Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Периштелер жана жин-перилер адамдарга таасир эте алабы?

Периштелер жана жин-перилер адамдарга таасир эте алабы?

Кудай Сөзүнөн билим алгыла

Периштелер жана жин-перилер адамдарга таасир эте алабы?

Балким, бул макаладагы суроолор силерди кызыктыраттыр. Алардын жообун Ыйык Китептен таба аласыңар. Аларды Жахабанын Күбөлөрү менен талкууласаңар болот.

1. Периштелер деген кимдер?

Периштелер асманда жашайт, алар көзгө көрүнбөйт. Алардын жашоосу адамдардыкынан кыйла айырмаланат. Жахаба Кудай периштелерди рух кылып жерди жаратканга чейин эле жараткан (Аюп 38:4, 7; Матай 18:10). Периштелер миллиондоп саналат. (Окугула: Забур 103:20, 21; Даниел 7:9, 10.)

2. Периштелер адамдарга жардам беришеби?

Периштелер Лот деген адилеттүү кишиге жардам беришкен. Ал Кудай жок кылууну ниет кылган шаарда бузулган адамдардын арасында жашаган. Эки периште Лотко жана анын үй-бүлөсүнө шаардын талкалана тургандыгын эскертип, качып кетүүнү буйруган. Айрымдар ал эскертүүнү тамаша көрүшүп, укпай коюшкан. Бирок Лот жана анын кыздары Кудайдын периште аркылуу айткан эскертүүсүнө ылайык иш кылышкандыктан аман калышкан. (Окугула: Башталыш 19:1, 13—17, 26.)

Ыйык Китепте айтылгандай, периштелер Кудайдын Падышалыгы жөнүндө жакшы кабар айткандардын ишин жетектеп, адамдарга жардам берип жатышат (Матай 24:14). Алар айтып жаткан жакшы кабар эскертүү болуп эсептелет. Лоттун учурунда ал жашаган шаардын талкалана тургандыгы жөнүндөгү эскертүү тамаша болбогондой эле, бул дүйнөнүн жок кылына тургандыгы да тамаша эмес. Аны Кудай периштелери аркылуу айтып, эскертип жатат. (Окугула: Аян 1:1; 14:6, 7.)

Биз кыйынчылыкка дуушар болгондо, Кудай периштелери аркылуу бизди кайраттандырат. Ал бир жолу периштесин жиберип, Иса пайгамбарды кайраттандырган. (Окугула: Лука 22:41—43.)

Жакында Кудай периштелерин жаман иштерди кылып жаткан ыймансыз адамдарды жок кылууга жиберет. Ошондо бүт адамзат азап-кайгыдан биротоло арылат. (Окугула: 2 Тесалоникалыктар 1:6—8.)

3. Жин-перилер бизге кандай таасир этет?

Кудайга тил албай жаман иштерди кылган адамдардай эле, айрым периштелер да Кудайга каршы чыккан (2 Петир 2:4). Алар жин-перилер деп аталат. Алардын ана башы — Шайтан. Шайтан менен жин-перилер бүт адамзатты адаштырып жатышат. (Окугула: Аян 12:9.)

Шайтан адамдарга терс таасир этип, Кудайдан алыстатуу үчүн алдамчылык менен пайда көргөн коммерция тармагын, адамдар башкарган өкмөттөрдү жана жалган динди колдонот. Адам баласын мүңкүрөтүп жаткан адилетсиздиктин, зордук-зомбулуктун жана азап-кайгынын жайылышына Шайтан жооптуу (1 Жакан 5:19).

4. Жин-перилер адамдарды кантип адаштырышат?

Шайтан арбактар бар жана алар адамдар менен байланыша алышат деген жалган түшүнүктөрдү жайылтып келет. Ал эми Ыйык Китепте арбактардын жок экендиги, адам өлгөндөн кийин эч нерсе кыла албасы айтылат (Насаатчы 9:5). Бирок жин-перилер адамдардын көзүнө өлгөн жакыны болуп көрүнүп, ал тургай, анын үнүн туурап сүйлөп, адамдарды арбактардын бар экенине ишендирип келишет (Ышая 8:19). Ошондой эле жин-перилер адамдарды көзү ачыктар, төлгөчүлөр, бакшылар, астрология аркылуу да адаштырышат. Кудайдын Сөзүндө андай адамдардан жана иштерден алыс болушубуз керектиги эскертилет. Андыктан үйүбүздө спиритизмге жана оккультизмге байланыштуу буюм-теримдер бар болсо, алардан арылышыбыз керек. (Окугула: Мыйзам 18:10, 11; Элчилер 19:19.)

Эгер биз Жахаба Кудайды сүйсөк, жин-перилерден коркпой эле койсок болот. Кудайдын Сөзүн изилдеп, анда жазылгандарды жашообузда аткарсак, Шайтанга каршы туруп, Кудайга жакындайбыз. Жахаба жин-перилерден алда канча күчтүү. Биз жардамга муктаж болуп турганда, анын периштелери бизге жардам берет. (Окугула: Забур 34:7; Жакып 4:7, 8.)

[17-беттеги сүрөт]

Көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган бул китептин 10-бөлүмүн карагыла.

[17-беттеги сүрөт]

ЫЙЫК КИТЕП чынында ЭМНЕГЕ ОКУТАТ?