Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайга жакындагыла

«Жахаба Кудай бизден эмнени талап кылат?»

«Жахаба Кудай бизден эмнени талап кылат?»

ЖАХАБА КУДАЙ ага жаккыдай кызмат кылгысы келген пендесинен эмнени күтөт? Ал жеткилеңсиз адамдар аткара албай турган талаптарды коёбу? Же биз аткара ала турган эле нерселерди талап кылабы? Эгер Кудайдын жолунда жүргүбүз келсе, бул суроолорго жооп алганыбыз маанилүү. Анда эмесе, келгиле, Кудайдын бизден эмнени талап кыларын айткан Микей пайгамбардын сөздөрүн талдап көрөлү. (Окугула: Микей 6:8.)

«[Кудай] эмне жакшы экенин... айткан». Кудайдын бизден эмнени талап кыларын божомолдоп отуруунун зарылдыгы жок. Ал эмнени талап кыларын ачык эле айткан. Башкача айтканда, талаптарын Ыйык Китепке жаздырып койгон. Кудай бизден «жакшы» гана нерселерди талап кылат. Ыйык Китепте: «Кудай — сүйүү»,— деп айтылат. Ошондуктан ал бизге эле жакшы болушун каалайт (1 Жакан 4:8; 5:3). Кудайдын талаптарын аткарсак, анын жүрөгүн кубанткандан тышкары, өзүбүз да пайда алабыз (Мыйзам 10:12, 13).

«Жахаба [бизден эмнени] талап кылат?» Кудай бизден бир нерсе талап кылууга укуктуубу? Албетте! Ал бизге өмүр бергендиктен, ага баш ийүүгө милдеттүүбүз (Забур 36:9). Анда ал бизден эмнени талап кылат? Микей пайгамбар Кудайдын бардык талаптарын үч нерсе менен жыйынтыктаган. Биринчиси жана экинчиси адамдарга кандай мамиле кыларыбызга, үчүнчүсү Кудай менен болгон мамилебизге байланыштуу.

«Адилет болгула». «Адилет» деп которулган еврей сөзү, бир эмгекке ылайык, «башкаларга жакшы мамиле кылып, чынчыл болуу деген маанини да камтыйт». Кудай анын талаптарына ылайык иш кылып, башкаларга жакшы мамиле кылышыбызды каалайт. Кимдир бирөөлөргө карата бейкалыс пикирде болбосок жана чынчылдык менен мамиле кылсак, адилет болгонго умтулуп жатканыбызды көрсөтөбүз (Лебилер 19:15; Ышая 1:17; Еврейлер 13:18). Башкаларга адилеттик менен мамиле кылсак, алар да бизге ошондой мамиле кылууга түрткү алышы мүмкүн (Матай 7:12).

«Кайрымдуулукту жакшы көргүлө». Кудай кайрымдуу болушубузду эле эмес, кайрымдуулукту жакшы көрүшүбүздү талап кылат. «Кайрымдуулук» (хесед) деп которулган еврей сөзүн, «мээримдүүлүк» же «туруктуу сүйүү» деп да которууга болот. Ыйык Китепти изилдеген бир окумуштуу: «„Хесед“ деген сөздү сүйүү, ырайымдуулук, кайрымдуулук деп которсо болот, бирок ар бирин өз-өзүнчө эмес, чогуу айтканда гана бул сөздүн мааниси толук берилет»,— деген. Эгер кайрымдуулукту жакшы көрсөк, дайыма кайрымдуу болгонго даяр болобуз. Муктаж болгондорго жардам берсек, өзүбүз да абдан кубанабыз (Элчилер 20:35).

«Кудайың[ар]дын жолунда жөнөкөйлүк менен жүргүлө». Ыйык Китепте «жүрүү» деген сөз «кандайдыр бир жашоо мүнөзүнө кармануу» деген маанини туюнтат. Биз Ыйык Китепте жазылгандарды аткарып жашасак, анын жолунда жүргөн болобуз. Биз Кудайдын жолунда «жөнөкөйлүк менен» жүрүшүбүз керек. Муну кантип түшүнүүгө болот? Кудайдын «жолунда жөнөкөйлүк менен жүрсөк», күнөөлүү пенде экенибизди жана мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чектелүү экенин унутпайбыз. Демек, Кудайдын «жолунда жөнөкөйлүк менен жүрүү» деген анын эмнени талап кыларына жана ага эмнени бере аларыбызга карата туура көз карашта болуу дегенди билдирет.

Жахаба Кудайдын бизден аткара албаган нерселерди талап кылбай турганына ыраазы болушубуз керек эмеспи?! Ага кызмат кылуу үчүн бүт күчүбүздү жумшап жатканыбызды көргөндө ал абдан кубанат (Колосалыктар 3:23). Кудай мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чектелүү экенин жакшы билет (Забур 103:14). Момундук менен анын кеңештерине ылайык иш кылууга үйрөнө берсек, анын жолунан чыкпай, бактылуу болуп жашай алабыз. Андыктан силер да Кудайдын жолунда жүрүү үчүн эмне кылса болору жөнүндө окуп-изилдегиле. Кудайдын жолунда жүрсөңөр, андан мол бата аласыңар (Накыл сөздөр 10:22).

Ноябрда Ыйык Китепти окуу:

Жоел 1Микей 7