Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Байыркы убактагы жашоо. Койчулар

Байыркы убактагы жашоо. Койчулар

«Ал өз оторун койчудай кайтарат. Козуларды өз колу менен чогултуп, бооруна кысып көтөрүп жүрөт» (ЫШАЯ 40:11).

ЫЙЫК КИТЕПТИН башынан аягына чейин, Башталыш китебинен Аян китебине чейин, койчулар жөнүндө көп жолу айтылат (Башталыш 4:2; Аян 12:5). Андан Ыбрайым, Муса, Дөөтү пайгамбарлардын койчу болгонун окуй алабыз. Дөөтү пайгамбар жакшы койчунун койлорун кантип багып, кантип кайтарарын көркөм сөздөр менен сүрөттөгөн. Ошондой эле Асап пайгамбар жазган деп эсептелген забурда Дөөтү пайгамбардын Кудайдын байыркы убактагы элин душмандардан коргоп, кайтарганы жазылган (Забур 78:70—72).

Иса пайгамбардын күндөрүндө да көптөр мал багышкан. Ал өзүн «жакшы койчуга» салыштырган жана элге маанилүү нерселерди үйрөткөндө жакшы койчуга мүнөздүү сапаттар жөнүндө көп айткан (Жакан 10:2—4, 11). Ыйык Китепте кудурети күчтүү Жахаба Кудай да «койчуга» салыштырылат (Ышая 40:10, 11; Забур 23:1—4).

Койчулар кандай мал багышчу? Алар малды кантип багышчу? Күжүрмөн эмгектенген койчулардан эмнеге үйрөнсөк болот?

Кой-эчкилер

Байыркы Ысрайылдагы койчулар сирия каракөл коюн да багышчу. Ал койлор килкилдеген куйруктуу жана жүндүү келишет. Кочкорлору чагарак мүйүздүү, соолугу токол (мүйүзү жок) болот. Койлор — абдан жоош мал. Алар, койчусу жок болсо, жырткычтарга оңой эле жем болуп калат.

Койчулар эчки да багышчу. Баккан эчкилери, адатта, кара же сур болчу. Эчкилер таштуу тоонун бооруна чыгып баратканда же бадалдын арасында оттоп жүргөндө, шалпайган узун кулактары тикенекке тытылып калчу.

Кой-эчкилер койчунун үнүн таанып, анын үнүн укканга үйрөнүшү үчүн, койчу көп күч жумшачу. Ошондой болсо да камкор койчу малын жакшы карап, малы анын үнүн угушу үчүн, ар бирине ат коюп койчу (Жакан 10:14, 16).

Жыл мезгилдеринде койчулар эмне кылышчу?

Жаз келгенде койчу күн сайын оторун кашардан чыгарып, жакын жердеги жайыттагы жаңы чыккан көк чөпкө жайчу. Жазгы туут маалында койчунун малы көбөйүп калар эле. Ошондой эле жазында, кыркын маалында, кыркмачылар малдын жүнүн кыркышчу. Ал учур ысрайылдыктар үчүн майрам болчу.

Айылда жашаган кишинин саналуу эле кою боло турган. Андыктан ал койлорун башкалардын малын өзүнүн малына кошуп, акы алып кайтарган койчунун малына кошуп койчу. Элдин малын кайтарган андай койчу өзүнүн малын жакшы багып, башкалардыкын жакшы карабай коёру баарына маалым болчу (Жакан 10:12, 13).

Оруп-жыюу бүткөндөн кийин, койчулар малын айылдын жанындагы аңызга жайып жиберишчү. Жайдын саратанында малды абасы салкын болгон бийигирээк жактарга айдап кетишчү. Койчулар малын оттуу жерге жайыш үчүн улам жер которуп, бир нече күн талаада жүрүшөр эле. Түнкүсүн болсо малын кашаага киргизип, ачык асмандын астында укташчу. Айрым учурларда малын чөөлөрдөн же гиеналардан коргош үчүн үңкүргө айдап киргизе турган. Эгер койлор караңгы түндө гиенанын уулуганынан дүрбөп, үркө баштаса, койчулар үнүн чыгарып, койлорун тынчтандырышчу.

Күн сайын кечинде койчу коюн санап, ар бирин текшерип чыкчу. Койчу эртең менен койлорун үн салып чакырганда, алар анын артынан ээрчип чыгып, жайытты көздөй жөнөшчү (Жакан 10:3, 4). Чак түш болгондо, койчу малын көлмөгө айдап барып сугара турган. Көлмөлөрдөгү суу соолуп калганда, койлорун кудукка айдап барып, суу сузуп алып сугарчу.

Кургакчыл айлар бүтүп бараткан маалда койчу коюн жээкке жакын түздүккө же өрөөнгө жайчу. Ал эми суук түшүп, жаан-чачын көбөйгөндө, кыштоо үчүн койду үйгө айдап келип, короого киргизе турган. Болбосо, жамгыр көнөктөп төккөндө, мөндүр же кар жааганда, койлор талаада кырылып калмак. Койлор ноябрдан баштап жазга чейин кыштоодо болчу.

Койчунун куралдары

Койчунун кийими жупуну, бирок бышык боло турган. Жаан-чачын болгондо же түндө үшүп калбаш үчүн койчу койдун терисинен тигилген күрмө кийип алчу. Ичинен болсо тизеден ылдый болгон көйнөк кийип, бутуна таш-паш, тикенек кирбеши үчүн, сандал кийчү. Башына болсо жүндөн токулган кездеме ороп алчу.

Койчунун куралдарына төмөнкүлөр кирген: тамак-аш, нан, май, кургатылган жер-жемиштер жана сыр сыяктуу азыктар салынган мүшөк же териден тигилген баштык (1); кээде жырткычтарды коркутуу үчүн колдонулган, узундугу 1 метрдей болгон, башы ийилген жана баш жагына учтуу таш тагылган таяк (2); бычак (3); басып баратканда же тоо-ташка чыкканда таянган таяк (4); суу куюлган идиш (5); терең кудуктан суу сузуп алганда колдонулчу териден жасалган бүктөмө идиш (6); отордон алыстап бараткан кой-эчкини оторго кайрыш үчүн же жойлоп келе жаткан жырткычты качырыш үчүн колдонулган салмоор (7); зериккенде өзүн алаксытыш үчүн же малды тынчтандырыш үчүн ойногон, камыштан жасалган чоор (8).

Койчунун жан үрөп эмгектенгенинин акыбети кайтып, үйүнөн сүт, эт үзүлчү эмес. Койдун жүнү менен терисинен кийим-кече тигип, идиш жасашчу. Ошондой эле жүн менен терини башка нерселерге айырбаштап алышчу. Эчкинин жүнүнөн да кездеме токушчу. Андан сырткары, койду да, эчкини да курмандыкка чалышчу.

Мыкты үлгү

Жакшы койчу эмгекчил, ишеничтүү жана эр жүрөк болгон. Ал оторун жырткычтардан сактап калыш үчүн өз өмүрүн тобокелге салчу (1 Шемуел 17:34—36).

Андыктан Иса пайгамбардын да, анын шакирттеринин да Кудайдын элин жетектегендерди койчуларга салыштырганы таң калыштуу эмес (Жакан 21:15—17; Элчилер 20:28). Бүгүнкү күндөгү көзөмөлчүлөр, байыркы учурдагы жакшы койчулардан үлгү алып, Кудайдын аларга «тапшырылган оторун... аргасыздан эмес, даярдуулук менен, арам жол менен пайда көрүш үчүн эмес, чын көңүлдөн» кайтарышат (1 Петир 5:2).