Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

JW.ORG ВЕБ-САЙТЫ

Ыйык Китептин изилдөө жүргүзүүгө арналган чыгарылышын колдонуу

Ыйык Китептин изилдөө жүргүзүүгө арналган чыгарылышын колдонуу

Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» (изилдөөгө арналган чыгарылышы) терең изилдөө жүргүзүүгө жардам берген өзгөчөлүктөрдү, анын ичинде төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Ыйык Китептеги ар бир китептин кириш сөзү, анын ичинде тасма түрүндөгү кириш сөзү

  • Ар бир китепке кыскача маалымат, ар бир китептин мазмуну

  • Аятка байланыштуу кошумча маалыматтар

  • Сөздөрдүн же сөз айкаштарынын шилтемелери

  • Байланышы бар аяттар

  • Сүрөттөр менен тасмалар

  • Карталарды, таблицаларды жана башка изилдөө жүргүзүүгө арналган материалдарды камтыган тиркемелер

  • Ар бир бөлүмдүн аудиожаздыруусу

  • Аяттын Ыйык Китептин башка котормолорунда берилиши

Англис тилиндеги Матай китебинин изилдөөгө арналган чыгарылышы 2015-жылдын октябрында чыккан. Ар бир китептин изилдөө жүргүзүүгө көмөк кылган материалдары даяр болгондо, ал китептер улам кошулуп турат.

Ыйык Китептин изилдөөгө арналган чыгарылышынын өзгөчөлүктөрүн жакшы колдонууга төмөнкү кеңештер жардам берет:

 Китепти жана бөлүмдү табуу

Сайттагы АДАБИЯТТАР > ЫЙЫК КИТЕП деген жерден Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» (изилдөөгө арналган чыгарылышы) мукабасын же аталышын басыңыз.

  • Ыйык Китептеги сөздөрдүн түшүндүрмөсү камтылган сөздүк

  • «Ыйык Китептин мазмунунда» Ыйык Китептин жаңы өзгөчөлүктөрдү камтыган китептери бар болсо, көк түс менен белгиленген болот. Бул бетте кошумча материал, анын ичинде сөздүк, бир нече тиркеме жана сүрөттөр менен тасмалар деген бөлүктөр да көрсөтүлөт.

  • Китептерди таблица түрүндө жайгаштыруу үчүн оң жактагы таблица түрүндө көрсөтө турган баскычты басыңыз. Ачылган бет китептер дайыма таблица түрүндө көрсөтүлгүдөй болуп жөндөлгөн.

  • Китептерди тизме түрүндө жайгаштыруу үчүн оң жактагы тизме түрүндө көрсөтө турган баскычты басыңыз. Ошондо Еврей Жазмалары бир катарга, Грек Жазмалары бир катарга тизилип калат.

Сөздүк, тиркемелер жана медиа (сүрөттөр жана видеолор) сыяктуу кошумча материалдарга да шилтемелер бар.

Ыйык Китептеги кайсы бир китепти жана бөлүмдү ачыш үчүн төмөнкү ыкмаларды колдонуп көрүңүз.

1-ыкма. Мазмундан Ыйык Китептеги кайсы бир китепти тандаңыз. Аны бассаңыз, бөлүмдөрдүн тизмеси, китеп тууралуу кыскача маалымат жана бул кошумча функциялардын баскычтары чыгат (изилдөө маалыматы сиз тандаган китепке жараша ар кандай болушу мүмкүн).

  • Китептин кириш сөзү, анын ичинде (эгер бар болсо) тасма түрүндөгү кириш сөзү.

  • Китеп тууралуу кыскача маалымат.

  • Ыйык Китептин кайсы бир китебине тиешелүү медиагалерея. Өз ичине сүрөттөрдү, видеолорду камтыйт.

Изилдегиңиз келген бөлүмдү тандаңыз.

2-ыкма. Ыйык Китептин кайсы бир китебин жан бөлүмүн басыш үчүн беттин жогору жагындагы өйдө-ылдый жүгүрүп турган тизмени басыңыз.

 Бөлүмгө тиешелүү маалыматты ачканга өбөлгө түзгөн баскычты колдонуңуз

Бөлүмдөгү аяттар көрсөтүлгөн тилке экрандын сол жагына, изилдөө материалдары жайгашкан тилке оң жагына чыгат. Экраны кичинекей электрондук каражаттарда изилдөө материалдары жайгашкан тилке көрүнбөйт, бирок аяттын номурун, шилтеменин белгисин, байланышы бар аяттардын тамгасын же жебечени басса, ал тилке экранга чыгат.

  • Бөлүмдү же аятты бассаңыз, изилдөө материалдары жайгашкан тилкеге аят менен байланышы бар материалдар чыгат.

  • Шилтеменин белгисин бассаңыз, сөздүн же сөз айкашынын түшүндүрмөсүн көрө аласыз.

  • Аяттардагы сөздөрдүн жанындагы тамгаларды бассаңыз, изилдөө материалдары жайгашкан тилкеге сөзгө байланышы бар аяттардын аталышы жана аяттардын тексти чыгат.

  • Тандаган бөлүмүңүздүн аудиожаздыруусун кайсы бир аяттан баштап угуу үчүн ошол аятты белгилеп, «Ойнотуу» дегенди басыңыз.

  • Бөлүмдүн аудиожаздыруусун башынан баштап угуу үчүн беттин башындагы «Ойнотуу» деген баскычты басыңыз.

  • Аудиожаздырууну токтотуу үчүн «Токтотуу» деген баскычты басыңыз.

  • Изилдөө материалдары жайгашкан тилкенин жогору жагындагы «Берметтер» деген баскычты бассаңыз, изилдөө материалдары, шилтемелер, байланышы бар аяттар, сиз тандаган бөлүмгө тиешелүү сүрөттөр, тасмалар чыгат (Жөндөлбөсө, бөлүмдү ачканда «Берметтер» дароо эле ушундай көрсөтүлөт).

  • Изилдөө тилкесинен Башка котормолор дегенди басыңыз. Ошондо тандаган аяттын башка котормолору чыгат.

  • Изилдөө тилкесинен Байланышы бар аяттарды көрсөткөн баскычты бассаңыз, сиз тандаган бөлүмгө тиешелүү байланышы бар аяттардын баары тизме түрүндө көрсөтүлөт.

«Берметтер» деген баскыч

«Берметтер» деген баскыч Ыйык Китептеги китепке берилген кыскача маалымат менен башталат. Ал өз ичине ачылып турган бөлүмдү камтыйт.

Төмөндөгү кыскача маалымат кайсы бир бөлүмдөгү ар бир аят үчүн пайда болушу мүмкүн:

  • Изилдөө тилкеси. Аятка тиешелүү материал.

    Макала өзүнчө кутуча болуп ачылышы үчүн, булак катары берилген Сөздүк же Тиркеме сыяктуу материалды басыңыз.

  • Медиа. Аятка тиешелүү сүрөттөр же видеолор. Медиагалереяны ачыш үчүн сүрөттү же анын түшүндүрмөсүн басыңыз.

  • Шилтемелер. Аяттагы сөздөрдүн же сөз айкаштарына берилген кошумча түшүндүрмө.

  • Байланышы бар аяттар. Аяттагы сөздөргө же сөз айкаштарына берилет. Байланышы бар аяттарды көрүш үчүн кошуу (+) белгисин басыңыз. Аяттарды жашырыш үчүн алуу (-) белгисин басыңыз.

Окуу тилкесинен аяттын номурун, шилтеменин белгисин же байланышы бар аяттын белгисин басыңыз. Ошондо Изилдөө тилкесине изилдөө үчүн маалымат чыгат.

Башка котормолор

«Башка котормолор» деген баскыч тандалган аяттын башка котормолордо кантип берилгенин көрсөтөт. Окуу тилкесиндеги ар кайсы аятты тандап, анын башка котормолордо кантип берилгенин биле аласыз.

Байланышы бар аяттар

Байланышы бар аяттар жайгашкан тилкеде сиз окуп жаткан бөлүмгө тиешелүү байланышы бар аяттардын баары көрсөтүлөт. Алар төмөнкүдөй үч категорияга бөлүнгөн:

  1. Ыйык Китептеги кайсы бир окуяга окшош болгон башка китептеги же бөлүмдөгү окуя жазылат.

  2.  

  3. Мындай аяттар кайсы бир кишиге же жерге тиешелүү болушу мүмкүн. Же окшош сөз айкаштары колдонулушу, пайгамбарлыктын аткарылышы же тиешеси бар принцип жазылган жер болушу ыктымал.

Кандай болбосун, кошуу (+) белгисин бассаңыз, аятка байланышы бар аяттардын баары ачылат жана аяттын тексти көрүнөт. Эгер алуу (-) белгисин бассаңыз, байланышы бар аяттар жана аяттын тексти түрүлүп, көрүнбөй калат.

Кайсы бир категориядагы байланышы бар аяттардын баарын белгилеш үчүн Окуу тилкесинен Баарын белгилөө дегенди бассаңыз. Бул, айрыкча, Грек Жазмаларын жазган киши Еврей Жазмаларынын кайсы жеринен үзүндү келтиргенин билгиңиз келген учурларда абдан пайдалуу.

 Ыйык Китептин кайсы бир китебине тиешелүү сүрөттөрдү жана видеолорду көрүү

Медиагалереяда Ыйык Китептеги ар бир китепке тиешелүү сүрөттөр жана тасмалар камтылат. Алар китепте кайсынысы кайсынысынан кийин айтылганына жараша жайгаштырылган.

Медиагалереяны колдонуу үчүн төмөнкүлөрдүн бирин кылыңыз:

  • Изилдөө материалдары жайгашкан тилкеден сүрөттү басыңыз.

  • «Ыйык Китептин мазмуну» көрсөтүлгөн беттен же ошол беттин жогору жагындагы «Тандоо» деген тилкенин ичинен «Медиагалерея» дегенди басыңыз. Анан сүрөттү же Ыйык Китептеги китептин аты жазылган аталышты басыңыз.

Медиагалерея үч бөлүктөн турат:

  1. Кийинки же мурунку тасма/сүрөттү көрүү үчүн оң жебени же сол жебени басыңыз.

  2.  

    Экраны кичинекей электрондук каражаттардан сүрөттүн түшүндүрмөсүн көрүү үчүн экрандын ылдый жагындагы чарчы баскычты басыңыз.

  3. Көбүрөөк сүрөттөрдү көрүү үчүн сол жебени же оң жебени басыңыз. Тасманы же сүрөттү бассаңыз, экрандан көрсөтүлөт.

Сүрөттү ачкандан кийин аны кичирейтип көрүү үчүн кемитүү белгисин (-), чоңойтуп көрүү үчүн кошуу белгисин (+) басыңыз. Экраны сезгич электрондук каражаттарда манжа менен кичирейтип-чоңойтсо болот.

Эгер видеону тандасаңыз, көрүүгө, токтотууга же толук экранга чыгарууга мүмкүндүк берген функцияларын колдонуңуз.

 Китеп тууралуу кыскача маалыматты, сөздүктү же тиркемени колдонуу

Аларды ачуунун эки жолу бар:

  • Изилдөө материалдары жайгашкан тилкенин жогору жагындагы биринчи баскычты басуу.

  • «Ыйык Китептин мазмуну» жайгашкан беттен же ошол беттин жогору жагындагы тилкенин ичиндеги тизмеден керектүүсүн тандоо.

Айрым тиркемелердин материалды эки башкача ачып берген функциясы бар: текст менен сүрөттөрү чогуу (кагаз түрүндө басылып чыккан «Жаңы дүйнө котормосунда» жайгашкандай) көрсөтүлөт же тексти өзүнчө, сүрөттөрү өзүнчө көрсөтүлөт.

  • Макаланы сүрөт түрүндө көрүү. Ан үчүн сүрөттү басып, Сүрөт түрүндө көрүү дегенди ачыңыз.

  • Текстин өзүнчө, сүрөттөрүн өзүнчө көрүү. Бул шилтеме кылынган аяттарды, башка шилтемелерди ачууга жана изилдөө материалдары жайгашкан тилкеден аларга байланыштуу кошумча маалыматты көрүүгө шарт түзөт.