Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | КУДАЙГА ЖАКЫНДОО МҮМКҮНБҮ?

Кудай менен сүйлөшөсүңөрбү?

Кудай менен сүйлөшөсүңөрбү?

Адатта жакын достор бири-бири менен мүмкүнчүлүгүнө жараша бат-баттан көрүшүп же телефон, Интернет аркылуу сүйлөшүп, же болбосо кат аркылуу байланышып турушат. Ошол сыяктуу эле, Кудай менен жакын мамиледе болуш үчүн биз да аны менен дайыма сүйлөшүп турушубуз керек. Аны менен кантип сүйлөшө алабыз?

Жахаба Кудайдан тиленгенибизде аны менен сүйлөшкөн болобуз. Бирок Кудай менен сүйлөшүүнү жөн эле адам менен сүйлөшкөндөй көрбөшүбүз керек. Биз Жаратканыбыз жана бүт ааламдын Эгедери менен сүйлөшүп жатканыбызды унутпаганыбыз абзел. Бул ага терең урматтоо жана кастарлоо сезими менен кайрылууга түрткү бериши керек. Андан сырткары, Кудай тилегибизди кабыл кылышы үчүн, анын бир нече талабын аткарышыбыз зарыл. Эмесе, алардын үчөөнө токтололу.

Биринчиден, Иса Машаякка же ыйык деп эсептелгендерге, сүрөттөргө, айкелдерге же колдоочуларга жана башка ушу сыяктуу нерселерге эмес, Жахаба Кудайга гана кайрылышыбыз керек (Чыгуу 20:4, 5). Ыйык Китепте: «Бардык өтүнүчүңөрдү тиленүү, жалынуу аркылуу Кудайга ыраазычылык менен билдиргиле»,— деп айтылат (Филипиликтер 4:6). Экинчиден, Кудайдан тиленгенде ага анын Уулу Иса Машаяк аркылуу кайрылышыбыз кажет. Иса Машаяк анын себебин: «Атама мен аркылуу гана барууга болот. Менсиз эч ким бара албайт»,— деп түшүндүргөн (Жакан 14:6). Үчүнчүдөн, тиленгенде Кудайдын эркине ылайык нерселер тууралуу суранышыбыз керек. Бул тууралуу Ыйык Китепте: «Биз Кудайдын эркине ылайык эмне сурабайлы, анын бизди угарына шектенбейбиз»,— деп жазылган (1 Жакан 5:14) *.

Ынак достор бири-бири менен мүмкүнчүлүгүнө жараша бат-баттан сүйлөшүп турушат

Бирок дайыма эки достун бирөө эле сүйлөй берсе, алардын достугу көпкө созулбайт. Ошондуктан ынак достор бири-биринин пикирин уккан сыңары, биз да Кудайдын айткандарын угушубуз керек. Кудай бизге кантип сүйлөшү мүмкүн?

Бүгүнкү күндө Жахаба Кудай бизге өзү жаздырган Ыйык Китеп аркылуу «сүйлөйт» (2 Тиметей 3:16, 17). Эмне үчүн минтип айтууга болот? Мисалы, жакын досуңардан кат алдыңар дейли. Анын катын окуп жатканда, аны менен бетме-бет көрүшпөсөңөр да, ал силерге сүйлөп жаткандай болот. Ошол өңдүү, Ыйык Китепти окуп жатканда Жахаба Кудайдын сүйлөп жатканын уккандай болобуз. Башында сөз кылынган Жина: «Эгер Кудай мени досу катары эсептешин кааласам, анын жазган катын — Ыйык Китепти — окуп-изилдешим керек деп ойлойм»,— деген. Ал: «Ыйык Китепти күнүгө окуганымдын аркасында барган сайын Кудайга ынак болуп баратам»,— деп кошумчалаган. Силер да Ыйык Китепти күнүгө окуп, Жахаба Кудайдын айткандарын уккуңар келет беле? Эгер ошентсеңер, Кудайга уламдан-улам жакын боло бересиңер.

^ абз. 5 Тиленүү аркылуу Кудайга кантип жакындаса болорун билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китептин 17-бөлүмүн карагыла.