Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ӨЛГӨНДӨР КАЙРА ЖАШАШЫ МҮМКҮНБҮ?

Адам өлгөндө эмне болот?

Адам өлгөндө эмне болот?

«Өлгөндөр же асманга, же тозокко, же күнөөдөн арылтуучу жайга барат деп ойлочумун. Мен өзүмдү асманга барганчалык жакшымын деп, бирок тозокко түшкөнчөлүк да жаманмын деп эсептечү эмесмин. Ал эми күнөөдөн арылтуучу жай жөнүндө түшүнүгүм жок болчу. Ушулар тууралуу Ыйык Китептин бир да жеринен окуган эмесмин, тек гана уккам» (Лионел).

«Өлгөндөрдүн баары асманга кетет деп уккам, бирок ишенчү эмесмин. Өлгөндө баары бүтөт деп ойлочумун» (Фернандо).

Балким, силер да: «Адам өлгөндө эмне болот? Көзү өткөндөр кайсы бир жакта кыйналабы? Аларды кайрадан көрөбүзбү? Кандай көз караш туура экенин кантип билсе болот?» — деп ойлонгондурсуңар. Келгиле, Ыйык Китепте бул тууралуу эмне делерине токтололу. Алгач өлүм жөнүндө эмне деп айтыларын, андан соң баарыбызда кандай үмүт бар экенин карап чыгабыз.

Өлгөндөр кандай абалда болот?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? «Тирүүлөр өлөрүн билет, ал эми өлгөндөр эч нерсе билбейт. Аларга эми тиешеси берилбейт, анткени алар эскерилбей калышат. Колуңан келген иштин баарын алыңдын жетишинче жасай бер. Анткени сен бара турган жайда — көрдө — жумуш да, ой жүгүртүү да, билим да, акылмандык да жок» (Насаатчы 9:5, 10) *.

Жөнөкөй сөз менен айтканда, көр — бул адам өлгөндө бара турган жай. Каймана маанидеги ал жайда эч кандай аң-сезим да, тирлик да жок. Мисалы, Аюп пайгамбар бир күндө балдарынын баарынан айрылып, мал-мүлкүнөн кол жууп калганда, анысы аз келгенсип, андан кийин бүт денесин жан сыздаткан жара каптап кеткенде, Кудайга кайрылып: «Мени көргө катып,.. жашыра турсаң кана»,— деп жалбарган (Аюп 1:13—19; 2:7; 14:13). Мындан көрүнүп тургандай, ал көрдү өлгөндөр отко куйкаланып кыйнала турган тозок деп түшүнгөн эмес. Эгер ошентип түшүнсө, андан бетер кыйналарын билип, «көргө жашыра тур» деп суранмак эмес. Ал көрдүн адам бүт азаптан арылып, тынч алып кала турган жай экенин билген.

Мындан тышкары, өлгөндөрдүн абалы тууралуу Кудайдын жетеги менен жазылган Ыйык Китептеги 8 кишинин тирилиши жөнүндөгү билдирүүлөрдөн да билсе болот. ( «Тирилгени Ыйык Китепте жазылган сегиз киши» деген кутучаны карагыла.)

Алардын бири да өлгөндөн кийин бейиште же тозокто болгонун айткан эмес. Эгер алар кайсы бир жерде болгон болсо, сөзсүз айтмак. Ал эми айтса, баары билиши үчүн Ыйык Китепке жазылмак. Бирок Ыйык Китепте эч нерсе жазылган эмес. Демек, ал 8 киши бул туурасында сөз кылган эмес. Себеби өлгөндө эч нерсе сезбей, катуу уйкуда жаткандай абалда болушкан. Ыйык Китепте өлүм айрым учурларда катуу уйкуга салыштырылган. Мисалы, Дөөтү пайгамбар жана Степан деген бир киши жөнүндө «өлүм уйкусуна кеткен» деп айтылган (Элчилер 7:60; 13:36).

Өлгөндөр ошондой абалда кала береби? Алар өлүм уйкусунан ойгонушабы?

^ 7-абз. Түп нускадагы еврейче «шеол», грекче «адис» деген сөздөр Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунда» «көр» деп которулган. Айрым котормолордо бул сөз «тозок» деп которулган, бирок Ыйык Китепте өлгөндөрдү отко салып кыйнай турган жай бар экени айтылбайт.