Кудай адилетсиздикти жек көрөт
Жаш окурмандарга
Кудай адилетсиздикти жек көрөт
Көрсөтмө: бул көнүгүүнү тынч жерде аткар. Төмөндө берилген аяттарды окуп жатканда андагы каармандардын үнүн угуп, кандай сезимде болушканы жөнүндө ойлонуп, өзүңдү окуяга катышып жаткандай элестет.
Негизги каармандар: Ахап, Изабел, Набот, Илияс пайгамбар
Кыскача маалымат: Ахап Набот деген кишинин жүзүмзарын ээлеп алыш үчүн, аялы Изабелдин тилине кирип, аны өлтүртөт.
1 ОКУЯЛАРДЫ ТАЛДА. 1 ПАДЫШАЛАР 21:1—26-АЯТТАРДЫ ОКУ.
Бул аяттарда айтылган төрт кишини кандай элестетесиң?
Ахап _______
Изабел _______
Набот _______
Илияс пайгамбар _______
Сенин оюңча, Изабел Ахап менен сүйлөшкөндө кантип сүйлөгөн? Ал эми Ахап кантип сүйлөгөн? (1 Падышалар 21:5—7-аяттар)
_______
1 Падышалар 21:13-аятта жазылгандарды сүрөттөп бер.
_______
Илияс пайгамбар Ахапка жолукканда аны менен кантип сүйлөшкөн деп ойлойсуң? Ал эми Ахап аны менен кантип сүйлөшкөн? (1 Падышалар 21:20—26-аяттар) _______
_______
2 ТЕРЕҢ ОЙ ЖҮГҮРТ.
1 Падышалар 21:7, 25-аяттан Изабелдин кандай аял болгону көрүнүп турат? _______
1 Падышалар 21:4-аяттан Ахаптын кандай киши болгону көрүнүп турат? _______
Наботтун жүзүмзарын ээлеп алыш үчүн Ахап Наботтон тышкары дагы кимдерди өлтүрткөн? (2 Падышалар 9:24—26-аяттарды оку.) _______
Ахап Жахабанын көз алдында кандай адам болгон? (2 Падышалар 21:25, 26-аяттарды дагы бир жолу оку. Ошондой эле 1 Падышалар 16:30—33-аяттарды да кара.) _______
_______
3 БИЛГЕНДЕРИҢДИ ИШ ЖҮЗҮНДӨ КОЛДОН. ТӨМӨНКҮЛӨРГӨ БАЙЛАНЫШТУУ ЭМНЕЛЕРГЕ ҮЙРӨНГӨНҮҢДҮ ЖАЗ.
Жахабанын адилетсиздикке кандай караарына байланыштуу. _______
_______
Жахабанын адилетсиздикке кабылгандарга кандай караарына байланыштуу. _______
_______
Жахабанын «адилетсиздик кылбасын» эмнеден билсек болот? (Мыйзам 32:4тү оку.) _______
_______
4 КАНТИП КОЛДОНСОҢ БОЛОТ?
Айрымдар кантип Изабелдей болуп калышы мүмкүн? (Аян 2:18—21-аяттарды оку.) _______
_______
Кандай жагдайларда, Илияс пайгамбардай болуп, эр жүрөк болушуң керек? _______
_______
Адилетсиздик болуп жатканын көргөндө же сага да бирөө адилетсиз мамиле кылганда, эмнеден шек санабасаң болот? _______
_______
5 БУЛ БИЛДИРҮҮДӨН САГА ӨЗГӨЧӨ КАЙСЫ ОЙ ЖАКТЫ ЖАНА ЭМНЕ ҮЧҮН?
_______
Кеңеш: бул окуяны жаңылыктарды алып барган кабарчыдай болуп баянда. Негизги каармандардан, күбөлөрдөн дил маек ал. Дил маекти кагаз бетине жаз.
www.ps8318.com ВЕБ-САЙТЫНАН
ЫЙЫК КИТЕПТИ ОКУСА БОЛОТ
БУЛ РУБРИКАНЫ КӨЧҮРҮП ЖЕ ЧЫГАРЫП АЛСА ДА БОЛОТ