JW.ORG ВЕБ-САЙТЫ
Макалалардын, тасмалардын, адабияттардын шилтемесин жөнөтүү
jw.org сайтындагы макаланын, тасманын же адабияттын шилтемесин жөнөтүү үчүн «Жөнөтүү» функциясын колдонгула.
Макалалардын, тасмалардын ылдый жагындагы «Жөнөтүү» деген баскычты басып, веб-барагынын шилтемесин жөнөткүлө.
Кайсы бир адабияттын шилтемесин жөнөтүш үчүн жүктөп алуу форматтары турган жердеги «Жөнөтүү» дегенди баскыла.
«Жөнөтүү» терезеси төмөнкү эки нерсени сунуш кылат:
Силер жөнөтүп жаткан беттин шилтемеси камтылган талаача ачылат. Ошол шилтемени көчүрүп, аны электрондук почтага же кат жаза турган жерге койгула.
«Электрондук почта аркылуу жөнөтүү». Ушуну бассаңар, тема жазыла турган жерге макаланын же адабияттын темасы жазылып, ылдый жагына ошол макаланын же адабияттын шилтемеси пайда болот. (Көңүл бургула: электрондук кат жөнөтүү үчүн кайсы программаны колдоноруңарды өзүңөр тандайсыңар.)