Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Миссионерлер «шакирт даярдоого» жөнөтүлүштү

Миссионерлер «шакирт даярдоого» жөнөтүлүштү

Гилат мектебинин 128-классы

Миссионерлер «шакирт даярдоого» жөнөтүлүштү

«БАРДЫК адамдар жакшы кабарды угушу үчүн Исанын айрым жолдоочулары кабар айтуу үчүн үй-бүлөсүн, үй-жайын таштоого даяр болуп, башка өлкөлөргө көчүп барышкан». Ушул сөздөр менен Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңешинин мүчөсү Дейвид Сплэйн угармандардын жүрөгүн бекемдээрлик кечеге даярдады.

2010-жылдын 13-мартында 8000ге жакын киши Күзөт мунарасынын ыйык китептик Гилат мектебинин 128-классынын бүтүрүү аземине келишкен. Программага бүтүрүүчүлөрдүн достору, туугандары жана 27 өлкөдөн келген коноктор катышты.

«Шакирттер үйдө отура беришкен эмес»

Программанын төрагасы Сплэйн бир тууган бүтүрүү аземин Иса Машаяктын: «Ошондуктан баргыла да, бардык элдерден шакирт даярдагыла»,— деген сөздөрүн талкуулоо менен баштады (Матай 28:19, 20). Ал Иса Машаяктын шакирттерин элдерге жибергенин баса белгиледи. Б.з. 33-жылы Месопотамиядан, Түндүк Африкадан жана Рим империясынын ар кайсы жерлеринен Иерусалимге Элүүнчү күн майрамына келгендер Кудай жөнүндө жакшы кабарды угушкан. Ошондой болсо да, баяндамачы баса белгилегендей, «шакирттер адамдардын аларга келерин күтүп үйдө отура беришкен эмес. Алар жакшы кабар айтуу үчүн жердин учу-кыйырына чейин барышы керек эле» (Элчилер 1:8).

Дейвид Сплейн сөзүн андан ары мындай деп улады: «Иса шакирттерине эмне кылуу керек экенин айтып эле койбостон, кантип кылуу керек экенин да көрсөткөн. Ал шакирттерине тиленүү керектигин эле айтпастан, кантип тиленүү керектигин үйрөткөн. Ошондой эле кабар айткыла деп эле койбостон, кантип кабар айтуу керек экенин көрсөткөн. Андан тышкары, жакшы окутуучу болуу керек экенин эле айтып койбостон, окутуунун жакшы, натыйжалуу ыкмаларын үйрөткөн».

Программанын төрагасы Исанын шакирттерине берген: «Дүйнө түзүлүшү аяктаганга чейин, мен ар күнү силер менен болом»,— деген убадасын бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелеринин эсине салды (Матай 28:20). Ал угуучуларды Исанын бүтүрүүчүлөргө жаңы дайындоосунда да кам көрө берерине ынандырды.

«Алдыга кадам шилтеп, „Жахаба менен мактан“»

Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Энтони Моррис бүтүрүүчүлөрдү «алдыга кадам шилтеп, „Жахаба менен мактанууга“» үндөдү. Ал орундуу жана орунсуз мактануунун айырмасы жөнүндө айтты. Орунсуз мактанган киши өзүнүн даңкталышын каалайт. Ал эми орундуу мактануу 1 Корунттуктар 1:31де жазылгандарга ылайык келет. Ал жерде: «Ким мактанса, Жахаба менен мактансын»,— деп айтылган. Моррис бир тууган: «Биз Жахаба Кудай жөнүндө билим алганыбыз менен мактансак болот. Ооба, Жахаба Кудайдын Күбөсү болуп, анын ысмын алып жүрүү сен үчүн да, мен үчүн да чоң сыймык»,— деген сөздөрдү айтты (Жеремия 9:24).

Андан соң ал Африкадагы миссионерлер менен болгон окуяны айтып берип, Кудайдын ысмын башкаларга айтуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Бир миссионер баяндама айтуу үчүн аялы менен кетип баратканда, текшерүүчү пункттан аларды токтотушуп, аскер кызматкери бир тууганга мылтык такап: «Сен кимсиң?» — деп сурайт. Аялы Гилат мектебинен өткөндөрүн эстей коюп, күйөөсүнө: «Мен Жахабанын Күбөсүмүн. Ыйык Китепке негизделген баяндама айтканы баратам деп айт»,— деп шыбырайт. Күйөөсү аялы айткандай жооп бергендиктен, аларды текшерүүчү пункттан өткөрүп жиберишет. Эртеси күнү жубайлар радиодон өлкөнүн президентинин аскерлерге өздөрүн миссионер атаган киши өлтүргүчтөрдөн сак болуу керектигин айтканын угушат. Жубайлар өздөрүн миссионер эмес, Жахабанын Күбөлөрү деп атаганы үчүн көп кыйынчылыктардан кача алышкан. Энтони Моррис баяндамасын: «Дайындалган жерге барганда алдыга кадам шилтеп, Жахаба менен мактангыла. Жахаба силерди колдонуп өзүн даңкташ үчүн кыла турган иштердин баарын айтып мактангыла»,— деген сөздөр менен жыйынтыктады.

«Сен тапшырылган ишти аткарасыңбы?»

Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү, мурун миссионер болуп кызмат кылган Жеффри Жэксон бүтүрүүчүлөргө жогорудагы суроонун үстүнөн ой жүгүртүүгө түрткү берди. Ал: «Миссионер болуп кызмат кылуу деген эмнени билдирет?» — деген суроо берип, «миссионер» деген сөз латын тилинен которгондо өзгөчө тапшырманы аткарууга дайындалган кишиге же топ кишиге карата айтыларын түшүндүрдү. Жахабанын Күбөлөрү катары биздин максатыбыз — башкаларга жакшы кабарды жарыялап, Кудай менен ынак мамиле өрчүтүүгө жардам берүү. Биз кабар айтуу ишин көңүлүнүн борборунда сактаган Иса Машаякты туурап, башкаларга жакшы кабарды жарыялайбыз. Рим башкаруучусу Понтий Пилатка Иса: «Мен чындык жөнүндө күбөлөндүрүү үчүн... дүйнөгө келгем»,— деп айткан (Жакан 18:37).

Ошондой эле баяндамачы бүтүрүүчүлөргө Жерихо шаарын басып аларда болгон окуялар жөнүндө ой жүгүртүүгө жардам берди. Ысрайылдык жоокерлер алты күн бою эртең менен эрте туруп куралданып, шаарды айланып кайра кайтып келишчү. «Адамдык көз караш менен караганда, алардын кылганы акылсыз, пайдасыз иштей көрүнгөн. Атүгүл айрым жоокерлер: „Бекер эле убакыт коротуп жатабыз“,— деп ойлошу мүмкүн эле. Бирок жетинчи күнү ысрайылдыктар шаарды жети жолу айланып, акырында катуу үн менен ураан чакырып кыйкырышкан. Натыйжада Жерихо шаарынын дубалдары түбүнө чейин урап түшкөн» (Жашыя 6:13—15, 20).

Жэксон бир тууган Ыйык Китептеги ушул билдирүүдөн төрт нерсеге үйрөнсө болорун айтты. 1) Баш ийүү абдан маанилүү. Биз тапшырылган ишти өзүбүз каалагандай эмес, Жахаба айткандай аткарышыбыз керек. 2) Жахабага ишенүү жана таянуу маанилүү. Жерихонун дубалдары күч колдонуунун аркасында эмес, «ишенимдин аркасында... кулап калган» (Эврейлер 11:30). 3) Биз чыдамкайлык көрсөтүшүбүз керек. Убакыттын өтүшү менен Жахаба бизге батасын мол төгөт (Мыйзам 28:2). 4) Багынбашыбыз керек. Силерге кандай иш тапшырылганын эч качан эсиңерден чыгарбагыла. Жэксон бир тууган баяндамасынын соңунда: «Эгер ушуларды эсиңерден чыгарбасаңар, Жахабаны даңктап-даңазалап, тапшырылган ишти аткара аласыңар»,— деп айтты.

Программадагы дагы башка баяндамалар

«Ыйык Китепти жана анын Авторун сүйгүлө». Бул баяндаманы Кошмо Штаттардагы филиалдын комитетинин мүчөсү Максвелл Ллойд сүйлөдү. Ал бүтүрүүчүлөргө: «Ыйык Китеп силер үчүн тирүү китеп болушу керек»,— деди. Андан соң төмөнкү сөздөрдү айтты: «Жахаба Кудайга болгон сүйүүңөрдүн сууп калышына эч качан жол бербегиле. Айткандарыңарды баары эле түшүнө берет деп күтпөгүлө. Чындыкты кызыгуучулардын жүрөгүнө жеткирүү үчүн жөнөкөй, түшүнүктүү кылып окуткула. Момун болгула. Өзүңөрдү башкалардан билимдүү эсептебегиле. Үлгүңөр менен үйрөткүлө. Кызыгуучуларга Ыйык Китепти сүйөрүңөрдү көрсөткүлө».

«Каргаларды карагыла». Гилат мектебинде сабак берген, мурун миссионер болуп кызмат кылган Майкл Бернет «Каргаларды карагыла» деген баяндама сүйлөдү. Ал биздин кээде терс ойлор менен күрөшөрүбүздү айтып, Исанын: «Каргаларды карагылачы: алар эгин экпейт, оруп-жыйбайт... Ошентсе да Кудай аларды азыктандырат»,— деген кеңешин унутпоого чакырды (Лука 12:24). Мусанын мыйзамына ылайык, каргалар арам деп эсептелчү. Андыктан ысрайылдыктар карганын этин жебей, алардан жийиркенишчү (Лебилер 11:13, 15). Бирок ошого карабай Кудай каргаларды азыктандырат. «Андыктан келечекте кандайдыр бир чоң кыйынчылыктарга туш болуп калсаңар,— деп сөзүн улады Бернет бир тууган,— каргалар жөнүндө ойлонгула. Кудай таза эмес болуп эсептелген каргага кам көрүп жатса, анын көз алдында таза болуп эсептелген силерге кантип кам көрбөй койсун?»

«Мен сага эч кандай адилетсиздик кылган жокмун». Гилат мектебинде сабак берген Марк Нумар аземдин катышуучуларына Исанын жүзүмдүккө иштөөгө жалданган жумушчулар жөнүндөгү мисалы тууралуу ой жүгүртүүгө жардам берди. Мисалдагы айрым жумушчулар жүзүмдүктө эртеден кечке чейин иштешкен. Кээ бирөөлөрү бир эле саат иштешкен. Бирок баарынын эмгек акысы бирдей эле болгон. Ошондуктан эртеден кечке чейин иштегендер наалый башташат. Ошондо жүзүмдүктүн ээси наалып жаткан жумушчуларга: «Мен сага эч кандай адилетсиздик кылган жокмун. Экөөбүз бир динарга макулдашпадык беле? Өз акыңды ал да, кете бер»,— деп жооп берет (Матай 20:13, 14). Бул мисалдан эмнеге үйрөнсөк болот? Марк Нумар: «Өзүңдү башкалар менен салыштырба. Анткени салыштыруу акырындык менен кубанычтан айрылтат. Эң коркунучтуусу, бул сыймыктуу кызматыңды, дайындооңду таштап салууга алып келет»,— деп айтты. Ошондой эле ал бүтүрүүчүлөргө биздин күндөрдөгү оруп-жыюу ишин Иса өзү жетектеп жатканын жана жолдоочуларын өзү каалагандай колдоно аларын эскертти. Эгер Жахаба менен Иса кимдир бирөөгө кошумча иш тапшырууну чечишсе, алар эч кандай адилетсиздик кылышпайт. Өзүңдүн кылган ишиңе көңүл топтоп, башка бирөөнүн «акысына», башкача айтканда, рухий жетишкендиктерине кызматыңды аткарууга тоскоолдук кылышына эч качан жол бербе.

Кызматта болгон окуялар жана дил маектер

Бир туугандар Гилат мектебинде окуп жаткан маалда Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү жыйналышы менен кызматташып, кабар айтуу ишине катышып жатышты. Гилат мектебинде сабак берген Сэм Роберсон бир тууган айрым бүтүрүүчүлөр менен маек куруп, аларды кызматта болгон окуялардан айтып берүүгө чакырды. Алсак, Алессандра Киркле деген бир тууган баласынын тамеки чеккенине аябай тынчсызданып жүргөн бир аялга кабар айтканын айтып берди. Алессандра кийинки жолу келгенде аялды кызыктырган темадагы «Ойгонгула!» журналын алып келген. Үйүндө эч ким жок болгондуктан, Алессандра журналды калтырып кеткен. Акыры, Алессандра ал аялга жолуккан. Аял аны үйүнө киргизип, журнал таштап кеткени үчүн ыраазычылык билдирген. Ошондой эле: «Кудай мени сынаш үчүн кыйынчылыктарды берет деп көп ойлоном»,— деп ою менен бөлүшкөн. Алсессандра ага Ыйык Китептин жардамы менен башыбызга түшкөн кыйынчылыктардын баарына Кудай күнөөлүү эмес экенин түшүндүрүп берген (Жакып 1:13). Азыр ошол аял да, анын баласы да Ыйык Китепти изилдөөдөн кубаныч алып жатышат.

Кызмат бөлүмүндө кызмат кылган Мелвин Жонс Гилат мектебин мурун бүтүргөн үч бир тууган менен — Албанияда кызмат кылып жаткан Жон Соммеруд, Кенияда кызмат кылган Марк Андерсон жана Теократиялык мектептер бөлүмүндө кызмат кылган Жеймс Хиндерер менен — маек курду. Үчөө тең Гилат мектеби миссионерлерге ыйык китептик билим эле бербестен, алар ким болбосун, кайсы жакта кызмат кылышпасын, алган билимин жашоодо колдонууга да үйрөтөрүн баса белгилешти.

Миссионерлердин бири бүтүрүүчүлөрдүн атынан жүрөк козгоорлук ыраазычылык катын окуп берди. Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрүнүн эң улуусу, 96 жаштагы Жон Барр, Гилат мектебинин 128-классынын бүтүрүүчүлөрүнө Жахабага батасын беришин сурап тиленип, программаны жыйынтыктады.

[31-беттеги кутуча]

КЛАСС ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ

8 Студенттер келген өлкөлөрдүн саны

54 Студенттердин саны

27 Жубайлардын саны

35,2 Орточо жашы

19,1 Чындыкта жүргөн жылдарынын орточо саны

13,8 Толук убакыт кызмат кылган жылдарынын орточо саны

Бүтүрүүчүлөр дайындалган 25 өлкө төмөндө көрсөтүлдү

МИССИОНЕРДИК ДАЙЫНДООЛОР

АЛБАНИЯ

АРУБА

БОЛИВИЯ

КАМБОЖА

КОТ-Д’ИВУАР

ДОМИНИКАН РЕСПУБЛИКАСЫ

ЭКВАДОР

ГАНА

ГВАТЕМАЛА

ГВИНЕЯ

ГАЙАНА

ГОНДУРАС

ИНДОНЕЗИЯ

КОСОВО

ЛАТВИЯ

ЛИБЕРИЯ

МАДАГАСКАР

МОНГОЛИЯ

НАМИБИЯ

НИКАРАГУА

ПАРАГВАЙ

РУМЫНИЯ

РУАНДА

СЕРБИЯ

ТАЙВАНЬ

(АВСТРАЛИЯДАГЫ ФИЛИАЛДЫН ДАЙЫНДООСУ)

Күзөт мунарасынын ыйык китептик Гилат мектебинин 128-бүтүрүүчү классы

Катарлар төмөндөн жогору карай номурланып, ысымдар солдон оңго саналат.

1) Келер Э.; Остопович И.; Жейкобсен С.; Ариас М.; Дикман И.; Танака Ж.; Харада К.

2) Камачо Л.; Киркле А.; Родригес С.; Ворд Б.; Треналон К.; Викториа В.; Оксли Ф.; Нюен К.

3) Оксли О.; Де Диос А.; Линдстрем Ш.; Ален Ж.; Мидс Т.; Водингтон Ж.; Викториа Е.

4) Харада Х.; Линдстрем А.; Орсини Е.; Лог Д.; Мисюд Т.; Бергзгерон С.; Камачо Г.; Ворд Т.

5) Киркле В.; Нюен Х.; Кремер Е.; Буэрго С.; Титмас Н.; Де Диос К.; Родригес А.; Водингтон М.

6) Дикман Ж.; Ален К.; Титмас Р.; Ариас Ж.; Бергзгерон Э.; Келер Ж.; Остопович Ф.; Буэрго Ф.

7) Танака К.; Кремер Ж.; Жейкобсен Р.; Треналон Ж.; Лог Ж.; Мидс Д.; Мисюд Д.; Орсини Э.

[30-беттеги сүрөт]

Бүтүрүүчүлөр кызматта болгон окуяны көрсөтүп берүүдө