмес экенин, адамдарга биринчи кезекте ой жүгүртүүсүн өзгөрткөнгө жардам берүү маанилүү экенин билишет.

Өкмөткө баш ийген жарандар

Жахабанын Күбөлөрү саясатка аралашпаса да, өкмөткө баш ийүүгө милдеттүү экенин жакшы түшүнүшөт. Ошондуктан алар бийлик башындагыларды урматташат. Адабияттары аркылуу жана кабар айтып жүрүшкөндө алар адамдарды мыйзамга баш ийүүгө үндөшөт. Бирок өкмөт чыгарган мыйзам Кудайдыкына карама-каршы келгенде, Жахабанын Күбөлөрү «адамдарга эмес, биринчи кезекте... Кудайга баш ийишет» (Элчилер 5:29; Римдиктер 13:1—7).

Алар Ыйык Китепти изилдегиси келген адамдардын баарына Ыйык Китепти бекер изилдегенге жардам беришет. Мунун аркасында миллиондогон кишилер ой жүгүртүүсүн өзгөртүп, кылып жүргөн жаман иштерин таштап жатышат. Мисалы, тамеки чегүүдөн, ичкиликти ченемсиз ичүүдөн, баңгизат колдонуудан, кумар оюндарын ойноодон, жыныстык адеп-ахлаксыздыктан баш тартып жатышат. Алар Ыйык Китептеги мыйзамдарды иш жүзүндө колдонгондуктан өкмөткө баш ийген, адеп-ахлактуу жарандардан болушууда. (Ушул журналдын 18-бетиндеги «Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат» деген макаланы карагыла.)

Ошондой эле Ыйык Китептеги билим жубайларга бири-бирин урматтаганга, өздөрүнүн жана балдары менен болгон мамилесин чыңдаганга, балдарга болсо бири-бири менен ынтымакта болгонго жардам берет. Бул үй-бүлөнү бекемдейт. Ал эми үй-бүлө бекем болсо, коом да бекем болот.

Ушул макалаларды окуп чыккандан кийин кандай жыйынтыкка келдиңер? Кудай дин менен саясаттын биргелешип иш жүргүзүшүн колдойбу? Мунун жообу айдан ачык: Кудай колдобойт. Бирок Кудайга ишенген кишилер бийликке баш ийген жарандардан болушу керекпи? Ооба, болушу керек. Аларга ошондой жарандардан болгонго эмне жардам берет? Иса пайгамбардын «силер жердин тузусуңар», «дүйнөнүн жарыгысыңар» деген сөздөрүнө ылайык иш кылуу жардам берет.

Иса пайгамбардын айткандарына ылайык иш кылуу менен өзүбүз да пайда алабыз, үй-бүлөбүзгө да пайда алып келебиз. Ошондой эле коомдун жакшырышына өбөлгө түзөбүз. Эгер Ыйык Китептеги билим жөнүндө көбүрөөк билгиңер келсе, өзүңөр жашаган жердеги Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылсаңар болот *.

[Шилтеме]

^ 12-абз. Жахабанын Күбөлөрү менен www.ps8318.com веб-сайты аркылуу да байланышсаңар болот.

[10-беттеги кыстырма]

Иса пайгамбар саясий түзүлүштү эмес, адамдардын ой жүгүртүүсүн өзгөрткөнгө умтулган

[11-беттеги кыстырма]

Жахабанын Күбөлөрү өкмөткө баш ийүүгө милдеттүү экенин жакшы түшүнүшөт