Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

JW.ORG САЙТЫ

Башка тилдеги материалдарды издөө

Башка тилдеги материалдарды издөө

Эгер кайсы бир тилди үйрөнүп жатсаңар же бөтөн тилде сүйлөгөн кимдир бирөө менен jw.org сайтындагы маалыматты бөлүшкүңөр келсе, ошол тилдеги материалдарды табыш үчүн төмөндөгү үч ыкманын бирин колдонуп көргүлө.

 Сайттын тилин өзгөртүү

jw.org сайтындагы тилдердин тизмесин көрүү үчүн сайттын тили көрсөтүлгөн баскычты басыңыз.

Тизмедеги ар бир тилдин сол тарабында төмөндөгүдөй белгилер бар:

  • Сайт бул тилге толугу менен же жарым-жартылай которулган. Сайттын тилин өзгөртүү үчүн ал тилдин аталышын басыңыз.

  • Сайт бул тилге азырынча которула элек. Бирок бул тилге которулган адабияттарды жүктөп алууга болот. Адабияттарды көрүү үчүн тизмеден ошол тилдин аталышын басыңыз.

  • Бул жаңдоо тили.

    Эгер jw.org сайты сиз тандаган жаңдоо тилине жарым-жартылай которулган болсо, ошол тилдин аталышын бассаңыз, сайттын тили өзгөрөт.

    Ал эми jw.org сайты сиз тандаган жаңдоо тилине которула элек болсо, анда сайттын тили өзгөрбөйт, ошол тилдеги адабияттар гана көрсөтүлөт.

Тизмеде жүздөгөн тилдер бар болгондуктан, керектүү тилди оңой табуу үчүн төмөндөгү ыкмалардын бирин колдонуп көрүңүз:

  • Керектүү тилди тандаңыз. Тизменин баш жагында акыркы жолу сиз тандаган төрт тил көрсөтүлөт.

  • Тилдин аталышын жазыңыз. Сизге керектүү тилдин аталышынын бир нече тамгасын өзүңүздүн эне тилиңизде же ошол тилде жазыңыз. Мисалы, сайт кыргыз тилинде болсо, бирок аны англис тилине өзгөрткүңүз келип жатса, «англис» же «English» деп жазыңыз. Тамгалар терилген сайын, тизмедеги тилдер азайып, аталышында ошол тамгалар камтылган гана тилдер көрсөтүлөт.

 Веб-барагын башка тилде көрүү

1-ыкма: «Тилди тандоо» деген функциясы бар веб-барагынан ушул ыкманы колдонуңуз.

Сайттан кимдир бирөөгө окуп бергиңиз келген же аны менен бөлүшкүңүз келген макаланы табыңыз. Анан макаланы ошол тилде көрүү үчүн «Тилди тандоо» деген тизмеден керектүү тилди тандаңыз. (Эгер «Тилди тандоо» деген жерде сиз тандаган тил жок болсо, бул ошол макаланын азырынча ал тилге которула элек экенин билдирет.)

Жардам: Эгер «Тилди тандоо» деген тизмедеги кайсы бир тилдин сол тарабында кулакчындын (наушник) сүрөтү турса, бул ошол тилдеги материалдардын аудиожаздыруусу бар экенин билдирет.

Эгер кайсы бир макаланы көрүш үчүн «Тилди тандоо» деген тизмеден ошол макаланын тилин тандасаңыз, макала гана ошол тилде көрсөтүлүп, сайт баштапкы тилде эле кала берет.

2-ыкма: Эгер сиз окуп жаткан макала камтылган веб-барагында «Тилди тандоо» деген функция жок болсо, сайттын тилин керектүү тилге өзгөртүү үчүн сайттын тили көрсөтүлгөн баскычты басыңыз. Эгер сиз тандаган тилде ошол макала бар болсо, ал көрсөтүлөт. Ал эми жок болсо, тандалган тилдеги сайттын башкы бети көрсөтүлөт.

 Башка тилдеги адабияттарды издөө

АДАБИЯТТАР > АДАБИЯТТАР ТОПТОМУ деген бөлүктү ачыңыз. Анан «Тандоо» деген жерден керектүү тилди тандап, «Издөө» дегенди басыңыз.

Керектүү тилди тезирээк табуу үчүн төмөндөгү ыкмалардын бирин колдонуп көрүңүз:

  • Керектүү тилди тандаңыз. Тизменин баш жагында акыркы жолу сиз тандаган төрт тил көрсөтүлөт.

  • Тилдин аталышын жазыңыз. Сизге керектүү тилдин аталышынын бир нече тамгасын өзүңүздүн эне тилиңизде же ошол тилде жазыңыз. Мисалы, сайт кыргыз тилинде болсо, бирок аны англис тилине өзгөрткүңүз келип жатса, «англис» же «English» деп жазыңыз. Тамгалар терилген сайын, тизмедеги тилдер азайып, аталышында ошол тамгалар камтылган гана тилдер көрсөтүлөт.

Эгер сиз тандаган тилде адабияттар көп болсо, АДАБИЯТТАР ТОПТОМУ деген жерде саналуу эле адабияттар көрсөтүлөт. Сиз тандаган тилде дагы башка адабияттарды көрүү үчүн адабияттардын белгилүү бир түрү көрсөтүлгөн бөлүкчөнү ачыңыз. (Мисалы, КИТЕПТЕР ЖАНА КИТЕПЧЕЛЕР ЖЕ ЖУРНАЛДАР.) Ал жерден сизге керектүү тилдеги адабияттарды көрө аласыз.

Эгер ал бөлүкчөдө сиз тандаган тилдеги адабияттар жок болсо, анда ошол тилдеги адабияттарды камтыган башка бөлүкчө ачылат.