Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЫЙЫК КИТЕПТИ ОКУУНУН КАНДАЙ ПАЙДАСЫ БАР?

Бардыгына арналган изилдөө программасы

Бардыгына арналган изилдөө программасы

Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепте айтылгандарды башкаларга кабарлаганы менен белгилүү. Бирок алардын башкаларга Ыйык Китепти изилдегенге жардам бериш үчүн атайын түзүлгөн, дүйнө жүзү боюнча бирдей окутуу программасы бар экенин билчү белеңер?

2014-жылы 240 өлкөдө 8 000 000дон ашуун Жахабанын Күбөсү 9 500 000дей кишиге Ыйык Китепти изилдегенге жардам беришти *. Бул, ар бир өлкөнү өз-өзүнчө алганда, 140ка жакын өлкөдөгү калктын санынан ашып түшөт.

Мындай билим берүү программасын ишке ашырыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү жыл сайын 700дөй тилде 1 500 000 000го жакын Ыйык Китеп, китеп-журнал жана Ыйык Китепти изилдөөгө арналган башка адабияттарды басып чыгарышат. Ушундай көп сандагы адабияттардын басып чыгарылышы көптөрдүн Ыйык Китепти өздөрү каалаган тилде изилдей алышына шарт түзүүдө.

ЫЙЫК КИТЕПТИ ИЗИЛДӨӨ ПРОГРАММАСЫНА БАЙЛАНЫШТУУ КӨПТӨРДҮ КЫЗЫКТЫРГАН СУРООЛОР

Изилдөө кантип өткөрүлөт?

Белгилүү бир тема тандалып, ага байланышкан Ыйык Китептеги аяттар талкууланат. Мисалы, Ыйык Китепте: «Кудай деген ким? Аны кандай элестетсек болот? Анын аты барбы? Ал каякта жашайт? Биз аны менен жакын мамиледе боло алабызбы?» — деген сыяктуу суроолорго жооп бар. Бирок көптөр алардын Ыйык Китептин кайсы жеринде жазылганын билишпейт.

Башкаларга суроосуна жооп табууга жардам бериш үчүн биз адатта 224 беттен турган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китепти колдонобуз *. Ал китеп адамга Ыйык Китептин негизги окууларын түшүнүүгө жардам берүү үчүн чыгарылган. Ал китепте Кудай, Иса Машаяк, адамдардын азап чегиши, өлгөндөрдүн тирилиши, Кудайдан тиленүү жана башка көптөгөн темалар каралат.

Качан жана кайсы жерде жүргүзүлөт?

Изилдөө сизге ыңгайлуу убакта жана сизге ыңгайлуу жерде жүргүзүлөт.

Канча убакытка созулат?

Көптөр Ыйык Китепти изилдөөгө жумасына бир сааттай убакыт бөлөт. Бирок бул талап эмес, биз сиздин жагдайыңызга ылайыкташууга даярбыз. Айрымдар жумасына 10—15 мүнөт гана изилдешет.

Канча төлөш керек?

Изилдөө бекер өткөрүлөт, изилдөө жүргүзүүгө жардам берген адабияттар да бекер берилет. Себеби Иса пайгамбар шакирттерине: «Бекер алдыңарбы, бекер бергиле»,— деген (Матай 10:8).

Изилдөө курсу канчага созулат?

Изилдөө курсу сиз каалаган убакка чейин созулат. «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китеп 19 бөлүмдөн турат. Сиз алардын ичинен каалаганыңызды же баарын изилдөөнү тандай аласыз жана жумасына канча жолу изилдешти өзүңүз чечесиз.

Изилдеп бүткөндөн кийин сөзсүз Жахабанын Күбөсү болуш керекпи?

Жок. Эмнеге ишенерин ар ким өзү чечкендиктен, биз ар бир кишинин ошол укугун сыйлайбыз. Бирок киши Ыйык Китептин негизги окууларын билип алса, чечимди толук маалымдар болуп туруп чыгарат.

Көбүрөөк маалыматты кайдан тапсам болот?

Жахабанын Күбөлөрү эмнеге ишенери, кандай иш жүргүзөрү жөнүндөгү так маалыматты jw.org/ky сайтынан табууга болот.

Ыйык Китепти изилдегим келерин кантип билдирсем болот?

  • www.ps8318.com сайтындагы купонду толтуруңуз.

  •  
  • Же жергиликтүү телефон номурлардын маалымдамасынан «Жахабанын Күбөлөрүнүн диний борбору» дегенди таап, алар менен байланышыңыз.

^ абз. 4 Ыйык Китепти изилдөө адатта жеке киши менен же чакан топ менен жүргүзүлөт.

^ абз. 9 Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган. 260тан ашуун тилде, 230 000 000дон ашуун нускада чыккан.