Мазмунун көрсөтүү

Түпкү ата-энебиздин күнөөсү. Ал эмне болгон күнөө эле?

Түпкү ата-энебиздин күнөөсү. Ал эмне болгон күнөө эле?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Пенделердин арасынан алгачкылардан болуп күнөө кетиргендер Адам ата менен Обо эне болгон. Алар «жакшы менен жаманды таанытып билдире турган дарактын жемишинен жеп», Кудайдын алдында күнөөгө батышкан a (Башталыш 2:16, 17; 3:6; Римдиктер 5:19). Адам ата менен Обо эне ал дарактын жемишинен жебеши керек болчу. Себеби ал дарак адамдар үчүн эмне жакшы, эмне жаман экенин чечүүгө Кудай гана укуктуу экенин билдирген. Алардын тыюу салынган ошол дарактын жемишинен жегени жаман менен жакшыны өздөрү чечкиси келерин көрсөткөн. Түпкү ата-энебиздин өз билемдик кылганы Кудайдын укугуна кол салганга барабар болгон.

 Күнөө кетиргени Адам ата менен Обо энеге кандай таасир эткен?

 Күнөө кетиргендиктен алгачкы түгөй карып отуруп, акыры, өлгөн. Ошондой эле Кудайдан алыстап, жеткилең ден соолуктан ажыраган жана түбөлүк өмүрдөн кол жууп калган (Башталыш 3:19).

 Күнөө бизге кандай таасир этүүдө?

 Адам ата менен Обо эне күнөө кетиргендиктен, алардын урпактары да күнөөкөр болуп калган. Муну ата-энесинен балдарына өткөн тукум куума ооруга салыштырууга болот (Римдиктер 5:12). Ошол себептен бардык адамдар «күнөөкөр» b, башкача айтканда, жеткилеңсиз, туура эмес иш кылууга жакын болуп төрөлөт (Забур 51:5; Эфестиктер 2:3).

 Күнөөнүн, тактап айтканда, жеткилеңсиздиктин айынан биз да ооруйбуз, карыйбыз жана өлүмгө моюн сунабыз (Римдиктер 6:23). Андан тышкары, өзүбүз жана башкалар кылган туура эмес иштердин кесепетин тартабыз (Насаатчы 8:9; Жакып 3:2).

 Күнөөнүн кесепетинен арыла алабызбы?

 Ооба. Ыйык Китепте Иса Машаяктын өз өмүрүн адамзаттын күнөөлөрү үчүн «курмандык катары» бергени жазылган (1 Жакан 4:10). Исанын курмандыгы бизге тукум кууп өткөн күнөөнүн кесепеттеринен арылууга жана түпкү ата-энебиз айрылган нерсеге — чың ден соолукта түбөлүк өмүр сүрүүгө — жол ачкан (Жакан 3:16). c

 Күнөөгө байланыштуу жаңылыш ойлор

 Жаңылыш ой: Күнөөкөр болгондуктан адамдар Кудай менен ынак мамиледе эч качан боло албайт.

 Чындык: Кудай түпкү ата-энебиздин күнөөсү үчүн бизди күнөөлөбөйт. Ал биздин жеткилең эмес экенибизди түшүнөт. Ошондуктан биз кыла алгандан көптү талап кылбайт (Забур 103:14). Тукум кууп өткөн күнөөнүн кесепетин тартып жатсак да, Кудай менен жакын мамиле өрчүтө алабыз. Мындай сыймыкка ар бир адам ээ боло алат (Накыл сөздөр 3:32).

 Жаңылыш ой: Чөмүлүү адамды күнөөдөн арылтат, ошон үчүн ымыркайларды чөмүлтүш керек.

 Чындык: Куткарылыш үчүн адамдын чөмүлгөнү маанилүү болсо да, ал Исанын өз өмүрүн бергенине ишенип, аны кабыл алганда гана күнөөдөн тазалана алат (1 Петир 3:21; 1 Жакан 1:7). Анын үстүнө, Кудайга болгон ишеним билим алгандан кийин өрчүйт. Ал эми ымыркайлар ишеним өрчүтө алышпайт. Ошол себептен ымыркайларды чөмүлтүү Ыйык Китепке карама-каршы келет. Исанын алгачкы жолдоочулары муну жакшы билген. Алар ымыркайларды эмес, Кудайдын Сөзүнө ишенген эркектер менен аялдарды чөмүлтүшкөн (Элчилер 2:41; 8:12).

 Жаңылыш ой: Обо эне тыюу салынган жемишти биринчи жегендиктен, аялдар Кудайдын каргышына калган.

 Чындык: Кудай аялдарды эмес, Обо энени күнөөгө түрткөн «байыркы жыланды» — Шайтан Ибилисти — каргаган (Аян 12:9; Башталыш 3:14). Андан тышкары, ал кылынган күнөө үчүн аял эмес, биринчи кезекте Адам ата жооптуу экенин айткан (Римдиктер 5:12).

 Эмне үчүн Кудай эркек аялга үстөмдүк кыларын айткан? (Башталыш 3:16). Анын бул сөздөрү эркектердин ошенткенин колдой турганын билдирген эмес. Ал тек гана күнөөнүн кесепети кандай болорун алдын ала эскерткен. Кудай эркектен аялын сүйүшүн, аны урматтап-сыйлашын жана жалпы эле аялзатына терең урмат көрсөтүшүн талап кылат (Эфестиктер 5:25; 1 Петир 3:7).

 Жаңылыш ой: Адам ата менен Обо эненин жыныстык мамиледе болгону күнөө болуп саналган.

 Чындык: Андай болушу мүмкүн эмес. Буга төмөнкү себептер далил:

  •   Кудай Адам атага: «Жакшы менен жаманды таанытып билдире турган дарактын жемишинен жебе»,— деп айткан учурда анын аялы жаратыла элек болчу (Башталыш 2:17, 18).

  •   Кудай Адам ата менен Обо энеге: «Укумдап-тукумдагыла»,— деген буйрук берген (Башталыш 1:28). Андыктан өзү ушундай буйрук берип, аны аткарганы үчүн биринчи түгөйдү жазалаганы таш боордукка жатып калмак.

  •   Адам ата менен Обо эне эки башка учурда күнөө кылган. Биринчи Обо эне, андан кийин Адам ата күнөө кетирген (Башталыш 3:6).

  •   Ыйык Китепте күйөөсү менен аялынын жыныстык мамиледе болушуна тыюу салынбайт (Накыл сөздөр 5:18, 19; 1 Корунттуктар 7:3).

a Көптөр эң биринчилерден болуп Адам ата менен Обо эне күнөө кетирген дешет. Бирок, Ыйык Китепке ылайык, аларга чейин эле рухий жаратуу — Шайтан — күнөө кетирген болчу. Ал Обо энени адаштырып, ага карандай калпты айткан (Башталыш 3:4, 5; Жакан 8:44).

b Ыйык Китепте «күнөө» деген сөз туура эмес иштерге карата эле эмес, бизге тукум кууп өткөн жеткилеңсиздикке карата да колдонулат.

c Исанын өз өмүрүн курмандыкка бергени жана анын бизге кандай пайда алып келери жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн «Иса Машаяк кантип куткарат?» деген макаланы окуп көргүлө.