Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Жахабаны шаттана ырдап даңктайлы»

«Жахабаны шаттана ырдап даңктайлы»

JW.ORG ВЕБ-САЙТЫ

«Жахабаны шаттана ырдап даңктайлы» китебин кантип колдонсо болот?

Ыр китептеги ырлардын сөздөрүн ачып, обондорун угуңуз.

 Ыр китепти жүктөп алуу

 Ырлардын аудиосун ойнотуу же жүктөп алуу

 Ырларды издөө, ойнотуу, ачуу

 Сөздөрүн ачуу

 Ыр китепти жүктөп алуу

Жолу: АДАБИЯТТАР > МУЗЫКА.

Адабиятты жүктөп алуу функциясы сунуш кылынган Барак дегенди бассаңар, Жүктөп алуу деген терезе чыгат.

Жүктөп алуу деген терезенин ичинде «Жахабаны шаттана ырдап даңктайлы» деген ыр китептин кайсы санарип форматтары бар болсо, ошолордун тизмеси чыгат.

Жүктөп алгыңыз келген форматтын жанындагы ыр китептин аталышын басыңыз. Мисалы, PDF форматын жүктөп алыш үчүн PDF дегенди басыңыз.

Тандаган файлыңызды жүктөп алуу үчүн жүктөп алуу деген баскычты басыңыз. Анын көлөмү канча экени көрсөтүлөт.

 Ырлардын аудиосун ойнотуу же жүктөп алуу

Ыр китептеги обондордун альбому эне тилиңизде бар болсо, аны АДАБИЯТТАР > МУЗЫКА деген беттен, ыр китеп турган жерден көрө аласыз.

Жүктөп алуу функциясы сунуш кылынган Аудио дегенди бассаңар, Ойнотуу/Жүктөп алуу деген терезе чыгат.

Ойнотуу/Жүктөп алуу деген терезеден бир же бир нече ырды ойнотууга болот.

Ырларды башынан баштап угуу үчүн Аудиопанель деген жерден Ойнотуу дегенди басыңыз.

Кайсы бир ырды угуш үчүн аталышынын жанындагы Ойнотуу дегенди басыңыз.

Бир ыр бүтөйүн деп калганда, экинчиси башталып, уланып кетет.

Ойнотуу/Жүктөп алуу деген терезеден бир ырды же ырлардын баарын жүктөп алсаңыз болот.

Ырлардын бардык аудиосун жүктөп алуу үчүн ZIP деген баскычты басыңыз. Ырлардын аудиосунун көлөмү канча экенин ошол жерден көрө аласыз.

Кайсы бир ырдын аудиосун жүктөп алуу үчүн ошол ырдын жанындагы MP3 дегенди басыңыз. Анын көлөмү канча экенин ошол жерден көрө аласыз.

Ырларды издөө, ойнотуу, ачуу

 Жолу: АДАБИЯТТАР > МУЗЫКА.

«Жахабаны шаттана ырдап даңктайлы» деген бетке барыш үчүн ыр китептин өзүн же обондордун альбомун басыңыз.

Бул беттен каалаган ырыңыздын обонун уксаңыз же сөздөрүн ачып окусаңыз болот.

Альбомдогу бардык ырларды ойнотуу үчүн Үзбөй ойнотуу дегенди басыңыз. Бардык ырлар бүткөндөн кийин өзү эле токтоп калат.

Ырларды ирети менен уккуңуз келбесе, Аралаш дегенди басыңыз. Бардык ырлар бүткөндөн кийин өзү эле токтоп калат.

Аудиопанель деген жерден ырларды ойнотууну төмөнкүчө жөндөсөңүз болот:

«Жахабаны шаттана ырдап даңктайлы» деген ыр китептеги обондорду башынан баштап угуу үчүн Ойнотуу дегенди басыңыз. Кайсы бир ырдын обонун угуу үчүн ырдын аталышынын оң жагындагы Ойнотуу дегенди басыңыз.

Токтотуу үчүн Токтотуу дегенди басыңыз. Улантуу үчүн кайрадан Ойнотуу дегенди басыңыз.

Артка же алдыга секиртип, каалаган жериңизден уксаңыз болот.

Үзбөй ойнотуу же Аралаш деген жерден Артка секиртүү дегенди басып, мурунку ырга барсаңыз болот.

Үзбөй ойнотуу же Аралаш деген жерден Алдыга секиртүү дегенди басып, кийинки ырга барсаңыз болот.

Үнүн басуу үчүн үн күчөткүчтүн сүрөтү турган баскычты басыңыз. Ыр улана берет, бирок үнү чыкпайт.

Үнүн чыгаруу үчүн үн күчөткүчтүн сүрөтү турган баскычты кайра басыңыз.

Экранды ылдый жылдырсаңыз, Аудиопанель экрандын жогору жагында кала берет. Бул сизге ошол бетте туруп эле, ырды токтотууга же улантууга мүмкүндүк берет.

«Жахабаны шаттана ырдап даңктайлы» деген ыр китептеги ырларды эки жол менен көрүүгө болот: Төрт чарчы жана Тизмеси.

Тизмеси дегенди бассаңыз, ырлардын номурлары, аталыштары тизмеленип калат. Бул автоматтык түрдө болот.

Тизмеден ырдын аталышынын жанындагы Ойнотуу дегенди басып, обонун уксаңыз болот. Ырдын аталышын басып, сөздөрүн окусаңыз болот.

Төрт чарчы дегенди бассаңыз, ырлардын номурлары төрт чарчы болуп, ирети менен тизилип калат. Ырдын сөзүн ачыш үчүн номурду басыңыз.

Сөздөрүн ачуу

Эгер ырдын сөздөрү онлайн түрүндө бар болсо, ырдын номурун же аталышын басып, сөздөрүн ачыңыз.

 Аудиопанелдеги түрүлүп-жазыла турган Издөө деген баскычты колдонуп, каалаган ырыңызды тапсаңыз болот.

Түрүлүп-жазыла турган баскычты басып, ырлардын номурларын жана аталыштарын көрсөңүз болот.

Ырдын номурун же аталышындагы бир же бир нече сөздү жазыңыз.

Тизмеден ырды тандасаңыз, сөздөрү ачылат.

Ырларды каалагандай ачып алсаңыз болот:

Сөзүн гана ачуу. Бул автоматтык түрдө болот. Бул жерден берилген аяттарды ачып окусаңыз болот. Ырдын обону башталганда, кайсы жерге келсе, ошол жердеги сөздөр белгиленип турат.

Нотасы менен ачуу. Муну бассаңыз, ырдын сөздөрү нотасы менен ачылат. Аны ачуу үчүн Сүрөт тартылган баскычты басыңыз. Кичирейтүү жана Чоңойтуу дегенди басып, чоңойтуп, кичирейтсеңиз болот. Экраны сезгич каражаттардан манжа менен кичирейтип, чоңойтсо болот.