Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бардык адамдардын Кудай жөнүндө билим алууга мүмкүнчүлүктөрү бирдейби?

Бардык адамдардын Кудай жөнүндө билим алууга мүмкүнчүлүктөрү бирдейби?

Окурмандардын суроолору

Бардык адамдардын Кудай жөнүндө билим алууга мүмкүнчүлүктөрү бирдейби?

▪ Исадан эң маанилүү осуят кайсы деп сурашканда, ал: «Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен сүй»,— деп айткан (Матай 22:37). Адамдар Кудайды сүйө алышы үчүн адегенде ал жөнүндө так билимге ээ болушу керек (Жакан 17:3). Адамдардын бардыгынын Кудай жөнүндө так билим алууга мүмкүнчүлүктөрү бирдейби?

Кудай жөнүндө так билимди, негизинен, Ыйык Китептен ала алабыз (2 Тиметей 3:16). Көптөр Ыйык Китеп кеңири тараган аймактарда жашашат. Мындай аймакта жашагандар Ыйык Китепти изилдөө аркылуу Кудай жөнүндө так билимге ээ боло алышат (Матай 28:19). Айрымдар Исанын жолун жолдогон үй-бүлөдө чоңоюшкан. Ата-энелери аларга күнүгө Кудай жөнүндө билим беришкен (Мыйзам 6:6, 7; Эфестиктер 6:4).

Кээ бирөөлөрдүн жагдай-шарты кыйыныраак болушу мүмкүн. Айрымдар ата-энесинин мээримин көрбөй, уруш-талаш кетпеген үй-бүлөдө чоңоюшкан (2 Тиметей 3:1—5). Ушундай үй-бүлөдө чоңойгондорго Кудайды мээримдүү Атадай көрүү кыйынга турат. Көптөрдүн билим алууга мүмкүнчүлүгү болбой, кат-сабаты жоюлбагандыктан, Ыйык Китепти өз алдынча окуй алышпайт. Башкалардын акылын жалган диндердин окуулары сокур кылып койгон же алар Ыйык Китептин окууларын кабыл албаган өлкөдө, коомдо же үй-бүлөдө жашашат (2 Корунттуктар 4:4). Ушундай адамдардын жагдай-шарты аларга Кудай жөнүндө билим алууга жана аны сүйүүгө тоскоолдук кылабы?

Иса кээ бир адамдарга Кудайды сүйүп ага баш ийүүгө айрым кыйынчылыктар тоскоолдук кыларын айткан (Матай 19:23, 24). Бирок ал шакирттерине адам үчүн мүмкүн эместей көрүнгөн нерселердин баары Кудай үчүн мүмкүн экенин эскерткен (Матай 19:25, 26).

Төмөнкү нерсеге көңүл бурсаңар: Кудайдын Сөзү, Ыйык Китеп — байыркы убактан бери кеңири таралган китеп. Ыйык Китепте Жахаба Кудай жана анын ой-ниети жөнүндөгү жакшы кабардын «бардык элдерге» таратылары алдын ала айтылган (Матай 24:14). Бүгүнкү күндө Жахабанын Күбөлөрү ошол жакшы кабарды 230дан ашык өлкөдө таратып жатышат жана Ыйык Китепке негизделген адабияттар 500дөй тилде чыгарылууда. Атүгүл Ыйык Китепти окуй албагандар да жаратылышка байкоо салуу менен чыныгы Кудай жөнүндө биле алышат (Римдиктер 1:20).

Андан тышкары, Ыйык Китепте: «Теңир бардык жүрөктөрдү сынап турат, эмне ойлогонуңарды билип турат. Эгерде Кудайды издесең, Аны табасың»,— деп жазылган (1 Жылнаама 28:9). Жахаба Кудай бардык адамдардын ал жөнүндө билүүгө бирдей мүмкүнчүлүгү болорун убада кылбаса да, жүрөгү таза адамдардын баарында ушундай мүмкүнчүлүк болоруна шектенбесек болот. Кудай атүгүл ал жөнүндө эч качан билим албагандарды да адилеттик өкүм сүргөн жаңы дүйнөгө тирилтүү менен билим алууга мүмкүнчүлүк түзүп берерин айткан (Элчилер 24:15).