Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай — биздин «Атабыз»

Кудай — биздин «Атабыз»

Кудай — биздин «Атабыз»

«Ата» деген сөздү укканда кандай атаны элестетесиңер? Үй-бүлөсүнүн жыргалчылыгын ойлогон, мээримдүү, боорукер атаныбы? Же өз милдетин аткарбаган, таш боор атаныбы? Бул суроого кандай жооп берериңер силердин атаңардын кандай киши болгонунан көз каранды.

ИСА пайгамбар элге Кудай жөнүндө айтып берип жатканда же өзү Кудайга кайрылып тиленгенде «ата» деген сөздү көп айтчу *. Ал өзүнүн шакирттерине кантип тилениш керектигин үйрөтүп жатып, Кудайга «Ата» деп кайрылууга чакырган (Лука 11:2). Жахаба Кудайды кандай атага салыштырса болот? Бул суроого жооп алганыбыз абдан маанилүү. Эмне үчүн? Себеби Жахаба Кудайдын кандай ата экенин жакшы билсек, аны менен ошончолук ынак болуп, ага болгон сүйүүбүздү арттыра алабыз.

Асмандагы Атабыздын кандай экенин Иса пайгамбардан башка эч ким жакшы билбейт. Анткени ал Атасы менен абдан ынак мамиледе болгон. Ал: «Уулун Атасынан башка эч ким жакшы билбейт, ошондой эле Атасын Уулунан жана Уулу кимдерге ачып бергиси келсе, ошолордон башка эч ким жакшы билбейт»,— деген (Матай 11:27). Демек, Кудайдын кандай Ата экенин Иса пайгамбардын жашоосунан, айткан сөздөрүнөн биле алабыз.

Иса пайгамбардын айткандарынан асмандагы Атабыз жөнүндө эмнелерди биле алабыз? Анын айткандарына көңүл бурсаңар: «Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди» (Жакан 3:16). Иса пайгамбардын бул сөздөрүнөн Кудайдын эң негизги сапаты сүйүү экенин билүүгө болот (1 Жакан 4:8). Жахаба Кудайдын сүйүүсүн бизди колдогонунан, боор ооруу менен мамиле кылганынан, коргогонунан, тарбиялаганынан жана кам көргөнүнөн биле алабыз.

Атабыз бизди колдойт

Ата-эненин баласын колдоп турганы балага күч берет жана ошондо бала өзүн ишенимдүү сезет. Иса пайгамбарга Атасынын: «Бул — менин сүйүктүү Уулум, мен Уулумду колдойм»,— деген сөздөрү кандай гана дем-шык бергенин элестетсеңер! (Матай 3:17). Иса пайгамбар Кудайдын бизди да сүйөрүнө жана колдой турганына бекем ишенсек болорун айткан. Ал: «Мени сүйгөндү Атам сүйөт»,— деген (Жакан 14:21). Бул сөздөр бизди кайраттандырбайбы? Бирок бизди кайратыбыздан тайдыргысы келген бирөө бар.

Шайтан асмандагы Атабыздын бизди колдой турганына күмөн санатууга аракет кылат. Ал Кудайдын колдоосуна татыктуу экенибизге шектенишибизди каалайт. Шайтан көбүнчө ооруга чалдыкканыбызда, жашыбыз өр тартып калганда, ойлогон ойлорубуз ишке ашпай калганда же көңүл кайтыкка учураганыбызда ушуга ишендиргиси келет. Өзүн Кудайдын колдоосуна татыксыз сезген Лукас деген жигиттин айтып бергендерин карап көрөлү. Лукастын ата-энеси аны кичинекейинен туура иштерди кылганга үйрөтүп келишкен. Бирок Лукас өспүрүм куракка келип калганда, алар өздөрү үйрөткөн нерселерге ылайык келбеген иштерди кыла башташкан. Ошондон улам анын Кудай менен болгон мамилеси сууп калган. Ошондой эле Лукастын мүнөзү чорт болчу. Ошонун айынан башкалар менен тил табыша алчу эмес. Ошондой болсо да сабырдуу, дайыма колдоп турган, «Кудай берген баа жеткис белек» деп эсептеген жубайынын жардамы менен бара-бара чорт кыялын таштаган. Андан тышкары, Лукас Иса пайгамбардын «дүйнөгө күнөөкөрлөрдү куткаруу үчүн келгенин» түшүнгөн (1 Тиметей 1:15). Ал Кудайдын аны сүйөрү, колдой турганы жөнүндө ой жүгүрткөндө жан дүйнөсү тынчып, көңүлү көтөрүлүп калат.

Кээде Жахаба Кудайдын силерди сүйөрүнө, колдой турганына шектенгенде Ыйык Китептеги Римдиктер китебинин 8-бөлүмүнүн 31—39-аяттарында жазылган сөздөрдү окуп, ой жүгүртсөңөр, ал сөздөр силерди кайраттандырышы мүмкүн. Элчи Пабылдын ал жерде жазылган сөздөрү «эч бир нерсе бизди Кудайдын Мырзабыз Машаяк Иса аркылуу көрсөткөн сүйүүсүнөн ажырата албасына» ынандырат *.

Атабыз боорукер

Асмандагы Атабыз биздин кыйналганыбызга кайдыгер карабайт. Ал — «боорукер» Кудай (Лука 1:78). Кудай адамдарга боорукердик менен мамиле кылгандай, Иса пайгамбар да адамдарга боорукердик менен мамиле кылган (Марк 1:40—42; 6:30—34). Иса пайгамбардын жолун жолдогондор да асмандагы Атабызды туурап, боорукер болууга аракет кылышат. Алар Ыйык Китептеги: «Бири-бириңерге кайрымдуу, боорукер болгула»,— деген кеңешке ылайык иш кылышат (Эфестиктер 4:32).

Келгиле, Фелипе деген бир кишинин башынан өткөндөрдү карап көрөлү. Бир күнү ал жумушка баратканда аркасынан бирөө катуу уруп жибергендей бир жери катуу сыздатып ооруйт. Аны дароо ооруканага жеткиришет. Доктурлар сегиз саат бою анын оорусун аныктаганга аракет кылып, толтосунун ички катмары жабыркаганын табышат. Алар анын 25 мүнөттөн кийин өлөрүн, операция жардам бербей турганын айтышат.

Ошондо Фелипенин ишенимдештери жанында болчу. Алар ага боору ооругандыктан андан жардамын аяшкан эмес. Ишенимдештери аны дароо башка ооруканага алып жөнөшкөн. Ал жерден ага операция жасалган. Операция жасалып бүткөнгө чейин алар Фелипени күтүп, ооруканада болушкан. Бактыга жараша, операция ийгиликтүү аяктап, Фелипе жакшы болуп кеткен. Ал өткөндү эстеп, ошондо ишенимдештеринин ага боору ооруп, жардам бергенине миң мертебе ыраазы экенин айтат. Фелипе алардын ага боору ооруп, жардам бергенине асмандагы Атасы түрткү бергенине эч шектенбейт. Ал: «Кудай, мээримдүү атадай болуп, менин жанымда тургандай эле болду»,— дейт. Ооба, Жахаба Кудайдын бизге боору ооруй турганын ишенимдештерибиздин бизге боорукердик менен мамиле кылганынан биле алабыз.

Атабыз бизди коргойт

Кичинекей бала корккондо дароо атасына чуркайт. Атасы аны колуна алганда, ал эч нерседен коркпойт. Иса пайгамбар Жахаба Кудайдын аны коргой турганына бекем ишенген (Матай 26:53; Жакан 17:15). Биз да асмандагы Атабыздын бизди коргой турганына эч шектенбесек болот. Жахаба Кудай бизди биринчи кезекте аны менен болгон мамилебизди буза турган нерселерден коргойт. Ал үчүн Ыйык Китепке негизделген кеңештерди берет. Анын кеңештерин кабыл алганыбызда, ал бизге артыбыздан: «Мына жол, ушул жол менен жүргүлө»,— деп айткандай болот (Ышая 30:21).

Рок-н-ролл музыкасын ойногон топтун мүчөлөрү болгон Тиагонун, байкелери Фернандо менен Рафаэлдин мисалын карап чыгалы. Алар Сан-Паулудагы (Бразилия) баарына белгилүү концерт залына концерт коюуга чакырылышкан. Ошондо аларга алдыда чоң ийгиликтер күтүп тургандай сезилген. Бирок алардын бир ишенимдеши Кудайдын жолунда жүрбөгөн адамдар менен мамилелешүү аларга терс таасир этиши мүмкүн экенин эскерткен (Накыл сөздөр 13:20). Ал акылсыздар менен достошкондордун зыян тартары айтылган Ыйык Китептеги кеңештин калетсиз экенин көрсөтүп, аларга өз бир тууганы жөнүндө айтып берген. Анын бир тууганы жаман адамдарга кошулуп кетип, Кудайга жакпаган иштерди кыла баштаган. Тиаго менен анын байкелери анын кеңешине кулак кагып, мансаптан баш тартышкан. Азыр үчөө тең убактысынын көбүн Кудайга арнап кызмат кылып жатышат. Алар Кудайдын Сөзүндөгү кеңешти кабыл алып, ошого ылайык иш кылуунун аркасында Кудай менен болгон мамилесин сактап калышкан.

Атабыз бизди тарбиялайт

Мээримдүү ата баласынын жакшы адам болуп чоңоюшун каалагандыктан аны тарбиялайт (Эфестиктер 6:4). Ал катуу болчу жерден катуу болот, ошол эле учурда өтө эле катаал болбойт. Ошол сыяктуу эле, асмандагы Атабыз да зарыл болгон учурларда бизди жазалайт. Бирок ал жазалаганда дайыма сүйүү менен жана чеги менен жазалайт. Асмандагы Атасындай болуп, Иса пайгамбар да шакирттери анын кеңештерине дароо кулак какпаган учурларда аларга катаал мамиле кылган эмес (Матай 20:20—28; Лука 22:24—30).

Жахаба Кудайдын мээримдүүлүк менен тарбиялаганына ыраазы болгон Рикардо деген кишинин мисалына токтолуп көрөлү. Жети айлык кезинде аны атасы таштап кеткен. Өспүрүм курагында ал атанын мээримине зар болгон. Ал жаман иштерди кылып, кийин абийири соттой баштаган. Кудайдын осуяттарына ылайык жашабай жатканын түшүнүп, өзү барып жүргөн жыйналышта жетекчиликти колго алган байкелер менен сүйлөшүүнү чечкен. Алар ага мээримдүүлүк менен мамиле кылып, Ыйык Китептеги кеңештерди айтышкан. Рикардо Кудайдын аны тарбиялап, туура жолго салганына ыраазы болгон. Бирок ал туура эмес иштеринин кесепетин тартпай койгон эмес. Уктай албай кыйналган түндөрү, ыйлаган күндөрү, көңүлү чөккөн учурлары болгон. Кийин ал Жахаба Кудайдын аны тарбиялаганы анын сүйүүсүнүн далили экенин түшүнгөн. Ал Ыйык Китепте жазылган: «Жахаба кимди сүйсө, ошону жазалайт»,— деген сөздөрдү эстеген (Еврейлер 12:6).

Тарбиялоо жаман иштер үчүн жазалоону же ашкерелөөнү эле билдирбесин эстен чыгарбашыбыз керек. Ыйык Китептен тарбиялоо үйрөтүүнү да билдирерин билүүгө болот. Ошондуктан асмандагы мээримдүү Атабыз бизди бир нерсеге үйрөтүш үчүн жаман иштерибиздин кесепетин тартышыбызга убактылуу жол берет. Бирок Ыйык Китепте айтылгандай, анын бизди тарбиялаганынын аркасында мурунку ишибизди кайталабаганга жана туура жолдон чыкпаганга үйрөнө алабыз (Еврейлер 12:7, 11). Чынында эле, асмандагы Атабыз бизди жыргалчылыгыбызды ойлогондуктан жана пайдабызды көздөгөндүктөн жазалайт.

Атабыз бизге кам көрөт

Мээримдүү ата үй-бүлөсүнө жакшы кам көрөт. Жахаба Кудай да ошондой. Иса пайгамбар: «Силердин мунун бардыгына муктаж экениңерди асмандагы Атаңар билет»,— деген (Матай 6:25—34). Жахаба Кудай өзү да: «Сени эч качан калтырбайм, эч убакта таштабайм»,— деп убада берген (Еврейлер 13:5).

Ниси деген бир аял бул сөздөрдүн калетсиз экенине күйөөсү жумуштан чыгып калганда ынанган. Ниси кыздарына көбүрөөк убакыт бөлүш үчүн, ошондой эле Кудайга көбүрөөк кызмат кылыш үчүн маянасы жакшы жумушунан чыгып кеткен. Көп өтпөй эле күйөөсү да жумуштан чыгып калган. Алар кантип жан багышмак? Ниси Жахаба Кудайдан жардам сурап тиленген. Эртеси эле күнү күйөөсү буюм-тайымдарын алып кетиш үчүн жумушуна барып калат. Барса эле, жетекчиси башка бир жумуш табылып калганын айтып, ага ошол жумушта иштөөнү сунуш кылат. Ошентип, Нисинин күйөөсү жумуштан чыккан күндүн кийинки эле күнү кайра башка жумушка орношкон. Ниси жолдошу экөө Кудайдын алардын тиленүүсүн угуп, кам көргөнүнө абдан ыраазы болушкан. Бул окуя мээримдүү Кудайыбыз Жахабанын өзүнүн берилген кызматчыларын калтырбасын көрсөтүп турат.

Атабыздын сүйүүсүнө ыраазы бололу

Ооба, Асмандагы атабыздын чексиз сүйүүсүн сөз менен айтып жеткире албайбыз. Биз асмандагы Атабыздын бизди сүйөрүн анын колдогонунан, боорукердик менен мамиле кылганынан, коргогонунан, тарбиялаганынан жана кам көргөнүнөн биле аларыбызды карап чыктык. Ушундан улам ага бир да ата тең келбейт деп айта алабыз.

Асмандагы Атабыздын сүйүүсүнө ыраазы экенибизди кантип көрсөтсөк болот? Ал үчүн Атабыз жана анын ой-ниеттери жөнүндө көбүрөөк билгенге аракет кылышыбыз маанилүү (Жакан 17:3). Ошондой эле анын эркине жана мыйзамдарына ылайык жашашыбыз керек (1 Жакан 5:3). Андан тышкары, Кудайды туурап, башкаларга сүйүү менен мамиле кылышыбыз кажет (1 Жакан 4:11). Ушундай кылсак, Жахаба Кудайды атабыздай көрөрүбүздү жана анын уулдары экенибизге сыймыктанарыбызды көрсөтө алабыз.

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Жахаба Кудайдын Атабыз экени Ыйык Китепте көп жолу баса белгиленет. Алсак, Матайдын, Марктын жана Луканын Инжилинен Иса пайгамбардын «Ата» деген сөздү 60тан ашуун жолу, ал эми Жакандын Инжилинен 100дөн ашуун жолу айтканын биле алабыз. Иса пайгамбардын элчиси болгон Пабыл да ишенимдештерине жазган каттарында Кудайдын Атабыз экенин 40тан ашуун жолу айткан. Жахаба Кудайдын Атабыз деп аталганынын себеби ал — өмүрдүн Булагы.

^ 9-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Жахабага жакында» деген китептин «Кудайдын сүйүүсүнөн бизди „эч бир нерсе ажырата албайт“» деп аталган 24-бөлүмүн карагыла.

[19-беттеги кыстырма]

Жахаба Кудайдын кандай ата экенин жакшы билсек, аны менен ошончолук ынак болуп, ага болгон сүйүүбүздү арттыра алабыз

[22-беттеги кыстырма]

Жахаба Кудайды атабыздай көрөрүбүздү жана анын уулдары экенибизге сыймыктанарыбызды көрсөтө алабыз

[21-беттеги кутуча/сүрөттөр]

ЖАХАБА КУДАЙ БИЗДИ СҮЙӨРҮН АР КАНДАЙ ЖОЛДОР МЕНЕН КӨРСӨТӨТ

КОЛДОЙТ

БООР ООРУЙТ

КОРГОЙТ

ТАРБИЯЛАЙТ

КАМ КӨРӨТ