Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү айрым окууларын эмне үчүн өзгөртүшкөн?

Жахабанын Күбөлөрү айрым окууларын эмне үчүн өзгөртүшкөн?

 Биздин окууларыбыз Ыйык Китепке негизделет. Айрым аяттарды тереңирээк, тагыраак түшүнгөндө окууларыбызды өзгөртөбүз a.

 Бул Накыл сөздөр 4:18де айтылгандарга ылайык келет. Ал жерде: «Адилдердин жолу күндүн жарыгындай; ал чак түш болгонго чейин уламдан-улам жарык боло берет»,— деп жазылган. Күн чыгып, көтөрүлө баштаганда айлана-тегерек даанараак көрүнө баштайт. Анын сыңарындай, Кудай Ыйык Китептеги чындыкты өзү туура көргөн убакта ачып берип турат (1 Петир 1:10—12). Ыйык Китепте алдын ала айтылгандай, Кудай өзүнүн Сөзүндө жазылгандарды «акыркы убакта» айкыныраак ачып бермек (Даниел 12:4).

 Өзгөрүүлөр болгондо таң калбайбыз, тууралыгына шектенбейбиз. Кудайдын байыркы убактагы кызматчыларынын да бир нерсени туура эмес түшүнгөн, жаңылыш жыйынтык чыгарган, көз карашын өзгөртүүгө туура келген учурлары болгон.

  •   Муса пайгамбар Кудай белгилеген убакыт келгенге чейин эле, 40 жыл мурун, ысрайыл элин кулчулуктан куткарууга аракет кылган (Элчилер 7:23—25, 30, 35).

  •   Элчилер Машаяктын өлөрүнө, тирилерине байланыштуу пайгамбарлыктын маани-маңызын түшүнүшкөн эмес (Ышая 53:8—12; Матай 16:21—23).

  •   Кудайдын 1-кылымдагы кызматчыларынын айрымдары «Жахабанын күнүнүн» качан келери жөнүндө туура эмес ойдо болушкан (2 Тесалоникалыктар 2:1, 2).

 Кудай кийинчерээк кызматчыларына баарын туура түшүнгөнгө жардам берген. Ал бизге да Ыйык Китепти тагыраак түшүнгөнгө жардам беришин сурап тиленебиз (Жакып 1:5).

a Ыйык Китепте жазылгандарды тагыраак түшүнөгөндө муну эч кимден жашырбайбыз. Бул тууралуу адабияттарыбызга ачык эле жазабыз. Мисал үчүн «Онлайн китепканага» кирип, «Окууларыбыздын тереңирээк түшүндүрүлүшү» деп жазып, издеп көрсөңөр болот.