Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Байыркы убакта кандай сыя менен кандай калем колдонушкан?

Ыйык Китептеги Жакандын үчүнчү каты деп аталган китепте: «Сага дагы көп нерсе айткым келет, бирок анын баарын сыя, калем менен жазгым келген жок»,— деген сөздөр жазылган. Жакан пайгамбар «сыя, калем» деген сөздөрдү жазганда түзмө-түз «кара [сыя], камыш» деп которулган грек сөздөрүн колдонгон (3 Жакан 13).

Байыркы убакта калемдер узун, катуу камыштан жасалчу. Камыштын бир жак учун кыйгачынан кесип, уч жагын узатасынан ичке кылып оюп коюшчу. Учун быдырлуу таш менен учташчу. Ошол учурдагы камыштан жасалган калем биздин күндөрдөгү сыя менен жазган учу темир калем сапка окшош болчу.

«Каранын», башкача айтканда, сыянын көпчүлүгүн көө менен чайыр сымал илешчээк затты аралаштырып жасашчу. Аны кургак боюнча сатып алып, колдонордун алдында суу кошуп, аралаштырып алышчу. Мындай сыя жазылгандан кийин бат эле кургап калчу жана ката жазылып калса, аны ным губка менен өчүрүп, оңдоп коюшчу. Андай губка жазууда колдонулган куралдарга кирчү. Сыянын байыркы убакта кантип колдонулганы жөнүндөгү бул маалымат пайгамбарлардын айрымдардын ысымы Кудайдын өмүр китебинен өчүрүлөрү жөнүндө жазганда эмнени айткысы келгенин жакшыраак түшүнгөнгө жардам берет (Чыгуу 32:32, 33; Аян 3:5).

Элчи Пабыл кандай чатырларды жасаган?

Элчилер китебинин 18-бөлүмүнүн 3-аятында элчи Пабылдын чатыр жасап иштегени жөнүндө жазылган. Байыркы убакта чатыр жасагандар чатыр жасалчу кездемени төөнүн же эчкинин жүнүнөн токушчу. Анан даяр кездемеден чатыр жасашчу. Ошол учурда чатырлар көбүнчө булгаарыдан жасалчу. Айрымдары элчи Пабыл туулган Тарс шаарынан чыккан зыгыр кездемеден жасалчу. Элчи Пабыл чатырларды ушул кездемелердин биринен же баарынан жасаган деп божомолдоого болот. Акила менен биргелешип иштеп жүргөндө элчи Пабыл үйлөрдүн короосундагы күндөн калкалаган жабууларды жасаса керек.

Ал бул өнөрдү жаш кезинде өздөштүрүп алган көрүнөт. Мисир папирустарында жазылгандар көрсөтүп тургандай, Рим империясы башкарып турган убакта балдарды кандайдыр бир өнөргө 13 жашынан тартып үйрөтө башташчу. Эгер Пабыл да 13 жашынан тартып үйрөнгөн болсо, 15 же 16 жашында кездемени бычып, түрдүү шибегелер менен чатырларды жасаганга жана алардын тигиштерин ар кандай кылып тиккенге үйрөнүп калса керек. Элчи Пабылдын кызматы жөнүндө жазылган бир китепте: «Чатыр жасаганга үйрөнгөндөн кийин Пабылга чатыр жасоодо колдонулган куралдар берилген көрүнөт»,— деп айтылат. Ошондой эле ал китепте: «Чатыр жасоодо колдонулган негизги куралдар бычак менен шибеге болгондуктан, чатырды каалаган жерде жасай алышкан. Ошондуктан Пабыл миссионер болуп кызмат кылып жүргөн убакта барган жеринде чатыр жасап жан бага алган»,— деп жазылган («The Social Context of Paul’s Ministry»).