Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Карыз алуу керекпи?

Карыз алуу керекпи?

«Карыз алуу үйлөнүү үлпөтүндөй, кайрып берүү аза күткөндөй» (суахили элинин макалы).

ЧЫГЫШ АФРИКА элине кеңири белгилүү болгон бул макал дүйнө жүзүндөгү адамдардын карызга байланыштуу ой-пикирин таамай чагылдырып турат. Досторуңардан же башка бирөөдөн карыз алганда силер да өзүңөрдү ушул макалда айтылгандай сезесиңерби? Айрым учурларда карыз алуу зарылдай сезилиши мүмкүн, бирок жагдайыңар чын эле ошончолук оорбу? Карыз алуунун билинбеген кандай кооптуу жактары бар?

Суахилилердин карыз алуунун аркасы кандай болушу мүмкүн экенин көрсөткөн: «Карыз алуу да, берүү да достук мамилени ыдыратат»,— деген дагы бир макалы бар. Ооба, карыздын айынан досторубуз жана башкалар менен болгон мамилебизге жарака кетиши мүмкүн. Алдын ала жакшылап пландаштырган күндө да, баары биз күткөндөй болбой калышы ыктымал. Мисалы, карызды төлөй турган убак келгенде акча таба албай калсак, карыз берген киши ачууланышы этимал. Ошентип отуруп нааразычылык пайда болуп, акча берген киши менен алган кишинин ортосундагы, атүгүл алардын үй-бүлөлөрүнүн ортосундагы мамиле бузулушу мүмкүн. Көйгөйлөр көбүнчө карыздын айынан чыккандыктан, акчага байланыштуу кыйынчылыктарды чечүү үчүн карыз алуу жөнүндө андан башка арга калбай калганда гана ойлонгонубуз дурус.

Карызга акча алуу адамдын Кудай менен болгон мамилесине да терс таасир этиши ыктымал. Кандайча? Ыйык Китепте карызды атайлап кайрып бербеген кишини Кудай ыймансыз деп эсептээри жазылган (Забур 37:21). Андан сырткары, анда: «Карыздар — карыз бергендин кулу»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 22:7). Ошондуктан карыз алган киши берген кишинин алдында кутулмайынча милдеттүү болорун түшүнүшү керек. Африкалыктардын дагы бир макалында: «Бирөөдөн карызга бут алсаң, бас деген жагына басасың»,— деп бекеринен айтылбаса керек. Бул макал карызга баткан киши өз эркинче жүрө албай каларын баса белгилеп турат.

Андыктан биринчи кезекте карыздан кутулууга аракет кылуу зарыл. Антпесе толгон-токой кыйынчылыктар пайда болушу ыктымал. Маселен, карызы көбөйүп кеткендиктен, кишинин санаасы санга бөлүнөт, уйкусу качат, көбүрөөк иштегенге мажбур болот, жубайы менен чатакташат, ал тургай үй-бүлөсү бузулушу мүмкүн. Андан тышкары, андай киши мыйзам алдында жоопко тартылышы же түрмөгө түшүп калышы мүмкүн. Ошондуктан Ыйык Китепте: «Бири-бириңерди сүйгөндөн башка эч кимге эч нерсе карыз болбогула»,— деген акыл-насаат жазылган (Римдиктер 13:8).

ОШОНЧОЛУК ЗАРЫЛБЫ?

Жогоруда айтылгандарды эске алганда, карыз алууда этият болгонубуз жакшы. Карыз алардан мурун: «Карыз алуу чын эле зарыл болуп турабы? Ал үй-бүлөмө кам көрүш үчүн зарыл болгон нерсеге жумшоого керек болуп жатабы? Же шартым жол бербеген нерсени алгым келип жаткан үчүн эле керек болуп жатабы?» — деп ойлонуп көргөнүңөр акылдуулукка жатат. Көп учурда кимдир бирөөгө карыз болгондон көрө, колдо бар нерсеге каниет кылганыбыз оң.

Албетте, кээде күтүлбөгөн жагдайлар болуп калып, карыз алуудан башка айлабыз калбай калат. Андайда башкалар биздин чынчыл экенибизге күмөн санабагандай болушу керек. Чынчыл экенибизди кантип көрсөтө алабыз?

Биринчиден, кимдир бирөө колунда бардай көрүнсө эле, анын ошонусунан пайдаланып калууга умтулбагыла. Аны, бай болгондуктан эле, силерге жардам берүүгө милдеттүүдөй көрбөгүлө. Андай киши менен чынчыл болуунун зарылдыгы жок деп ойлобогула. Жакшыраак тургандарга көз артпагыла (Накыл сөздөр 28:22).

Экинчиден, кимдир бирөөдөн алган нерсеңерди кайтарып берүүгө милдеттүү экендигиңерди эсиңерден чыгарбагыла жана аны мүмкүн болушунча эртерээк берүүгө аракет кылгыла. Эгер берген киши мөөнөтүн белгилебесе, өзүңөр белгилеп алып, ошол убакта кайтарып бергиле. Ортодо кандайдыр бир түшүнбөстүктөр болуп кетпеши үчүн, кагаз жүзүндө макулдашып алгыла (Жеремия 32:9, 10). Бир нерсе берген кишиге ыраазычылык билдире алышыңар үчүн, мүмкүн болсо, алган нерсеңерди анын өзүнө бергиле. Алган нерсеңерди дайыма кайрып берип, чынчыл болсоңор, башкалар менен мамилеңер жакшы болот. Иса пайгамбар: «„Ооба“ деген сөзүңөр „ообаны“, „жок“ деген сөзүңөр „жокту“ билдирсин»,— деп айткан (Матай 5:37). Ошондой эле анын: «Башкалардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга бардык жагынан ошондой мамиле кылгыла»,— деген сөздөрүн эсиңерге түйүп алсаңар болот (Матай 7:12).

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ КЕҢЕШТЕР

Ыйык Китепте карыз алуу «дартынын» дабасы жазылган. Мисалы, 1 Тиметей 6:6да: «Кудайга берилгендик көрсөтүп, колдо бар нерсеге ыраазы болсок, көп нерсеге ээ болобуз»,— деп айтылат. Башкача айтканда, карыз алуунун кейиштүү кесепетинен качуунун эң жакшы жолу — колубузда болгон нерсеге ыраазы болуу. Бирок бир нерсеге тез эле ээ болуп, рахатка батууга үндөгөн азыркы дүйнөдө колдо бар нерсеге топук кылып, азгырылбай коюу оңой эмес. Ошондуктан Кудайга болгон берилгендикти өрчүтүүгө аракет кылышыбыз керек.

Мисалга Кудайга ишенген азиялык бир жубайларды алалы. Жаш кезинде алар үйү бар кишилерге суктанышчу. Ошондуктан банктан, туугандарынан карыз алып, чогулткан акчасына кошуп, үй сатып алышкан. Бирок көп өтпөй эле ай сайын төлөчү акчаны бере албай кыйнала башташкан. Алар эртеден кечке иштөөгө аргасыз болушкан, балдарына да убакыт бөлө албай калышкан. Күйөөсү мындай дейт: «Стресс болуп, жаным кыйналып, уйкум качып кеткен. Ошонун баары көтөрө алгыс жүк болуп, тумчугуп кеткем».

«Материалдык нерселерге Кудайдын көз карашы менен кароо көп көйгөйлөрдөн сактай турганын түшүндүк»

Ал жубайлар 1 Тиметей 6:6дагы сөздөрдү эстешкен жана көйгөйдү чечүүнүн жалгыз жолу үйдү сатуу экенин түшүнүшкөн. Алар карыздарынан эки жыл дегенде кутулушкан. Ал жубайлар башынан өткөргөндөрдөн эмнеге үйрөнүшкөн? Алар: «Материалдык нерселерге Кудайдын көз карашы менен кароо көп көйгөйлөрдөн сактай турганын түшүндүк»,— дейт.

Башында айтылган суахили элинин макалы көптөргө белгилүү болгону менен, учурда карыз алгандар дагы деле арбын. Андыктан жогоруда айтылган Ыйык Китептеги кеңештерди эске алып, карыз алардан мурун акыл калчап ойлонуп көрүү эстүүлүккө жатпайбы?!