Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Алар эми дүйнөнүн акырынан коркпой калышты

Алар эми дүйнөнүн акырынан коркпой калышты

Алар эми дүйнөнүн акырынан коркпой калышты

ГАРИ менен Карен 1970-жылдардын аяк ченинде дүйнөнүн акырына аз калды деген жыйынтыкка келишкен. Ошондуктан шаардан айыл жергесине көчүп барып, эч кимден көз каранды болбой өздөрүн өздөрү камсыз кылып жашоону чечишкен болчу. Алар дүйнөнүн акырынан аман калууну каалашкан.

Андыктан дүйнөнүн акырына даярдык көрүү үчүн ар кандай китептерди сатып алып, курстарга жана семинарларга катышышкан, ошондой эле башкалардан да кеңеш сурашкан. Алар бакча отургузуп 50 мөмө багын тигишкен. Ошондой эле үрөндөрдү жана керектүү шаймандарды чогултуп коюшкан эле. Андан тышкары, жашылча-жемиштерди өстүрүп, аларды сактаганды үйрөнүшкөн. Ал эми алардын досу экөөнө мал сойгонду жана этти консервациялаганды үйрөткөн. Чогулткан тамак-ашы түгөнүп калганда тамактаныш үчүн, Карен токойдогу кайсы өсүмдүктөр жана кайсы өсүмдүктөрдүн тамырлары жегенге жарактуу экенин аныктоого үйрөнгөн. Гари болсо темир меш, дандан күйүүчү май жасаганды үйрөнүп, коммуналдык тейлөөдөн көз каранды болбогон үй курган.

«Ошол маалда дүйнөдөгү абал өтө оор болгондуктан,— дейт Карен,— мага цивилизация жок болуп кетчүдөй сезилчү». Гари: «Өзүм курактуу жаштардай эле, мен да Вьетнам согушуна каршы чыгып, расизмге жана паракорчулукка каршы күрөшчүмүн. Бирок андан тез эле көңүлүм калды. Мага адамзат өзүн-өзү жок кылып салчудай көрүнчү»,— дейт.

«Бир күнү кечинде,— дейт Гари,— кичине көбүрөөк убактым болгондуктан Ыйык Китепти алып Матайдын Инжилинен баштап Аян китебине чейин окуй баштадым. Ошентип, төрт күн бою кечкисин Ыйык Китепти аз-аздан окуп жаттым. Бешинчи күнү эртең менен Каренге: „Биз акыркы күндөрдө жашап жатыптырбыз. Жакында Кудай жерди тазалайт экен. Биз дүйнөнүн акырынан аман кала тургандарды табышыбыз керек“,— дедим». Ошентип, экөө ар кайсы диндерге барып, дүйнөнүн акырынан аман калгысы келгендерди издей башташкан.

Көп өтпөй алардын үйүнө Жахабанын Күбөсү келип, ыйык китептик изилдөө башталган. Карен мындай деп эскерет: «Мага анын Ыйык Китепти ушундай сонун түшүндүрүп бергени абдан таасир этти. Ырас, ушунча убакыттан бери издеп келаткан чындыкты — дүйнөнүн акыры жөнүндөгү чындыкты — таптым. Ошондон баштап жаркын келечекке үмүт байладым. Мындан да маанилүүсү, ай-ааламды жараткан Кудай менен ынак мамиле өрчүтө баштадым».

Гари болсо мындай дейт: «Менин жашоом маңыздуу боло баштады. Ыйык Китепти изилдей баштагандан тартып, аны токтоткон жокмун. Мен Ыйык Китептеги пайгамбарлыктарды окуп, алардын чынында эле аткарылгандыгын көрсөткөн далилдерди изилдедим. Мунун аркасында Кудайдын жакында иш-аракет кыларына ынандым. „Адамдар дүйнөнүн акырында боло турган алааматка эмес, Кудай тартуулап жаткан түбөлүк өмүрдү алууга даярданышы керек экен“,— деп ойлодум». Гари менен Карен келечекке карата көз карашын өзгөртүп, жакшы нерселерге үмүттөнө башташкан. Алар дүйнөнүн акырын ойлоп тынчсызданбастан, адамзатты кыйнап келген көйгөйлөрдүн барын Кудай жок кыларына жана жерди кайрадан бейишке айлантарына ынанышкан.

Андан бери 25 жылдан ашуун убакыт өттү. Азыр Гари менен Карен кандай иш менен алек болуп жатышат? Карен мындай дейт: «Мен Жахаба Кудайга болгон сүйүүмдү жана ишенимимди өрчүтүп, башкаларга да ушундай кылууга жардам берүүгө аракет кылып жатам. Гари экөөбүз бири-бирибизге колдоо көрсөтүп, никебизди бекемдеп Кудайга биримдикте кызмат кылып жатабыз. Биз жашообузду уюшкандыкта өткөрүүгө жана башкаларга жардам берүү үчүн жөнөкөй жашоого аракет кылабыз».

Гари мындай деп кошумчалайт: «Мен Кудайдын Падышалыгы жер үстүнөн башкарып, миллиондогондорду кыйынчылыктардан арылтышын сурап дайыма тиленем. Ошондой эле ар дайым Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айтып, жок дегенде бир кишиге Ыйык Китептеги үмүт жөнүндө билүүгө жардам берсем экен деп тиленип келем. 25 жылдан ашык убакыттан бери Жахаба менин тиленүүмө жооп берип келе жатат. Карен экөөбүз Жахабанын жакында жер жүзүндө чоң өзгөрүүлөрдү кыларын билебиз, бирок дүйнөнүн акыры болот деп коркпойбуз» (Матай 6:9, 10; 2 Петир 3:11, 12).

[9-беттеги сүрөт]

Азыр Гари менен Карен башкаларга Ыйык Китептеги үмүт тууралуу билүүгө жардам берүүдөн кубаныч алууда