Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | КУДАЙ СОГУШКА КАНДАЙ КАРАЙТ?

Кудай согушка кандай карайт? Бүгүнкү күндөгү жагдай

Кудай согушка кандай карайт? Бүгүнкү күндөгү жагдай

Азыркы учурда да кыйналгандар көп. Алар Кудайдан жардам тилеп, кандайдыр бир жеңилдикти күтүшөт. Кудай алардын жалынычын угабы? Ал кысымдан бошонуш үчүн согушуп жаткандарга кандай карайт? Кудай андай согуштарды адилеттүү деп эсептеп, аларды колдойбу?

Армагедон согушу бардык согуштарды токтотот

Биринчиден, бизди Кудайдын адамдардын азап чегип жатканын билери жана жакында чара көрөрү жубатат (Забур 72:13, 14). Кудай «кыйынчылык тартып жаткандарды» кыйынчылыгынан арылтарын убада кылган. Ал убада «асмандан кубаттуу периштелери менен келе турган Мырзабыз Исанын ачылышында» аткарылат. Ошондо Иса Машаяк «Кудайды тааныбагандардан жана Мырзабыз Иса жөнүндөгү жакшы кабарга баш ийбегендерден өч алат» (2 Тесалоникалыктар 1:7, 8). Иса Машаяктын ачылышы болсо Ыйык Китепте «Кудурети Күчтүү Кудайдын улуу күнүндө боло турган согуш» деп аталган жана көпчүлүккө Армагедон деп белгилүү болгон согушта болот (Аян 16:14, 16).

Келечекте боло турган ал согушта Кудай жаман адамдар менен согушууга кайсы бир адамдарды эмес, Иса Машаякты жана башка периштелерди дайындаган. Асман аскерлери жүргүзө турган ал согушта адамзат бардык кысымчылыктан арылат (Ышая 11:4; Аян 19:11—16).

Кудайдын согушка карата көз карашы мурун кандай болсо, азыр деле ошондой. Ал азыр да ыймансыздык менен кысымчылыкты согуш жолу менен жок кылууну туура көрөт. Бирок, тарых көрсөткөндөй, андай согушту качан жана ким жүргүзүшү керектигин өзү гана чечет. Жогоруда айтылгандай, Кудай ошондой согуш келечекте болорун жана аны Иса Машаяк жүргүзөрүн эбак эле чечип койгон. Бул азыркы согуштардын бирин да, алар канчалык адилеттүүдөй көрүнбөсүн, Кудай колдобой турганын билдирет.

Мисалга атасы жокто мушташа кеткен эки баланы алалы. Алар атасына телефон чалып даттанышат: бири экинчиси биринчи баштаганын айтса, экинчиси тигинисин күнөөлөйт. Экөө тең: «Атам мага болушат»,— деп ойлойт. Атасы болсо экөөнү тең уккан соң ал келгиче урушпай-талашпай отуруп турушун айтат. Балдар тынчып калышат. Бирок бир аздан кийин кайра мушташып киришет. Анан атасы келет да, эч кимисине болушпай, тил албаганы үчүн экөөнү тең жазалайт.

Анын сыңарындай, бүгүнкү күндө да бири-бири менен согушкан элдер Кудайдан жардам күтүшөт. Бирок Кудай азыркы согуштарда эч бир тарапты ээлебейт. Ал Ыйык Китепке: «Жамандыкка жамандык менен жооп бербегиле... Эч кимден өч албагыла»,— деп так-даана жаздырып койгон (Римдиктер 12:17, 19). Мындан тышкары, Кудай адамдар ал өзү Армагедондо чара көрмөйүнчө чыдап турушу керектигин айткан (Забур 37:7). Ошондуктан Кудайды күтпөй согуш жүргүзгөндөрдүн иш-аракети анын көз алдында тоотпостукка жана өзү билемдикке жатат. Андыктан Кудай Армагедондо аларга каарын төгүп, «жердин учу-кыйырына чейин согуштарды токтотуп», бардык талаштарга чекит коёт (Забур 46:9; Ышая 34:2). Чынында, Армагедон согушу бардык согуштарды токтотот.

Согуштардын токтошу Кудайдын өкмөтү аркылуу адамзатка төгүлчү көптөгөн баталардын бири гана. Иса Машаяк Кудайга кайрылып: «Падышалыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да сенин эркиң аткарылсын» — деп тиленгенде, ошол өкмөт тууралуу айткан (Матай 6:10). Кудайдын Падышалыгы согуштарды эле токтотпостон, алардын негизги себебин — ыймансыздыкты — жок кылат (Забур 37:9, 10, 14, 15) *. Андыктан Исанын жолдоочуларынын ошол өкмөттүн бийлик кылышын чыдамсыздык менен күтүп жатканы таң калыштуу эмес (2 Петир 3:13).

Кудайдын Падышалыгы бардык азап-кайгыны, кысымчылыкты, ыймансыздыкты жоё турган убакытты дагы канча күтүшүбүз керек? Ыйык Китепте алдын ала айтылгандар боюнча, биз азыр бул дүйнө түзүлүшүнүн акыркы күндөрүндө жашап жатабыз (2 Тиметей 3:1—5) *. Жакында Кудайдын Падышалыгы Армагедон согушунда ушул акыркы күндөрдү соңуна чыгарат.

Мурунураак айтылгандай, ал акыркы согушта «Мырзабыз Иса жөнүндөгү жакшы кабарга баш ийбегендер» жок кылынат (2 Тесалоникалыктар 1:8). Бирок Кудай атүгүл жаман адамдардын да өлгөнүнөн ыракат албай турганын эстен чыгарбоо керек (Жезекиел 33:11). Ал согушта «эч кимдин өлүшүн каалабагандыктан» Кудай, ал күн келгенге чейин, Иса Машаяк жөнүндөгү жакшы кабардын «дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылышына» чара көрүүдө (2 Петир 3:8, 9; Матай 24:14; 1 Тиметей 2:3, 4). Бул ишти Жахабанын Күбөлөрү аткарууда. Мунун аркасында көптөрдө Кудайды таанып-билүүгө, Иса Машаяк жөнүндөгү жакшы кабарга кулак кагууга жана согуш болбой турган заманды көрүүгө мүмкүнчүлүк бар.

^ 9-абз. Кудайдын Падышалыгы адамзаттын душманы болгон өлүмдү да жок кылат. «Ыйык Китепте эмне деп айтылат?» деген макалада айтылгандай, Кудай согуштан курман болгон миллиондогон адамдарды тирилтет.

^ 10-абз. Көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» деген китептин 9-бөлүмүн карагыла.