Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Таштандыдан табылган табылга

Таштандыдан табылган табылга

«ТАШТАНДЫ» дегенди укканда оюңарга эмне келет? Андайда көңүл айныткан, жаман жыттанган жерди элестетериңер бышык. Андай жерден кенч тапмак турсун, дегеле баалуу бир нерсе табам деп күтпөйт болушуңар керек.

Бирок бир кылым мурун ошо сыяктуу жерден кенч табылган. Ал кадимки кенч болбосо да, аябай баалуу нерсе болчу. Ал эмне эле? Ал табылганын бүгүнкү күндө кандай баалуулугу бар?

КОКУСУНАН ТАБЫЛГАН КЕНЧ

20-кылымдын башында Оксфорд университетинде эмгектенген Бернард Гренфелл жана Артур Хант деген окумуштуулар Мисирге (Египетке) барышкан. Алар Нил дарыясынын өрөөнүнүнө жакын жерден, үйүлгөн таштандылардын арасынан, бир нече папирустун калдыктарын таап алышкан. Кийинчерээк, 1920-жылы, экөө ошол табылгаларын иретке келтирип жатканда, Гренфелл Мисирдеги казуу иштери учурунда табылган дагы бир нече папирустун калдыктарын Манчестердеги (Англия) Жон Райленд атындагы китепкана үчүн сатып алган. Тилекке каршы, ал эки окумуштуу табылган папирустардын толук жыйнагын жасап бүтө электе эле каза болуп калган.

Ал ишти Оксфорд университетинде эмгектенген Колин Робертс деген окумуштуу аягына чыгарган. Ал папирустарды карап жатканда узундугу 9, туурасы 6 сантиметр болгон папирус калдыгын байкап калган. Андагы грек тилиндеги жазуулар ага тааныш учураган. Анын бир бетинде Жакан 18:31—33-аяттар, экинчи бетинде 37, 38-аяттар жазылган экен. Ошондо Робертс баа жеткис кенч табылганын түшүнгөн.

«ЖАШЫН» АНЫКТОО

Робертс ал табылганы көп кылым мурун жазылган деп божомолдогон. Кайсы учурга таандык экенин аныкташ үчүн ал аны качан жазылганы белгилүү болгон башка кол жазмалар менен салыштырган. Мындай ыкманы палеографиялык ыкма деп аташат *. Робертс ал ыкманы колдонуп табылганын кайсы кылымга таандык экенин тек гана болжой алмак. Ошондуктан тагыраак билиш үчүн аны сүрөткө тартып, папирустарды изилдеген үч окумуштууга жөнөткөн. Анын жыйынтыгы кандай болгон?

Тексттин стилин жана коюлган басымдарды изилдеп чыккан соң үч окумуштуу тең ал кол жазма б.з. 2-кылымынын биринчи жарымында — элчи Жакан өлгөндөн ондогон жылдар өткөндөн кийин эле — жазылган деген бүтүмгө келишкен. Бирок палеографиялык ыкма анча так болбогондуктан, бир окумуштуу ал табылганын 2-кылымдын кайсы бөлүгүндө жазылганын так аныктоо мүмкүн эмес экенин айткан. Кандай болбосун, ал кол жазма Грек Жазмаларынын үзүндүсү камтылган кол жазмалардын эң эскиси болуп саналат.

РАЙЛЕНД ПАПИРУСУ

Элчи Жакан жазган инжилдин Райленд папирусу деп аталган ал үзүндүсү бүгүнкү күндө Ыйык Китепти бедел туткандар үчүн эмне себептен чоң мааниге ээ? Бери дегенде, эки себептен улам. Биринчиден, ал кол жазманын форматынан алгачкы Исанын жолдоочулары Ыйык Жазманы канчалык баалаганын билүүгө болот.

Элчи Жакан жазган инжилдин бул үзүндүсү бүгүнкү күндө Ыйык Китепти бедел туткандар үчүн эмне себептен чоң мааниге ээ?

Б.з. 2-кылымында кол жазмалар түрмөк жана кодекс түрүндө болчу. Түрмөктөр бири-бирине уланып чапталган же тигилген папирустан же пергаменттен жасалчу. Аларды ороп коюшчу, ал эми окуурда жазып алып окушчу. Текстти көбүнчө түрмөктүн бир эле бетине жазышчу.

Робертс тапкан кол жазманын болсо эки бетинде тең жазуусу бар болчу. Ушундан улам аны түрмөктүн эмес, кодекстин бөлүгү деп божомолдоого болот. Кодекс китеп барактары сыяктуу бириктирилген жана бүктөлгөн пергаменттен же папирустан турчу.

Кодекстин кандай артыкчылыгы бар эле? Иса Машаяктын алгачкы шакирттери Ыйык Китепте жазылган жакшы кабарды эл бар жердин баарында: үйлөрдө, базарларда, көчөлөрдө жарыялашчу (Матай 24:14; 28:19, 20; Элчилер 5:42; 17:17; 20:20). Ошондуктан алар үчүн Ыйык Жазманын кодекс түрүндө болгону аябай ыңгайлуу болгон.

Мындан тышкары, Исанын жолдоочуларынын жыйналышына же жеке кимдир бирөөгө кодекс түрүндөгү Ыйык Жазманын көчүрмөсүн жасоо оңой болгон. Ошонун аркасында Инжилдердин көптөгөн көчүрмөлөрү жасалып, Иса Машаяктын шакирттеринин саны барган сайын өсө берген.

Райленд папирусунун эки бети

Райленд папирусунун баалуу болгонунун экинчи себеби, ал Ыйык Китептин түп нускасындагы тексттин так көчүрүлгөнүн далилдейт. Маселен, элчи Жакан жазган инжилдин бир нече эле аяты камтылган ал папирустагы текст азыркы Ыйык Китептеги тексттен дээрлик айырмаланбайт. Мындан, кылымдар бою көп жолу көчүрүлсө да, Ыйык Китептин бурмаланбаганын билүүгө болот.

Элчи Жакандын инжилинин бир бөлүгүн камтыган Райленд папирусу Ыйык Китептин түп нускасындагы тексттин так көчүрүлгөнүн далилдеген миңдеген башка толук кол жазмалардын жана үзүндүлөрдүн бири гана. Буга байланыштуу Вернер Келлер деген жазуучу өзүнүн китебинде: «Бул байыркы [кол жазмалар] — азыркы Ыйык Китептеги тексттин тактыгына жана ишеничтүүлүгүнө карата бардык шектенүүлөрдү жокко чыгарган эң мыкты далил»,— деп жазган («The Bible as History»).

Анткен менен Иса Машаяктын чыныгы жолдоочуларынын Кудайдын Сөзүнө болгон ишеними археологиялык табылгаларга негизделбейт. Алар «бардык Жазма Кудайдын рухунун жетеги менен жазылганына» шектенишпейт (2 Тиметей 3:16). Ошентсе да Ыйык Китептеги «Жахабанын сөзү түбөлүккө калат» деген сөздөрдү ырастаган баа жеткис кенчтин табылганы кандай гана жакшы болгон! (1 Петир 1:25).

^ абз. 8 «Кыргыз совет энциклопедиясына» ылайык, палеография — «жазуунун тарыхын жана графикалык формаларынын өнүгүшүн» изилдеген илим. Убакыттын өтүшү менен жазуу стили өзгөргөндүктөн, кол жазманын «жашын» так ошол өзгөрүүлөрдөн билсе болот. Аларды аныкташ үчүн кол жазманы качан жазылганы так белгилүү болгон башка кол жазмалар менен салыштырышат.