Мазмунун көрсөтүү

Асман деген эмне?

Асман деген эмне?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепте «асман» деген сөз негизги үч мааниде: 1) кадимки асманды, 2) рухий чөйрөнү, 3) жогорку абалды сүрөттөгөндө колдонулат. Анын кайсы учурда кандай мааниде колдонулганын аныктоого контекст жардам берет a.

  1.   Кадимки асман. Асман деген сөздүн ушул мааниси шамал соккон, канаттуу-куштар учкан, кар менен жаан жааган, чагылган чартылдаган атмосферага карата айтылат (Забур 78:26; Накыл сөздөр 30:19; Ышая 55:10; Лука 17:24). Күн, Ай, жылдыздар жайгашкан космос мейкиндигине карата да айтылат (Мыйзам 4:19; Башталыш 1:1).

  2.   Рухий чөйрө. «Асман» деген сөз көзгө көрүнбөгөн асманды, рухий чөйрөнү, сүрөттөгөндө да колдонулат. Ал чөйрө кадимки ааламдан жогору турат (1 Падышалар 8:27; Жакан 6:38). Көзгө көрүнбөгөн асманда Жахаба Кудай жана ал жараткан периштелер жашайт. Алардын баары — рух (Жакан 4:24; Матай 24:36). Кээде «асман» деген сөз ишенимдүү периштелердин, «ыйыктардын жыйналышын» сүрөттөгөндө колдонулат (Забур 89:5—7).

     Айрым учурда бул сөз рухий чөйрөнүн бир бөлүгүн эле, Жахаба Кудайдын «турак-жайын», сүрөттөгөндө колдонулат (1 Падышалар 8:43, 49; Еврейлер 9:24; Аян 13:6). Мисалы, Ыйык Китепте Шайтандын жана жиндердин асмандан куулуп түшүрүлөрү айтылган. Алар рухий жаратуу бойдон калышса да, мурункудай Жахабанын алдына бара алышпайт (Аян 12:7—9, 12).

  3.   Жогорку абал. «Асман» деген сөз Ыйык Китепте бийликке карата да колдонулуп, жогорку абалды да билдирет. Буга төмөнкүлөр мисал боло алат:

Ыйык Китепте асман кандай сүрөттөлөт?

 Асманда аябай көп иштер аткарылат. Ал жакта «Жахабанын... сөзүн аткарган» жүз миллиондогон периштелер жашайт (Забур 103:20, 21; Даниел 7:10).

 Ыйык Китепте асмандын жаркырап турары айтылат (1 Тиметей 6:15, 16). Жезекиел пайгамбар асмандан аян алганда «жаркырактын» көрүнүшүн көрсө, Даниел пайгамбар «оттуу дарыяны» көргөн (Жезекиел 1:26—28; Даниел 7:9, 10). Асман — ыйык, таза, кооз жай (Забур 96:6; Ышая 63:15; Аян 4:2, 3).

 Ыйык Китепте асмандын кандайча сүрөттөлгөнү кастарлоо сезимин туудурат (Жезекиел 43:2, 3). Анткен менен пенде болгондуктан асмандын кандай экенин толук түшүнө албайбыз.

a Еврей тилиндеги «асман» деп которулган сөз, кыязы, «бийик» же «жогору» деген сөздөрдөн келип чыккан (Накыл сөздөр 25:3). (Кара: «The New Brown, Driver, and Briggs Hebrew and English Lexicon of the Old Testament», 1029-бет.)

b Макклинток менен Стронгдун энциклопедиясында Ышая 65:17деги жаңы асман «жаңы өкмөттү, жаңы падышалыкты» билдирери жазылган («Cyclopedia», IV-том, 122-бет).