Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Жашоо деген ушул элеби?

Жашоо силерге өтө эле кыскадай сезилбейби?

Биз бул жарык дүйнөгө ойноп-күлүп, иштеп, балдарды чоңойтуп, акыры барып карыш үчүн эле жаралдык беле? (Аюп 14:1, 2). Бул суроо атүгүл даанышман адамдардын да жүрөгүн өйүгөнүн Ыйык Китептен билүүгө болот. (Окугула: Насаатчы 2:11.)

Жашообуздун кандайдыр бир максаты, маңызы барбы? Муну билерден мурун: «Жашоо кантип пайда болгон?» — деген суроого жооп алышыбыз керек. Укмуштуудай татаал түзүлүштөгү мээбизди жана денебизди изилдеп көргөндөн кийин көптөр акылман Жаратканыбыз бар деген жыйынтыкка келишкен. (Окугула: Забур 139:14.) Жараткан бар болсо, анда ал сөзсүз кандайдыр бир максатты көздөшү керек эле. Ал эмне болгон максат экенин билип алсак, жашообуз маңыздуураак болот.

Адам эмне үчүн жаратылган?

Кудай биринчи түгөйдү жаратып, аларга жүрөк толкутарлык тапшырма берген. Кудай адамдардын укумдап-тукумдап, жер бетин толтурушун жана жерди бейишке айлантып, түбөлүк жашашын каалаган. (Окугула: Башталыш 1:28, 31.)

Бирок адамдар Кудайдын бийлигине каршы чыккандыктан, анын ой-ниети өз учурунда аткарылбай калган. Анткен менен Кудай адамзатты четке кагып койгон эмес, өзүнүн ой-ниетинен да баш тарткан эмес. Ыйык Китепте Кудай өзүнө берилген адамдарды сактап калыш үчүн чара көрүп жатканы жана анын жерге байланышкан ниети сөзсүз аткарылары айтылган. Кудай силердин да ал башында ниет кылгандай жашоону көрүшүңөрдү каалайт. (Окугула: Забур 37:29.) Кудайдын ой-ниетинин жеке силерге кандай таасир тийгизерин Ыйык Китептен билсеңер болот.