Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | АКЫР ЗАМАНГА АЗ КАЛДЫБЫ?

Акыр заман деген эмне?

Акыр заман деген эмне?

Акыр заман деген сөздү укканда оюңарга дароо эле эмне келет? Асмандан астероид түшүп, жер бети талкаланып, адамдардын баары кырылып жатканын элестетесиңерби? Же бүт дүйнөнү кыйроого учурата турган табигый кырсыкты, же болбосо үчүнчү дүйнөлүк согушту элестетесиңерби? Ушу сыяктуу кептерди угуп, айрымдар катуу тынчсызданышса, башкалар жомок көрүп, күлкүсү келиши мүмкүн.

Анткен менен Ыйык Китепте: «Дүйнө түзүлүшүнүн акыры келет»,— деп жазылган (Матай 24:14). Ыйык Китепте ушул эле окуя «Кудайдын улуу күнү» жана «Армагедон» деп да аталат (Аян 16:14, 16). Учурда эл арасында буга байланышкан үрөйдү учурган жана акылга сыйбаган толгон-токой диний көз караштар бар. Бирок Ыйык Китептен акыр заман деген эмнени билдирерин, эмнени билдирбесин так-даана түшүнүүгө болот. Ошондой эле ал китептен акыр заманга аз калган-калбаганын да билүүгө болот. Андан да маанилүүсү, Ыйык Китепте андан кантип аман калса болору да жазылган! Эмесе, адегенде акыр заманга байланыштуу айрым жаңылыш ойлорго токтололу, андан соң Ыйык Китепте жазылган боюнча анын чынында эмнени билдирерин карап көрөлү.

ЖАҢЫЛЫШ ОЙЛОР

  1. ЖЕР КУЙКАЛАНЫП, КЫЙРАТЫЛАТ.

    Ыйык Китепте Кудайдын «жерди бекем пайдубалга орноткону» жана «ал кылымдан кылымга, түбөлүктөн түбөлүккө козголбой» турганы жазылган (Забур 104:5). Ыйык Китептеги ушул жана башка аяттар бизди Кудайдын жерди кыйратпай турганына, ошондой эле башкалардын да кыйратышына жол бербей турганына ынандырууда (Насаатчы 1:4; Ышая 45:18).

  2. КОКУСУНАН БОЛОТ.

    Ыйык Китепте акыр заман капысынан эле болуп кетпестен, Кудай белгилеп койгон убакта болору айтылган. Бул тууралуу Иса Машаяк: «Ал күндү же саатты эч ким: асмандагы периштелер да, Уул да билбейт, Атам [Кудай] гана билет. Байкагыла, сергек болгула, анткени белгиленген убакыттын качан келерин билбейсиңер»,— деп айткан (Марк 13:32, 33). Демек, ал күндүн так «белгиленген убактысы» бар.

  3. АДАМДЫН ИШ-АРАКЕТИНИН ЖЕ АСТЕРОИД ТҮШКӨНҮНҮН НАТЫЙЖАСЫНДА БОЛОТ.

    Акыр заман эмненин натыйжасында болот? Аян 19:11де: «Мен ачылган асманды жана ак боз атты көрдүм. Анын үстүндө отурган Ишенимдүү жана Чыныгы деп аталат»,— деп жазылган. Ал эми 19-аятында: «Анан мен аттын үстүндө отурганга жана анын аскерлерине каршы согушканы чогулган жырткычты, жер жүзүнүн падышалары менен алардын аскерлерин көрдүм»,— деп улантылат (Аян 19:11—21). Бул сөздөрдүн көбү каймана мааниде айтылганы менен, мындан Кудай ага каршы чыккан душмандарды жок кылуу үчүн периштелерден турган аскерин жибере турганын айкын түшүнүүгө болот.

Ыйык Китепте дүйнөнүн акыры жөнүндө айтылгандар жаман кабар эмес, кубанычтуу кабар

ЧЫНЫНДА ЭМНЕ БОЛОТ?

  1. АДАМДЫК ӨКМӨТТӨР ЖОЮЛАТ.

    Ыйык Китепте бул мындай деп түшүндүрүлөт: «Асман Кудайы эч качан кыйратылбай турган Падышалыкты [өкмөттү] орнотот. Ал Падышалык бир да элге өткөрүлүп берилбейт. Ал ушул падышалыктардын баарын талкалайт, жок кылат, өзү болсо түбөлүк турат» (Даниел 2:44). Ошондо, буга чейинки 3-пунктта жазылгандай, «аттын үстүндө отурганга жана анын аскерлерине каршы согушканы» чогула турган «жер жүзүнүн падышалары менен алардын аскерлери» кыйратылат (Аян 19:19).

  2. СОГУШ, ЗОМБУЛУК ТОКТОЙТ, АДИЛЕТСИЗДИК ЖОЮЛАТ.

    «[Кудай] жердин учу-кыйырына чейин согуштарды токтотот» (Забур 46:9). «Жерде чынчыл адамдар жашайт, айыпсыз кишилер калат. Ыймансыздар болсо жер бетинен жок кылынат, ишенимсиздер тукум курут болушат» (Накыл сөздөр 2:21, 22). Кудай: «Мына, мен бардыгын жаңы жаратып жатам»,— деп айткан (Аян 21:4, 5).

  3. ЭЛДИ АДАШТЫРГАН ДИНДЕР ЖОК КЫЛЫНАТ.

    «Пайгамбарлар жалган пайгамбарлык кылып, дин кызматчылар элге өздөрү билгендей үстөмдүк кылып жатышат... Бирок силер акырында эмне кыласыңар?» (Жеремия 5:31). «Ошол күнү көптөр мага: „Мырзам, Мырзам, биз сенин ысмың менен пайгамбарлык кылбадык беле? Сенин ысмың менен жиндерди кууп чыгарбадык беле? Сенин ысмың менен көптөгөн кереметтерди жасабадык беле?“ — деп айтышат. Ошондо аларга: „Мен силерди эч качан таанычу эмесмин! Кеткиле жанымдан, мыйзамсыз иш кылгандар!“ — деп айтам» (Матай 7:21—23).

  4. АЗЫРКЫ ООР АБАЛГА СЕБЕПКЕР БОЛУП ЖАТКАНДАР ЖОК КЫЛЫНАТ.

    Иса Машаяк мындай деп айткан: «Өкүм буга негизделет: дүйнөгө жарык келди, бирок адамдар жарыктан караңгылыкты артык көрүштү. Анткени алардын иштери жаман эле» (Жакан 3:19). Ыйык Китепте мурун да Нух пайгамбардын учурунда дүйнөнүн кыйратылганы жазылган. «Ошол убактагы дүйнө ошол нерселер аркылуу суунун астында калып, кыйратылган. Ал эми азыркы асман менен жер ошол эле сөз боюнча отко, ыймансыз адамдар жок боло турган сот күнүнө сакталып турат» (2 Петир 3:5—7).

Ыйык Китепте келечекте боло турган сот күнү Нух пайгамбардын убагындагы дүйнөнүн кыйратылышына салыштырылганына көңүл бурсаңар. Анын убагында эмне кыйратылды эле? Жер планетасы эмес, «ыймансыз адамдар», башкача айтканда, Кудайдын душмандары жок кылынган. Анын сыңарындай, келечекте келе турган Кудайдын сот күнүндө да ага каршы чыккандар жок кылынат. Ал эми Кудайга баш ийгендер, Нух пайгамбар менен анын үй-бүлөсүнө окшоп, аман калышат (Матай 24:37—42).

Кудай бардык жамандыкты жок кылгандан кийин жер бетиндеги жашоо кандай гана сонун болорун элестетсеңер! Ооба, Ыйык Китепте дүйнөнүн акыры жөнүндө айтылгандар жаман кабар эмес, кубанычтуу кабар. Бирок силерде: «Ыйык Китепте ал күндүн качан келери жазылганбы? Ал күн жакындап калдыбы? Андан кантип аман калса болот?» — деген суроолор туулган чыгар.