Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ӨЛГӨНДӨР КАЙРА ЖАШАШЫ МҮМКҮНБҮ?

Өлгөндөрдүн үмүтү барбы?

Өлгөндөрдүн үмүтү барбы?

Өлгөндөр тирилиши мүмкүнбү?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? «Мүрзөлөрдө жаткандардын баары [Иса Машаяктын] үнүн уга турган убак келет. Ошондо өлгөндөр мүрзөдөн чыгышат» (Жакан 5:28, 29).

Иса Машаяк келечекте анын Падышалыгы башкарган учурда мүрзөлөрдүн баары бошой турганын алдын ала айткан. «Жакан 5:28, 29дагы сөздөрдү биринчи жолу окуганда аябай таң калгам. Ошондо менде жаркын келечекке болгон үмүт пайда болгон»,— дейт буга чейинки макалада айтылган Фернандо.

Байыркы учурда жашаган Аюп пайгамбар ал көз жумгандан кийин, Кудай аны кайрадан тирилтерине эч шектенген эмес. Ал: «Өлгөн киши кайра жашайбы?» — деп сурагандан кийин, кайра эле өзү: «Кулчулукта жүргөн бардык күндөрүмдө [көрдө жаткан убакта] боштондукка чыгар маалымды күтөм. Сен чакырасың — мен жооп берем»,— деп ишенимдүү түрдө айткан (Аюп 14:14, 15).

Лазардын тирилгени бизге келечекке үмүт байлоого негиз берет

Өлгөндөрдүн тирилерин Лазардын бир тууганы Марта да билген. Лазар каза болгондо, Иса Машаяк Мартага: «Бир тууганың тирилет» — дегенде, Марта ага: «Анын акыркы күнү, тирилүү убагында тирилерин билем»,— деп айткан. Ошондо Иса Машаяк: «Мен тирилүүмүн жана өмүрмүн. Мага ишенген адам өлсө да, кайра тирилет»,— деген (Жакан 11:23—25). Анан Лазарды тирилткен. Бул жүрөк толкутарлык билдирүү келечекте да ушундай укмуштуу окуялар болорунан кабар берип турат. Бүт дүйнө жүзү боюнча өлгөндөрдүн тирилип жатканын элестетсеңер!

Айрымдар асманда жашаш үчүн тирилеби?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? Ыйык Китептен Иса Машаяктын тирилиши буга чейинки макалада баяндалган сегиз кишинин тирилишинен айырмаланарын көрүүгө болот. Ал сегиз киши тирилгенде мурункудай эле жер үстүндө жашаган. Ал эми Иса Машаяк тирилгенден кийин асманга көтөрүлүп, «Кудайдын оң жагына отурган» (1 Петир 3:21, 22). Тирилгендердин арасынан асманга Иса Машаяк гана барат беле? Жерде жүргөндө ал өзүнүн шакирттерине: «Барып, орун даярдаганымда кайра келем да, силер да менин жанымда болушуңар үчүн, силерди алып кетем»,— деген (Жакан 14:3).

Иса Машаяк асманга барып, айрым жолдоочуларына орун даярдаган. Тирилгенден кийин асманга бара тургандардын саны 144 000 (Аян 14:1, 3). Алар асманга барганда эмне иш кылышат?

Алар ал жакта чоң иш аткарышат. Ыйык Китепте: «Биринчи тирилүүгө катышкандар бактылуу жана ыйык. Экинчи өлүм алардын үстүнөн бийлик кыла албайт. Алар Кудай менен Машаяктын дин кызматчылары болуп, Машаяк менен 1 000 жыл падышалык кылышат»,— делет (Аян 20:6). Демек, тирилгенден кийин асманга бара тургандар Иса Машаяк менен бирге падышалар жана дин кызматчылар катары кызмат кылышат.

Андан кийин кимдер тирилет?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? Элчи Пабыл мындай деген: «Мен да, булар сыяктуу эле, адил адамдардын да, адил эмес адамдардын да тирилерине ишенип, Кудайга үмүт артам» (Элчилер 24:15).

Ыйык Китеп бизди миллиарддаган кишилердин тирилерине ынандырат

Элчи Пабыл айткан адил адамдарга кимдер кирет? Бир мисал карап көрөлү. Даниел пайгамбарга өмүрүнүн аягында: «Сен эс аласың, ал эми күндөрдүн акырында үлүшүңдү алыш үчүн кайра турасың»,— деп айтылган (Даниел 12:13). Өлүм уйкусунан ойгонгондо ал каякта жашайт? Ыйык Китепте: «Адил адамдар жерди мураска алып, жер бетинде түбөлүк жашашат»,— деп жазылган (Забур 37:29). Иса Машаяк да: «Мүнөзү жумшактар бактылуу, анткени алар жерди мурасташат»,— деп айткан (Матай 5:5). Демек, Даниел пайгамбар жана Кудайга берилген башка адамдар кайрадан жердеги жашоого тирилип, түбөлүк өмүр сүрүшөт.

Ал эми адил эмес адамдарга кимдер кирет? Аларга көпчүлүгү Ыйык Китепти окуп-түшүнүүгө мүмкүнчүлүгү болбогондуктан Кудайдын осуяты боюнча жашабаган көзү өтүп кеткен миллиарддаган кишилер кирет. Алар тирилгенде Жахаба Кудайды * жана Иса Машаякты таанып-билүүгө мүмкүнчүлүгү болот (Жакан 17:3). Жахаба Кудайдын жолуна түшүүнү чечкендер Жахабадай болуп түбөлүк өмүр сүрө алышат.

Кудайдын жолуна түшүүнү чечкендерге ден соолукта болуп, бакытка бөлөнүп, түбөлүк жашаганга мүмкүнчүлүк берилет

Жердеги жашоо кандай болот?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? «Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт» (Аян 21:4). «Адамдар үйлөрдү куруп, курган үйлөрүндө жашашат, жүзүм отургузуп, мөмөлөрүн жешет» (Ышая 65:21).

Тирилген жакындарыңар менен ушундай сонун шарттарда жашап жатканыңарды элестетсеңер! Бирок: «Өлгөндөр тирилерине эмне үчүн ишенсе болот?» — деген дагы бир суроо бар. Эмесе, ошого токтололу.

^ 15-абз. Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат.