Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык китепте эмне деп айтылат?

Ыйык китепте эмне деп айтылат?

Балдарды Кудайды сүйүүгө кантип үйрөтсө болот?

Балдарыңарга Кудайды таанып-билүүгө жана аны сүйүүгө жардам бериш үчүн жаратылышка көңүлүн бургула

Балдарыңар Кудайдын бар экенине жана аларды сүйөрүнө ишенгенде гана аны сүйө алышат. Ошондуктан алар Кудай жөнүндө билиши керек (1 Жакан 4:8). Мисалы, алар: «Кудай адамдарды кандай максат менен жараткан? Кудай эмне үчүн азап-кайгыга жол берип жатат? Кудай келечекте адамзат үчүн эмне кылат?» — деген суроолордун жообун билиши керек. (Окугула: Филипиликтер 1:9.)

Балдарыңарга Кудайды сүйүүгө жардам бериш үчүн, өзүңөр да Кудайды сүйүшүңөр керек. Ошондо алар да силерди көрүп, Кудайды сүйүүгө үйрөнүшөт. (Окугула: Мыйзам 6:5—7; Накыл сөздөр 22:6.)

Канткенде балдарыңардын жүрөгүн козгой аласыңар?

Кудайдын сөзү жазылган Ыйык Китептин таасири абдан күчтүү (Еврейлер 4:12). Ошондуктан балдарыңарга Ыйык Китептеги негизги окууларды үйрөткүлө. Мисалы, Иса пайгамбардын үлгүсүн алалы. Ал адамдардын жүрөгүн козгош үчүн ар кандай суроолорду берген, оюн уккан жана Ыйык Китепте жазылгандарды түшүндүрүп берген. Силер да балдарыңарды Иса пайгамбардын үлгүсүнө карманып үйрөтсөңөр болот. (Окугула: Лука 24:15—19, 27, 32.)

Андан сырткары, балдарыңарга Ыйык Китептеги Кудайдын адамдарга кылган мамилеси тууралуу жазылгандар күчтүү таасир этет. Андай маалымат аларга Кудайды таанып-билүүгө жардам берип, ага болгон сүйүүсүнүн өрчүшүнө шарт түзөт. Балдарды окутууга жана аларга таалим-тарбия берүүгө байланыштуу көбүрөөк маалыматты www.ps8318.com/ky сайтынан таба аласыңар. (Окугула: 2 Тиметей 3:16.)