Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Канткенде бактылуу боло алабыз?

Канткенде бактылуу боло алабыз?

Иса эмнеге окуткан?

Канткенде бактылуу боло алабыз?

Бакыттын сыры эмнеде?

▪ Иса пайгамбар тоодо отуруп элди окутканда сөзүнүн башында эле бакыт жөнүндө айткан. Ал: «Кудайдын жетекчилигине муктаж экенин түшүнгөндөр бактылуу»,— деген (Матай 5:3). Ал эмнени айткысы келген? «Кудайдын жетекчилигине муктаж экенин түшүнүү» деген эмнени билдирет?

Жаныбарлар сыяктуу эле, жашаш үчүн бизге аба, суу, тамак-аш керек. Бирок бактылуу болуу үчүн, жаныбарлардан айырмаланып, биз жашоонун маңызын билишибиз зарыл. Жашоонун маңызын түшүнүүгө бир гана Кудай жардам бере алат. Иса Машаяк: «Адам нан менен гана эмес, Жахабанын оозунан чыккан ар бир сөз менен да жашашы керек»,— деген (Матай 4:4). Кудайдын жетекчилигине муктаж экенин түшүнгөндөр бактылуу, анткени алар «бактылуу Кудай» менен жакын мамиле өрчүтө алышат. Ал эми Жахаба аларды бактылуу болуу үчүн зарыл болгон үмүткө ээ кылат (1 Тиметей 1:11).

Иса кандайча үмүт берген?

▪ Иса пайгамбар: «Жумшак мүнөздүүлөр бактылуу, анткени алар жерди мурасташат»,— деп айткан (Матай 5:5). Ал оорулууларды айыктыруу менен жана өлгөндөрдү тирилтүү менен адам баласына үмүт берген. Ошондой эле адамдарга үмүт берген жакшы кабар тараткан. Ал: «Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди»,— деген (Жакан 3:16). Ооба, Кудайдын тилин алгандардын баары жер бетинде түбөлүк жашашат. Жумшак мүнөздүү жана эч качан карыбаган адамдардын арасында жашаганыңды элестете аласыңбы? Кудай Сөзүндө: «Үмүт менен кубангыла»,— деп айтылганы таң калыштуу эмес (Римдиктер 12:12). Андан тышкары, Иса азыр кантип бактылуу боло аларыбызды айткан.

Иса бактылуу болуунун кайсы жолу жөнүндө айткан?

▪ Иса пайгамбар адамдардын ортосундагы мамилеге, никеге, момундукка жана материалдык нерселерге карата туура көз карашта болууга байланыштуу иш жүзүндө колдонорлук кеңештерди берген (Матай 5:21—32; 6:1—5, 19—34). Анын кеңештерине ылайык жашоо бактылуу болууга жардам берет.

Ошондой эле берешен болуу бактылуу болууга өбөлгө түзөт (Элчилер 20:35). Буга байланыштуу Иса: «Той бергениңде жакырларды, мунжуларды, аксактарды, сокурларды чакыр. Ошондо бактылуу болосуң, анткени алар сага сый көрсөтө алышпайт»,— деп айткан (Лука 14:13, 14). Ооба, өзүн эле ойлобостон, башкаларга жардам берген адам бактылуу болот.

Бактылуу болуунун эң негизги жолу кайсы?

▪ Башкалар үчүн жакшылык кылган адам бактылуу болот, ал эми Кудайга кызмат кылган адам андан да бактылуураак болот. Муну атүгүл балдарын жакшы көргөн ата-эненин кубанычына салыштырып болбойт. Бул төмөнкү окуядан айкын көрүнөт. Иса элди окутуп жатканда элдин арасынан бир аял үнүн бийик чыгарып: «Сени курсагына көтөрүп, эмизген эне бактылуу!» — деген. Ошондо Иса: «Жок, Кудай сөзүн угуп, аны аткаргандар бактылуу!» — деп айткан (Лука 11:27, 28).

Иса пайгамбар Кудайдын эркин аткаруудан канааттануу алып, өзүн бактылуу сезген. Ал эми Кудай адамдардын түбөлүк өмүр жөнүндөгү кабарды угушун каалайт. Бир жолу Иса: «Менин тамагым — мени жибергендин эркин аткаруу»,— деп айткан (Жакан 4:13, 14, 34). Сен дагы башкаларга Ыйык Китептеги чындыктарды айтып, Кудайдын эркин аткаруу менен бактылуу боло аласың.

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган бул китептин 1-бөлүмүн карагыла.

[16-беттеги сүрөт]

Жашоонун маңызы эмнеде экенин түшүнгөндөр бактылуу