Мазмунун көрсөтүү

Үй-бүлө үчүн кеңештер

Бул макалаларда үй-бүлөлөр үчүн Ыйык Китепке негизделген пайдалуу кеңештер камтылат a. Үй-бүлө үчүн макалаларды «Нике жана үй-бүлө» деген бөлүктөн көрө аласыңар.

a Бул бөлүктөгү айрым кишилердин ысымдары өзгөртүлдү.

Нике

Өмүрлүк жарыңардын кайсы бир сапатына кыжырданганда ал сапаттын жакшы жагын издегиле

Өмүрлүк жарыңардын кыжырыңарга тийген кайсы бир сапатынан улам уруш чыгарбай, анын жакшы жактарын көргөнгө аракет кылгыла.

Чыдамдуулукту кантип өрчүтсө болот?

Жубайлардын экөө тең жеткилеңсиз болгондуктан, көйгөйлөр сөзсүз болот. Нике бекем болушу үчүн, сабырдуулук керек.

Канткенде урмат көрсөтө аласыңар?

Жубайлардын бири-бирин урматтап-сыйлашы анда-санда эле кылып койсо боло турган нерсе эмес. Урмат-сый дайыма болушу зарыл. Жубайыңарды сыйлаарыңарды кантип көрсөтө аласыңар?

Канткенде ыраазы экениңерди билдире аласыңар?

Жубайлардын бири-биринин жакшы сапаттарын байкаганга жана баалаганга аракет кылганы алардын мамилесин бекемдейт. Жубайыңарга ыраазычылыгыңарды кантип билдире аласыңар?

Канткенде коломто оту өчпөйт? Жарыңарга ынак болгула

Жумуштун, стресстин жана күнүмдүк турмуштун айынан жубайлар бири-биринен алыстап кетиши мүмкүн. Алар кайрадан баштагыдай ынак боло алышабы?

Сүйөрүңөрдү кантип билдирсеңер болот?

Жубайлар бири-бирине болгон сүйүүсүн кантип билдире алышат? Буга байланыштуу Ыйык Китепке негизделген төрт кеңешти окуп көргүлө.

Берилгендигиңерди сактагыла

Никедеги берилгендик тушап турган кишенби же никени бекемдеп турган нерсеби?

Жумушту жумушуңарда калтыргыла

Жумушуңар жарыңардын ордун ээлеп алышына бөгөт койгон беш кеңеш.

Акча кармаганды билесиңерби?

Акчаны кандай кармаарыңар жөнүндө, акчаңар түгөнгөндө эмес, ага чейин ойлонгула. Акча кармаганды кантип үйрөнсө болорун окуп көргүлө.

Кайын журт менен болгон мамиле

Бул макаладагы үч кеңеш кайын журтка байланыштуу көйгөйлөрдөн улам жубайыңар экөөңөрдүн мамилеңердин бузулбашына жардам берет.

Жубайлардын көз карашы айырмаланганда

Канткенде жубайлар ортодогу келишпестикти чечип, ынтымактуу жашай алышат?

Айырмаңар араңарды алыстатышы керекпи?

Жубайың экөөңөр бири-бириңерге ылайык келбегендей сезилген учурларыңар болду беле?

Таарынычтан кантип арылса болот?

Жубайыңар жүрөгүңөрдү оорутканда аны кечирүү катасын олуттуулугун кемитишиңер же өзүңөрдү эч нерсе болбогондой алып жүрүшүңөр керектигин билдиреби?

Ачууга алдырбаш үчүн эмне кылса болот?

Ачууга алдыруу да, ачууну ичте кармоо да ден соолукка зыян. Анда жубайыңар кыжырыңарды келтиргенде, эмне кылсаңар болот?

Балдар өз алдынча болуп кетишкенде...

Балдары чоңоюп, өз алдынча болуп кетишкенде, айрым жубайлар чоң кыйынчылыктарга туш болушат. Алар кыйынчылыктарын кантип чече алышат?

Достугуңар ынактыкка айланып баратса...

«Биз жөн эле доспуз» деген ойдосуңарбы? Ошондой болсо, Ыйык Китептеги принциптер мамилеңердин кандай экенин текшергенге жардам берет.

Үй-бүлөлүк жашооңор силер күткөндөй болбой калганда...

Бири-бириңерге көңүлүңөр сууп, өзүңөрдү кишенделгендей сезип жатасыңарбы? Анда никеге байланыштуу 5 кеңешти окуп көргүлө.

Кызганычтан качыш үчүн эмне кылса болот?

Жубайлар бири-бирине ишенбей, бири-бирин аңдый беришсе, бактылуу боло алышпайт. Андыктан, орунсуз кызганычтан кантип качсаңар болот?

Порнография — никени талкалаган жоо

Бул кеңештер порнография көргөнүңдү таштап, жубайың менен мамилеңди калыбына келтиргенге жардам бере алат.

Пикирлешүү

Канткенде бири-бириңерге жетиштүү убакыт бөлө аласыңар?

Айрым жубайлар бир бөлмөдө отурса да, бири-бири менен пикирлешпеши мүмкүн. Канткенде жубайлар бири-бирине жетиштүү убакыт бөлө алышат?

Телефонду өз орду менен колдонуп жатасыңарбы?

Телефон никени же бекемдеши, же ага доо кетириши мүмкүн. Ал эми силердин никеңерге кандай таасир этүүдө?

Көйгөйлөрдү талкуулоо

Эркектер менен аялдар эки башкача ой жүгүртөт. Ушул айырмачылыкты түшүнүү көп көйгөйлөрдү алдын алууга жардам берет.

Кунт коюп угуш үчүн эмне кылыш керек?

Кунт коюп угуу жөн эле угуп коюуну билдирбейт, бул жарыңарды сүйөрүңөрдү көрсөтүүнүн жолу болуп саналат. Канткенде кунт коюп укканга үйрөнө аларыңарды окуп көргүлө.

Кантип бир пикирге келсе болот?

Талашып-тартышпаганга жана бир пикирге келүүгө жардам берген төрт кеңеш.

Коркутуп сүйлөбөй коюу туурабы?

Эмне үчүн айрым жубайлар бири-бирин коркутуп, көпкө чейин сүйлөшпөй калышат? Аларга бул көйгөйдү чечкенге эмне жардам берет?

Талашып-тартышпаш үчүн...

Жубайыңар менен дайыма эле талашып-тартыша бересиңерби? Никеңерди бекемдей турган Ыйык Китептеги кеңештерди окуп көргүлө.

Суук сөз айткандан алыс болгула

Суук сөздөрдүн айынан жубайың экөөңөрдүн мамилеңер муздап баратса, эмне кылсаңар болот?

Кечирим суроо кыйынбы?

Күнөө силерде эмес болсо, кечирим суроо керекпи?

Кечириш үчүн...

Жубайларга бири-бирин кечирүү эмне үчүн кыйынга турат? Буга байланыштуу Ыйык Китепте кандай кеңештер бар экенин окуп көргүлө.

Балдарды чоңойтуу

Канткенде жакшы ата боло аласыңар?

Аялыңар кош бойлуу кезинде кандай күйөө болгонуңардан кийин балаңар төрөлгөндө кандай ата болоруңар көрүнөт.

Балдарды бала бакчага бериш керекпи?

Балаңарды бала бакчага берерде 4 суроо жөнүндө ой жүгүртүп көргүлө.

Балама смартфон керекпи?

Балаңардын смартфон көтөрүүгө даяр экенин, өзүңөрдүн кошумча жоопкерчилик алууга даяр экениңерди билиш үчүн бул макаладагы суроолор тууралуу ойлонуп көргүлө.

Балама смартфонду эстүүлүк менен колдонгонду кантип үйрөтсөм болот?

Атүгүл телефондун тияк-биягын кыйын чукулаган балдар да аны туура колдонгонду билбейт. Ошондуктан ата-эненин жардамына муктаж.

Балаңарды порнографиядан калкалагыла

Балдар порнографияга силер ойлогондон да оңой «кабылып» калышы мүмкүн. Эмнелерди билишиңер керек? Балаңарды коргош үчүн эмне кылсаңар болот?

Китеп окуу балдар үчүн эмне себептен маанилүү? (1-бөлүк). Окуган жакшыбы же көргөн жакшыбы?

Көптөгөн балдар видео көргөндү жакшы көрүшөт. Ата-энелер балдарын көбүрөөк окуганга кантип үндөй алышат?

Китеп окуу балдар үчүн эмне себептен маанилүү? (2-бөлүк). Электрондук каражаттан окуган жакшыбы же кагаз бетиненби?

Электрондук каражаттан окуган жакшыбы же кагаз бетиненби? Экөөнүн тең жакшы жактары бар.

Үрөйдү учурган жаңылыктар. Балаңарды кантип коргой аласыңар?

Жаман жаңылыктардан улам балдарынын көңүлү чөкпөшү үчүн, ата-энелер эмне кыла алышат?

Балаңар өлүм жөнүндө сураса...

Балдардын суроолоруна жооп берүүгө жана аларга күйүттү көтөрүүгө жардам берген төрт кеңеш.

Зериккен балаңарды кантип алаксытсаңар болот?

Балаңар үйдө отургандан тажап, зеригип жатса, бул кеңештерди колдонуп көрсөңөр болот.

Баланын чыгармачылыгын өркүндөткөн оюндардын пайдасы

Жөн эле карап отурган оюндарга же ийримдерге катышканга караганда, чыгармачылыкты өркүндөткөн оюндардын артыкчылыгы көбүрөөк.

Эмгекке үйрөтүүнүн маанилүүлүгү

Ата-энелер, балаңарга үй жумуштарын тапшырасыңарбы же аларды кичинекей деп аяйсыңарбы? Эгер аясаңар, балдарды эмгекке үйрөтүүнүн кандай пайдасы бар экенин окуп көргүлө.

Балаңар ийгиликке жетпей калганда, ага кантип жардам берсеңер болот?

Жашоодо дайыма эле ийгиликке жете бербейбиз. Ийгиликке жетпей калуу көңүл кайттыкка учуратса да, балаңарды ага карата туура көз карашта болуп, көйгөйдү чече билгенге үйрөткүлө.

Балаңарга мектептеги бааларын жакшыртканга кантип жардам бере аласыңар?

Канткенде ата-энелер баласынын жаман окуп жатканын аныктап, жакшы окуганга түрткү бере аларын окуп көргүлө.

Балам бейбаш балдардан запкы көрүп жатса, эмне кылсам болот?

Бейбаш балдар запкы көрсөтүп жатса, эмне кылса болоруна байланыштуу төрт кеңешти окуп көргүлө.

Баланы кантип мактоо керек?

Балдарга жакшы таасир эткен мактоонун түрү.

Ажырашуу балдарга кандай таасир этет?

Айрымдар ажырашып кеткени балдарына эле жакшы болот деп ойлошот. Бирок изилдөөлөр чынында андай болбой турганын тастыктады.

Жыныстык жетилүү учурунда жардам

Ыйык Китепке негизделген беш кеңеш.

Балдарга жыныстык мамиле тууралуу түшүнүк берүү

Балдар жыныстык мамиле тууралуу терс маалыматтын таасирине барган сайын эрте курагында дуушар болууда. Аларды кантип коргосо болот?

Балдар менен ичимдик жөнүндө сүйлөшүү

Ата-энелер бул жөнүндө балдары менен качан жана кантип сүйлөшүшү керек?

Балаңардын чыдамы жок болсо...

Баланын ою менен боло берген ата-энелер, чынында, аларды абдан маанилүү нерседен кур калтырууда.

Балаңарга момун болууну үйрөткүлө

Балдарды өзүн-өзү сыйлоо сезимине доо кетирбей момундукка үйрөткүлө.

Балдарыңарга рахмат айтканды үйрөткүлө

Атүгүл кичинекей балдар да, кимдир бирөө жакшылык кылганда, рахмат деп айтканды үйрөнө алышат.

Балдарды баш ийүүгө үйрөтүү

Балаңарды баш ийдире албай эсиңер оогон учурлар болду беле? Балдарды баш ийүүгө үйрөтүүгө жардам берген беш кеңеш.

Жок деп кантип айтса болот?

Балаңар жок деген сөзүңөргө канчалык карманарыңарды текшерип, чыргоолоп ыйласа же жалдыраса эмне кылышыңар керек?

Балаңар чыр салчу болгондо...

Балаңар чыр салганда, эмне кылсаңар болот? Бул көйгөйдү чечкенге Ыйык Китептеги принциптер жардам берет.

Балаңар калп айтса...

Балаңар калп айтса эмне кылыш керек? Бул макалада балаңарды чынчылдыкка үйрөтүүгө жардам берген Ыйык Китепке негизделген кеңештер жазылган.

Өспүрүмдөрдү тарбиялоо

Өспүрүм балаңар менен кантип пикирлеше аласыңар?

Өспүрүм балаңар менен сүйлөшүп жатканда ачууланып кетесиңерби? Алар менен пикирлешүү эмне үчүн кыйынга турат?

Өспүрүм кызыңар стресс болуп жатса...

Жашоосунда көп нерселер өзгөрө баштагандыктан өспүрүм кыздардын көбү бушайман болуп, аябай тынчсызданышат. Ата-энелер аларга стресс менен күрөшкөнгө кантип жардам бере алышат?

Балаңар өмүрүн кыйгысы келсе...

Баласы суицид жөнүндө ойлонуп жүргөн ата-энелер эмне кылса болот?

Өспүрүм балаңар ишеничтен чыгып калганда...

Балам мага каршы чыгып жатат деп шашылыш жыйынтык чыгарбагыла. Ал кайрадан ишеничиңерге кире алат.

Балаңарга канткенде жетекчилик бере аласыңар?

Эмне үчүн балдар оңой эле ата-энесинен алыстап, курбу-курдаштарына ынак болуп кетишет?

Өспүрүм баланы кантип тарбияласа болот?

Тарбиялоо үйрөтүү дегенди билдирет. Ыйык Китептеги кеңештер өспүрүм балаңарды эрежелериңерге баш ийгенге үйрөткөнгө жардам берет.

Талаптарыңар кандай болушу керек?

Балаңар койгон эрежелериңерди жактырбай, баш ийбей жатса, эмне кылсаңар болот?

Балага Интернетти туура колдонууну үйрөтүү

Эрежелерди эле беките бербестен, өспүрүм балаңардын өзү туура чечим чыгарышына кантип жардам бере аласыңар?

Балаңарга соцтармактарды туура колдонгонду үйрөткүлө

Балаңарга соцтармактардын тузактарына түшпөгөнгө жардам бергиле.

Секстинг тууралуу балаңар менен кантип сүйлөшсөңөр болот?

Өспүрүм балаңардын ага кабыларын күтүп отура бербегиле. Аны менен секстингдин кесепети жөнүндө сүйлөшкүлө.

Өспүрүм кызыңар өзүнө зыян келтирип жүрсө...

Айрым өспүрүмдөр өздөрүнө атайлап зыян келтиришет. Алар эмне себептен ошентишет? Балаңарга кантип жардам берсеңер болот?

Жаштар

Кысымга кантип туруштук бере аласың?

Теңтуштардын кысымы жакшы адамды жаман жолго түртөт. Бул жөнүндө эмнелерди билишиң керек жана ага кантип туруштук бере аласың?

Кеңешти кабыл ала билүү

Катуу тийген кеңеш же сын пикир пайдалуу болушу мүмкүнбү?

SMS жазышуу адебин билесиңерби?

SMSти окуш үчүн маекти токтотуп коюу адепсиздикке жатабы? Же маекти бузбаш үчүн SMSти окубай коюу адепсиздикке жатабы?

Азгырыкка туруштук бергиле

Эркектер да, аялдар да азгырыкка туруштук бере алышат. Бул макаладагы 6 кеңеш азгырыкка туруштук берүүгө болгон чечкиндүүлүгүңдү арттырууга жана тоодой кыйынчылыктардан качууга жардам берет.

Ачууну кантип тыйса болот?

Ачууну кантип тыйса болоруна байланыштуу Ыйык Китепке негизделген 5 кеңеш.

Жанга баткан жалгыздык

Көпкө созулган жалгызсыроо сезими күнүнө 15 тамеки чеккенге барабар. Өзүңөрдү элден бөлүнүп калгандай, жалгыз сезгенде эмне кылсаңар болот?

Мамилеңер үзүлгөндө

Мамилеңер үзүлгөндө жараланган сезимдерди айыктырууга эмне жардам берет?

Үйгө кайтып барышың керек болгондо...

Өз алдынча жашайм деп кетип, кыйынчылыкка туш болгон болсоң, кайра бутуңа турууга жардам берген кеңештерди окуп көр.

Чыныгы достук мамиле канткенде өрчүйт?

Достукту бекемдей турган төрт кеңеш.

Өзгөрүлгөн жагдайга ылайыкташуу

Жагдай дайыма өзгөрүп турат. Жаңы жагдайларга ылайыкташууга эмне жардам берерин окуп көргүлө.

Атаңан же энеңен айрылганда...

Атасынан же энесинен айрылуу баланын жан дүйнөсүн талкалайт. Балдарга күйүттү көтөргөнгө эмне жардам берет?

Өмүрдү тобокелге салуунун зарылдыгы барбы?

Көптөгөн жаштар күчү эмнеге жетерин сынаш үчүн көңүл ачуунун өмүргө коркунуч туудурган түрлөрүнө тартылышат. Сен да ушундай кылгың келди беле?